Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Кыргыз-жапон мамилесиндеги өксүктөр


Президент Алмазбек Атамбаев жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэ менен жолугушууда. Токио, 27-февраль, 2013.
Президент Алмазбек Атамбаев жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэ менен жолугушууда. Токио, 27-февраль, 2013.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Жапонияда жүрөт. Бул сапар эки өлкөнүн алака-катышына кандай пайда алып келет жана кыргыз-жапон мамилелеринин өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Бул теманы “Азаттык” "Арай көз чарай" талкуулады. Талкууга Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин директору Авасбек Атаханов, белгилүү дипломат,окумуштуу жана коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков жана Жапониядагы Васеда университетинин докторанты Сейтек Качкынбаев катышты.

Белгилеп койчу маалымат: Жапония менен Кыргызстан ортосундагы дипломатиялык кызматташтык жөнүндөгү келишим 1992-жылы 26-январда түзүлгөн. Бул аралыкта эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматтыштыктын өлчөмү 800 миллион долларга жеткен.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз




“Азаттык”: Авазбек мырза, айтсаңыз Кыргызстандын Жапонияга мамлекет башчысы деңгээлиндеги сапары 6-7 жылдан кийин жаңыланып отурат жаңылбасам. Президент Атамбаевдин бул жолку сапарынан кандай тыянактарды күтсө болот. Күн тартибинин өзөгүн кандай маселелер түзүп атат?

Авазбек Атаханов: Биринчиден, өзүңүз туура айтып атасыз, 6-7 жылда ушундай жогорку деңгээлде биринчи расмий түрдө сапар жасалып жатат. Бул сапардын чегинде бир топ министрликтердин жана бир топ тармактардын ортосундагы кызматташтыктар талкууланып жана тиешелүү келишимдерге кол коюлат. Ушулардан эң негизги саясий жана маанилүү келишим – кошумча билдирүү. Ага биз тараптан президент, Жапон тараптан примьер-министр кол коюшат. Ушул билдирүүдө эки мамлекет ортосундагы байланыштарга, кызматташтыктарга баа берилет жана келечектеги негизги приоритеттер, келечек кызматташтык принциптери аныкталат.

Кызматташтыкты биз бир эле экономикалык параметрлер менен чектей албайбыз, эки тараптуу кызматташтык ар кыл деңгээлдерде, тармактарда көп тармактуу комплекстүү кызматташтык десек болот. Себеби экономикадан тышкары, мисалы инвестициялык жана гранттык жардамдык чоң кызматташтык жүрүп жатат. Мына бир эле мисалды айтсам, соода-экономикалык байланыш 2012-жылы, бул өтө чоң, жакшы көрсөткүч, 215 миллион долларга жетти. Албетте, биздин экспорттук потенциалыбыз, жапондук импорттук потенциалына караганда бир топ төмөн болуп жатат, болгону 500 миң доллардын тегерегинде, бирок ошого карабастан, абдан чоң жылыш бар деп ойлойбуз, себеби бул былтыркы, мурдагы 2011-жылдагы маалыматтарга салыштырсак өнүгүү өтө чоң.

“Азаттык”: Сейтек мырза, бир топ жылдан бери сиз ошол жерде билим алып жатасыз. Негизи сиздин көз карашта кыргыз-жапон алакаларында кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, динамикасы кандай?

Сейтек Качкынбаев: Негизинен динамикасы аябай эле акырын болуп келди эле, бирок 4-5 жылдан бери жалпысынан менчик сектордогу алакалар кыйла өзгөрүп калды, мисалы мына АКИпресске чыкты 250 млн. долларга жакын импорт болду деп, анын ичинен мына караңыз машинелердин соодасы 145 млн. долларды түзүп атат. Бул деген азыр эч кандай мамлекеттин тиешеси жок эле менчик сектор өзү менен өзү мамилесин күчөтүп атат дегенди билдирет. Андан сырткары алып караңыз тарыхта биринчи жолу, мисалы спорт алакасында жаңы федерациялар пайда болуп жатат. Беш жыл мурун биринчи жолу федерация ачтык. Мисалы, йаидону караңыз, кэндону караңыз. Тойота дагы бизге өкүлчүлүгүн ачты. Бул эң жакшы, кубанычтуу нерсе.

​Ал эми мамлекеттик деңгээлде алып карай турган болсок, эки мамлекет алакаларында мындай төрт проблема турат. Биринчиси, бул табийгый проблема туруп атат. Жапония менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы аралык, мисалы, алиге түз рейс жок, бул аябай чоң проблема. Экинчиси, бул - тобокелчилик. Өзүңөр билесиңер риск дегенден жапондор абдан коркушат. Өзгөчө бул эмнеге тиешелүү: бизде мыйзам үстөмдүгү жок, иштебейт. Кокус менчигин алдырып койсо мамлекет коргоп бере албайт. Сотко берсе сот иштебейт. Ошон үчүн тобокелчилик кылгандан коркушат. Үчүнчүдөн, мамлекетибиздин жакшы өнүкпөгөндүгү маселе туудуруп атат, мындайча айтканда “рынок сбыта” деп коёт, биздин өлкө кичинекей өлкө катары каралат, жалпы Борбор Азия регионубузга бир өлкө катары мамиле кылынат да, ошонун ичинде Кыргыз Республикасы өтө кичинекей базар.

Анан төртүнчү проблема, биздин дипломатиянын өзүнүн проблемасы. Эми мен дипломаттарга каршы таш ыргыткым келбейт, бирок мисалы Кыргызстан менен Жапониянын мамилесин оңдой турганга келгенде мамлекеттик деңгээлдеги дипломаттардын профессионалдуулугуна байланыштуу айрым проблемалар кичине өкүндүрүп келет да. Негизинен ушул төрт проблема азыр чоң тоскоол болуп келет.

“Азаттык”: Ишенбай мырза, негизи ушул кыргыз коомчулугу бул күн чыгыш өлкөсүн өтө бай, өзгөчө менталитети, маданияты бар табышмактуу өлкө деп билет да, жогоруда бул өзгөчөлүктөрүн Сейтек да санап айта кетти окшойт. Мына ушундай өлкө менен дипломатиялык алака түзүлгөнүнө 21 жыл болду деп атабыз. Бул аралыкта кызматташтык ырааттуу, динамикалуу жүрдү деп айтканга дагы болбойт го. Буга чейинки кызматташтыкта Кыргызстандын тапканы эмне болду?

Ишенбай Абдыразаков: Биз мына тышкы байланыштарды алганда эле эмне пайда таптык деп, ошондон баштайбыз. Эл аралык байланыш деген эки тараптуу болот. Эгерде биз пайда тапсак, башкалар да ошонун бир үзүрүн көргөндөй болушу керек. Эми бизде жапон өлкөсү менен болгон байланышты ала турган болсок, биз өзүбүзчө эгемендүү өлкө болуп баштаганда абдан активдүү баштаганбыз. Себеби эми кандай айтсаңар айта бергиле, бирок кемчилиги көп болгону менен ошо кездеги биринчи президентибиз Акаевдин убагында жапондор менен биздин саясий байланышыбыз, экономикалык байланышыбыз бир топ активдүү түрдө көтөрүлүп кеткен да, анын себеби ар кандай болгон.

Ошонун ичинде жапондор өздөрү мисалы, Советтер Союзу кулагандан кийин өз алдынча болуп кеткен өлкөлөргө мүмкүн болушунча бир жардам бериш керек деген бир позицияда турган да. Ошонун ичинде эми өзүбүздү мактабай эле коёлу, бирок жапондор эгемендүү болгон өлкөлөр менен байланышты өркүндөтүп жүрүп, ошонун ичинде бизге кандайдыр бир симпатиясы болгон да. Алардын себептери көп, эми аларды чечмелеп отурса көп убакыт кетет.

Ошол кезде биз мына Кыргызстанда көп объектилерди, айрыкча, инфраструктурада Ош-Бишкек темир жолун, авто жолун, “Манас” аэропортун, Оштогу аэропортту реконструкция кылаарда, андан башка да иштерде алардын салымы чоң болгон.

Ушундай жакшы эле өсүп келе жаткан болчу, кийин чынын айтканда биздин байланышыбыз бир топ солгундап кетти. Сейтек туура айтат, эми жапондор ар бир нерсеге ушундай бир так мамиле кылышат, ар бири өзүнүн өнөктөшүнө ишенсе болобу, мыйзам менен иштейби, деңгээли кандай деген маселе буларда абдан маанилүү да. Мына бул жагынан биз өзүбүздү өзүбүз сындап көрүшүбүз керек. Биз эми кичинекей өлкөбүз да, мындай чоң бир долбоорлорду түзүүгө бизде мүмкүнчүлүк жок, ошого карабастан келип жүргөн адамдарды өзүбүз мындай кичине чочутуп адык да. Ошол эле баягы корррупция, ошол эле баягы 10 %, анан эмне бересиң деп, ушундай бир эң жаман жакка өтүп кеткенбиз. Эми ал жалгыз эле бизде эмес, бирок биздеги ошол нерсе жапондордун көп ишкерлерин иренжитип койду да.

Сейтек туура айтат, эгерде мында иштесек, ошол келечеги барбы, ишенимдүү түрдө өзүмдүн кызыкчылыгымды сактай аламбы-жокпу деген бир суроо туруп жатат да. Эгерде ошого ишенбесе анда алар тартынчактап, башка жакка бет алып кетиши мүмкүн. Жакшы эле ниет менен келген адамдарды өзүбүз иренжитип, мисалы, инвестициялык климат түзө албай койдук да. Инвестициялык климат деген биринчиден мыйзам иштеши керек, чатак чыгып кетсе калыс чечүү керек. Инвесторлор, бизнесмендер деле бирдеме табайын, эмгегимди жедирбейин деп келет да. Ошолор биздикилер менен кызыкчылыктарын тең бөлүштүрүп алгыдай болгондо келе башташат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG