Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Ишкерлер жардам алат, бирок баары эмес


Коогалаңда бизнесин жоготкон Саламат Исакова
Коогалаңда бизнесин жоготкон Саламат Исакова

Өткөн жылы июнь коогасында жабыр тарткан ишкерлерге өкмөт компенсация төлөп берет. Акчалай жардам көрсөтүүнүн шарттары иштелип чыгып, бул боюнча атайын түзүлгөн комиссия иш алып бара турган болду.

Өкмөт июнь коогалаңынан жабыркаган ишкерлерге жардам берүү үчүн мамлекеттик казынадан 450 миллион сом бөлдү. Буга чейинки такталган тизме боюнча 2100 жабыркаган ишкер компенсация алуу укугуна ээ болгон.

Жобого ылайык, беш миңден элүү миң сомго чейин зыян тарткандардын чыгымы толук төлөнүп берилет. Бир миллион сомго чейин жана андан жогорку ири суммада зыянга учураган кийинки эки категориядагы ишкерлерге элүү миң сомдон кайтарымсыз ссуда жана 150 миң сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет.

Акчалай жардам баарына эле берилбейт

Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаев көмүскө ишкердик менен алектенип жүрүп, июнь коогасында жабыркагандарга жардам берилбей тургандыгын эскертти:

Ханифа айымдын кафеси коогалаңда өрттөнүп кеткен
- Көптөгөн ишкерлер каттоодон өтүшпөй, салык төлөбөй көмүскө шартта ишкердик кылып келишкен экен. Мына ошолордун айрымдарынын бизнестери өрттөлүп кеткен. Эми ошол адамдар компенсация алыш үчүн бизнестерин арткы дата менен каттаганга аракет кылып жатышат. Бирок биз мындай типтеги ишкерлерге жардам көрсөтө албайбыз.

Мындан сырткары жободо өкмөттүн каржылык жардамы берилбей турган ишкердиктин түрлөрү аныкталды. Анда жабыркаган мамлекеттик же муниципиалдык менчикте үлүшү бар ишкерлерге, коогалаңдан кийин менчик ээлери алмашкан объектилердин кожоюндарына жана казино, сауна сыяктуу оюн-зоок жайларына акчалай жардам берилбей тургандыгы көрсөтүлгөн.

“Кыянатчылыкты кымырууга болбойт

Жыйналыштагы айрым жетекчилерге токтомдун текстинин мазмуну жаккан жок. Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов андагы өрттөө, карактоо жана талап-тоноо сыяктуу түшүнүктөрдүн жазылышына каршы чыкты:

- Мына бул жерде ички иштер министри деле отурат. Өрт койуу боюнча берене менен кармалган эч ким жок. Бирөөнүн менчигин басып алган учурлар болгон эмес. Ошондуктан мына бул токтомдогу карактоо, талап-тоноо жана өрт койуу дегендерин алып эле койбойлубу.

Болбосо бул жерде ким-кимдикин өрттөдү, кайсы тарап баштады, анан кимдер көбүрөөк өрттөдү деген аягы көрүнбөгөн териштирүүлөр боло берет. Жөн эле "жабыркаган" деп эле жалпылаштырып койсок болобу?


Анткен менен өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев июнь коогасында орун алган кыянатчылык фактылардын болгондугун моюнга алуу зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаев өкмөттөн көрсөтүлүп жаткан каржылык жардам кырдаалды жөнгө салып, ишенимди кайтарууга жол ачат деген оюн ортого салды:

- Бир нерсе болсо эле баса калып, өрттөп, тоногонду токтотуш керек, кыргыз эли. Канчалык ачуу болсо да ал нерсени чындык катары кабыл алыш керек. Эми болоор иш болду да. Бир гана бул жерде баскынчылык болгон эмес. Ошондуктан токтомдо деле бул тууралуу жок.

Мына ошол жабыркагандарды жакшылап санап, көмөк көрсөтүүнү аягына чейин кылбасак бул созулуп кете турган иш. Анткени буга чейин көпчүлүк эл, ачык эле айтайын, өкмөт жабыркагандардын зыянын төлөй албайт деп жүрүшкөн. Мына акча табылып, төлөп бергени турабыз.

Мындан сырткары банктардан ири суммадагы насыя алып, бирок июнь коогасында бизнесинен ажырап калган ишкерлерге жеңилдик берүү маселеси көтөрүлдү. Бул боюнча Улуттук банкка насыяларды кайтаруунун мөөнөтүн узартуу жана үстөк туумдарын токтотууга жардам берүү жагы тапшырылды.

Өткөн жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Ош менен Жалал-Абаддагы көпчүлүк ишкерлер салыктардан жана жыйымдардан бошотулушкан.
XS
SM
MD
LG