Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 00:43

Журналисттерди сынаган июнь окуялары


Шырманай Байназарова жана Эркин Байназаров.

2010-жылдагы июнь окуялары журналисттерди эки эсе түйшүккө салган. Алар чырдын кесепети жөнүндө күн сайын сүйлөп, эл аралап жүргөн.

«Азаттык» радиосу 2010-жылы оор күндөрдү баштан кечирген Ош менен Жалал-Абаддагы бүгүнкү турмушту чагылдырган баяндарды улантат. Бул ирет калабада үй-жайынан ажыраса да, кайгыга алдырбай кесиптик милдетин уланткан журналисттер жөнүндө айтып беребиз.

Эркин Байназаров азыр пенсияда, Оштогу Бабур атындагы өзбек драма театрында труппа жетекчиси болуп иштеп жатат.

Июнь коогалаңында жубайы Шырманай Байназарова менен шаардык «Ош шамы» гезитинин өзбек бөлүмүндө иштешкен. Тополоңдо алардын Навои көчөсүнө жакын жайгашкан үйү өрттөнүп кеткен. Жай бою чатырда жашаган күндөрүн Эркин минтип эскерди:

«​Бул көпчүлүктүн башына түшкөн кайгы болду. Бизден башка толтура адамдар үй-жайсыз калды. Ошондуктан өзүбүздү гана ойлоп отуруп калбай, гезиттеги ишти уланта бердик. Себеби ошол учурда коом медиадагы калыс маалыматтарга зар болчу. Алгач бирибиз иштен бошоп эле, үйдөгү урандыны тазаласакпы деп ойлодук. Бирок анте албадык. Үй курууну уул-кыздарым колго алышты. Биз аларга кеп-кеңеш берип турдук».

Эркин мырза менен Шырманай айым азыр жаңы үйдө уул-келини, небереси менен жашайт. Коогалаңда күйүп кеткен үйдөн калган анча-мынча эски дубалдар азыр деле бар. Экөө тең эл аралык уюмдардын, туугандардын жана кесиптештердин жардамына ыраазы.

Байназаровдордун күйүп кеткен үйүнөн калган уранды. 29-май, 2019-жыл.
Байназаровдордун күйүп кеткен үйүнөн калган уранды. 29-май, 2019-жыл.

«Кесиптештерибиз аябай чоң жардам беришти. Ашар жолу менен курулуш иштери бат эле бүттү. Күзүндө жаңы үйгө көчүп кирдик. Кесиптештеримдин бири идиш-аяк, бири башка буюмду көтөрүп келип, үйүбүздү толтуруп беришти. Аларга терең ыраазычылык билдирем. Ал тургай Бишкектеги кесиптештер да колдоо көрсөтүп жатышты. Бир күнү Алмаз Исманов деген журналист жигит телефон чалып, «Канча небереңиз бар?» деп сурады. Тогуз неберебиз бар болчу. Баш калаадагы журналисттер бир мүшөк жумшак оюнчуктарды жөнөтүшүптүр. Ал оюнчуктар азыр деле бар»,- деп жылмайды Шырманай Байназарова.

«Ош шамы» гезитинин ошол кездеги жамааты.
«Ош шамы» гезитинин ошол кездеги жамааты.

«Ош шамы» гезитинин кыргызча бөлүмүндө эмгектенген Гүлзат Газиева да калабада жабыркаган. Ал ижарада турган батир өрттөлүп, оокатынын баары күйүп кеткен.

«Сыртта БТРдин, октун үнүн угуп, кадимки уруш майданына түшүп калгандай эле болгонбуз, - деп эстеди Гүлзат ал окуяларды. - Сиңдим экөөбүз үйдөн чыга албайбыз. Кечинде жарыкты күйгүзгөндөн коркуп отурабыз. Аңгыча бирөөлөр «сууну ууландырышыптыр» деген имиш чыгарып, ашканадагы суудан чай демдеп ичкенден корктук. Тааныштарга чалып, жагдайыбызды айткан соң коменданттык саат учурунда тартип сакчылары келип бизди коопсуз жакка алып кетишти. Документибизди, болгон акчабызды эле алдык. Кырдаал тынчыгандан кийин келсек үй жок. Буюмдарыбыз толугу менен күйүп күл болуптур. Ай талаада калдык».

Гүлзат Газиева калабадан төрт-беш жыл өткөндөн кийин жаңы үй сатып алды.

Гүлзат Газиева.
Гүлзат Газиева.

«Стресс болдук. Бирок башты мыкчып отуруп калбадык. Ишибизди уланта бердик. Баса, биздин гезит Бишкектен басылчу. Тополоң чыккан 10-июнда Бишкектен гезит келиши керек эле. Анын алдында Конституцияга өзгөртүү кирип, аябай маанилүү документтер, макалалар басылган сан болчу. Мен редактордун орун басары катары ошол гезиттерди ойлоп кыжаалатмын. Мен эле эмес, редакциядагылардын баары эле «Гезитти кантип алып, кантип таратабыз?»,- дейбиз. Чатак басылган соң эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар, активисттер элге гуманитардык жардам тарата баштады. Мен гезиттеги ишим менен кошо 15-июндан тартып ошол гумжардам тараткан өнөктүктүн маалыматтык борборунда да ыктыярчы болуп иштедим», - деди Газиева.

Бирок журналисттерге макала жазуу оңой болгон эмес. Эл менен сүйлөшүү чоң түйшүк эле. Эч ким кабарчылардын суроолоруна жооп бергиси келбейт. Бири талкаланган үй-жайын ойлоп бушайман, экинчиси «дагы эмне болуп кетер экен» деп коркуп жаткан кези болчу.

«Иштеш чынында оор болду. Адамдарды сүйлөтүп, пикирин алуу оңойго турбады. Себеби аларда коркунуч, үмүтсүздүк бар болчу. Ага карабай, күнүгө эл аралайбыз. Адамдардын пикирин угабыз, расмий маалыматтарды алабыз. Кыргыз үй-бүлөнүн тарткан азабы тууралуу өзбек тилинде, өзбек үй-бүлөнүн түйшүгүн кыргыз тилинде жаздык. Каякка барсак, бир кыргыз, бир өзбек кабарчы шерик болуп жүрдүк. Айрымдар бизге ачууланып, алардан катуу кагуу жейт элек. Чыдадык. Арадан үч жыл өткөндө бир жигитке жолугуп калдым. Ал мага 2010-жылы орой мамиле кылган эле. «Ошондо туура эмес кылган экенмин», - деп кечирим сурады. Ал кезде элдин баары стресс абалда эле. Аны туура эле түшүнөм. Ошентип, кагуу-силкүүгө карабай иштей бердик. 5-10 миң нускада гезит чыгардык. Негизинен ынтымак темасында макалаларды жаздык. Гезиттерди эл аралап акысыз таратканбыз»,- деди Эркин Байназаров.

Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар ошол жылы калабада иштеген бир топ журналисттерге реабилитациялык тренингдерди уюштурду. Чет элден чакырылган психологдор кеп-кеңештерин беришти. Медиа уюмдар «Үйүңүзгө тынчтык» деген бюллетень чыгарып, калкка таратышты. Ал бюллетенге ондогон журналисттердин макаласы басылды.

Калабанын журналисттерге тийгизген таасири азыр деле байкалып турат. Мүмкүн болушунча маанай көтөргөн темаларда кабар-баян жазганды каалашат.

«Ынтымакта жашап, тойлорду кылалы. Бири-бирибизге кыз берип, келин алалы. Бөлүнбөйлү. Ошондо мамилебиз дагы да бекем болот. Менин күйөө балам, кудаларым кыргыз, неберелерим кыргызча окушат», - деген Шырманай Байназарова азыр пенсияга чыгып, үйдө отурат. Бирок коомдук иштерге дайыма катышып келет.

Ал эми Гүлзат Газиева болсо жаш журналисттерге сабак өтүп, өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташат. Ал чатакты ырбатпай, аны чечүүгө салым кошуу жаатында журналисттерге тренинг да өтөт.

«Катарлаш жашап келген эл бири-бирине кек сактабашы керек. «Тигил же бул көчүп кетиши керек» деген ойлор да туура эмес. Мындай чатактар болбошу үчүн Кыргызстанда мыйзамдуулук, калыстык болушу зарыл. Элдин баарын бирдей коргоого алган мыйзамдарыбыз бар. Ошол мыйзамдар иштеши керек. Ошондо нааразылык да, чыр-чатак да болбойт», - деп сөзүн бүтүрдү кесиптешибиз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG