Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Өзү соттолгон судья өңгөлөрдү кантип соттойт?


Кыргызстанда сотторго байланышкан чыр акыркы кезде көп катталууда.
Кыргызстанда сотторго байланышкан чыр акыркы кезде көп катталууда.

Айрым бейөкмөт уюмдар Аскер сотунда мурда соттолгон судья иштеп жаткандыгын жарыялап, муну сот реформасынын чыныгы жүзү деп сынга алууда.

Коомдук иликтөөлөр институту бейөкмөт уюмунун башчысы Рита Карасартованын айтымына караганда, Сотторду тандоо кеңешинин тандоосуна ылайык аскердик соттун судьясы болуп ушул жылдын жаз айларынан бери иштеп келаткан Муратбек Асанов мурда эки жолу соттолгон.

- Бизде Муратбек Асановдун буга чейин эки жолу соттолгонун тастыктаган сот чечимдери бар. Ал биринчи жолу 1985-жылы тамеки заводунда иштеп жүргөндө бир нече таңгак тамеки уурдаган деген айып менен бир жарым жылга шарттуу түрдө кесилген. Бул деле ошол убактагы чоң жазалоо болгон. Ушул иши үчүн аны партиядан да чыгарышкан. Экинчи жолу 1992-жылы кылмышкерлерди билип туруп жашырганы үчүн бир жылга шарттуу кесилген.

Карасартова бул фактыны Сотторду тандоо кеңешинин одоно катасы деп эсептеди. Анын баамында мурда соттолгон адамдын судья болуп отурушу бүгүнкү сот тандоо кеңешинин, сот реформасынын чыныгы жүзүн көрсөтөт.

- Мыйзам боюнча соттолгон адам эч качан сот боло албайт. Жадагалса мурда соттолгон адам айыл өкмөт да боло албайт. Ал сот тандоо кеңешине келгенде соттолгондугун жашырбай айтышы керек болчу. Эгер ал ИИМден соттолгондугу тууралуу маалыматты жокко чыгарган болсо, андан сот катары адилеттүү чечим чыгарат деп күтпөй эле коюшубуз керек. Бул жакта анын соттолгондугу тууралуу маалыматтын ИИМдин базасынан кандайча түшүп калганы чоң суроо.

Сот тандоо кеңешинин мүчөсү Ирэна Степкичеванын ишендиргенине караганда, мурда соттолгон адамдын сот иши жабылган болсо анын сот болушуна мыйзам жол берет.

- Чындыгында Асановдун талапкерлиги сот тандоо кеңешинде каралып жатканда коомчулук өкүлдөрү бизге анын мурда соттолгондугу тууралуу маалыматтарды беришкен. Бирок Муратбек Аланович соттун жогорку инстанцияларынан акталгандыгы тууралуу өкүмдөрдү алып келип берген. Ошондуктан биз аны конкурстан четтете алган жокпуз. Башка да чара колдоно албайт болчубуз. Анткени соттун актаган чечими тургандан кийин ал сот жообуна тартылган деп эсептелбейт.

Соттор кеңеши келтирген жүйөөгө Ички иштер министрлигинин да өзүнүн жообу бар болуп чыкты. ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- ИИМде маалымат-аналитикалык борбор деген бар. Ошол жерден атуулдарыбыздын соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу аныктама берилет. Аныктама кимдир-бирөөгө берилерде ал тууралуу маалыматтар тыкыр иликтенет. Бирок бул киши чын эле соттолгон болсо мындай справка ала албайт болчу. Мындай аныктама керек болсо министрге да берилбейт. Аныктамага айрым маалыматтарда айтылгандай министр эмес, башкармалыктын башчысы кол коет.

Муратбек Асанов судьялыкка тандалганга чейин кароолчу, жүк ташуучу, юрист, банк кызматкери болуп иштеген. Ал мурда бир да жолу сот болуп иштеген эмес. Асанов сот иштеринин жабылгандыгына байланыштуу судьялыкка талапкердигин коюуну конституциялык укугум деп эсептейт. Ушуга байланыштуу ал мурда соттолгон адамдын сот тармагында иштешине тыюу салган мыйзамды жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылган.

Учурда Асановдун арызы коллегияда каралып жатканын Конституциялык палатадан ырасташты. Муратбек Асанов мурда соттолгон адам сот тармагында иштей албайт деген берене соттордун статусу жөнүндөгү мыйзамда гана жазылганын айтып, Конституцияда жок экенин жүйөө кармады. Анын пикиринде, мыйзамдар Конституцияга каршы келбеш керек.

Ал ортодо Президенттин аппараты бул чыр боюнча атайын билдирүү таратты. Билдирүүдө Аскердик соттун судьясынын сот жообуна тартылгандыгы тууралуу фактынын жашырылганы түрдүү деңгээлдеги кызматкерлердин жоопкерсиздигинин жана шалаакылыгынын өзгөчө фактысы экени айтылат. Сот жообуна тартылган адам эч убакта судья боло албайт жана буга жол берген бийлик өкүлдөрү жоопко тартылат деп билдиришти президенттин маалымат кызматы.
XS
SM
MD
LG