Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Баткенден жихадга кеткендер азая элек


Сириядагы жихадчылар. 2015-жыл.
Сириядагы жихадчылар. 2015-жыл.

Баткенде УКМК милиция менен биргеликте 16 жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүп, экстремисттик маанайдагы адабияттар менен кошо беш ок атуучу куралды тапты.

Облустан Сириядагы согуштук аракеттерге кеткендер тууралуу 2013-жылы маалым болгон. Башында сегиз киши деп айтылса, учурда алардын саны 70ке жетти. Кеткендердин он чактысы ошол жакта каза болсо, 13үнө кылмыш иши козголгон.

Чет өлкөгө жихадга аттангандардын дээрлик баары диний көз караштан улам кетип жатканы айтылып келет.

Жума башында Фергана өрөөнүндө экстремизмге жана терроризмге, мыйзамсыз миграцияга бут тосуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын күч кызматтары коңшу өлкөнүн Согди облусунда жыйын курду.

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев Борбор Азия өлкөлөрү бул багытта тыгыз кызматташуусу, биргелешип аракеттенүүсү гана натыйжа алып келерин айтты:

- Бул бир эле Кыргызстан же Тажикстан эмес, бардык өлкөлөр үчүн олуттуу маселе. Ошого баарыбыз биригип, күчтөрдү топтоп, багытыбызды билүүбүз керек. Менимче, бул жолу тажик тарап менен жолугушуудан жакшы натыйжалар болот. Маалымат алмашуу жаатында да келишебиз.

Сирияга кеткендер тууралуу маалымат ачыкка чыгары менен эле Баткен облусунун күч кызматтары, жергиликтүү бийлик жана диний кызматкерлер биргеликте коомчулук менен жыйындарды өткөрө баштаган. Анда мекендештердин четке кетип жатканын токтотуу, бул жолдогу үгүт иштерине бут тосуу маселелери талкууланып, иш - чаралар бекитилген. Бирок кеткендердин катары дагы деле суюла элек.

Жергиликтүү серепчи Хаитали Айкынов мунун себебин тийиштүү кызматтар тарабынан жасалган иштин натыйжа бербегенинен көрөт.

- Биргилешип эки же үч өлкө чогуу аракеттенсе, жакшы натыйжа берет. Эгер жөн эле отчет үчүн жолугушса анда пайда жок. Ачык иш-чараларды бекитип, ким кайсы тараптан кантип аракет көрүп жатканын белгилеп алуу керек. Бирок экстремисттик багытка азгырылып, башка өлкөгө согуштук аракеттерге кетип жаткандарын саны азайбай тескерисинче көбөйүп жатканынан улам иш жакшы жүрүп жатат деп айтуу кыйын.

Жалпысынан Сирияга согуштук аракеттерге кеткен кыргызстандыктардын 11 пайызын аялдар түзсө, 22 киши ошол жакта каза болгон. Сирияга кеткендердин жана тыюу салынган диний агымдарга азгырылгандардын басымдуу бөлүгү Кызыл-Кыя шаарынан. Болгондо да мечиттерде намазга жыгылып жүргөндөрдүн үй-бүлөлөрүнөн.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Кубатбек Осмонов жаштардын туура эмес багытка азгырылып жатышы иштин начар жүргөнүнөн эмес, диний сабатсыздык айынан экенин айтууда:

- Биз жергиликтүү, атайын кызматтар жана диний кызматкерлер менен биргелешип иш-чараларды бекиткенбиз. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Биз Сирияга барып кайра келген жарандар менен сүйлөшүп, анализ жүргүзгөнүбүздө көбү диний сабатсыздыктын айынан азгырылганын айтышты. Алар абал бул жактан элестетип баргандай эмес, такыр башкача экенин көзү менен көрүп, адашканын билип жатышат. Бул жаатта бир эле күч кызматтары иштөөгө милдеттүү дебестен, коомчулук да кайдыгер болбой, жалпы аракет кылуусу зарыл деп эсептейм.

Өлкө боюнча Сирияда согуштук аракеттерге аралашып жүргөн 200дөн ашык киши болсо, жалданып, жихадга азгыруу аракеттери боюнча 20 кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG