Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Аалы Туткучев: Акын - коомдун мугалими


Аалы Туткучев жана Кенжегүл Карабай кызы.
Аалы Туткучев жана Кенжегүл Карабай кызы.

Төкмө акын Аалы Туткучев Кытайдагы кыргыз журналистти Кенжегүл Карабай кызына берген маегинде акындык өнөр, анын жоопкерчилиги тууралуу кеп козгогон.

Аны менен маектешкен Кенжегүл Карабай кызы Акчий ооданынын Жалаңчий айылынан. Шинжаң эл радиостанциясынын кыргызча чыккан универсал радиосунда алып баруучу, кабарчы болуп иштейт. Бул маек Кытайдагы кыргыздардын сайттарынан жарык көрүп, бүйүр кызытып, элдин кызуу алкоосуна татыктуу болгон.

Кенжегүл Карабай кызы: Аалы байке, алды менен кымбат убактыңызды бөлүп, маек курууга макул болгонуңуз үчүн ыраазычыылык билдиребиз. Кесип деп карманган төкмөлүк өнөрдү карманганыңызга быйыл 11 жылдын жүзү болуп калыптыр. Ушул 11 жыл ичинде төкмөлүк өнөрдөн тапкан байлыгыңыз эмне болду?

Аалы акын менен маек
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:13 0:00
Түз линк

Аалы Туткучев: Туура, сахнага чыгып, айтышып баштаганыма быйыл 12 жылга кетип бара жатат. Ушунча жыл аралыгында менин тапкан байлыгым элди батасы болду. Кайсы жерге барып ырдабайлы, “кыргыздын каада салтын, улуттук баалуу мурастарын кармап туруу чок кармаганга барабар болуп турган заманда силер ушул өнөрдү жоготпой келе жатканыңардын өзү кандай чоң эмгек, биз силерге ыраазыбыз, ушул ата-бабалардан калган улуу өнөрдү жоготпой сактап келе жатасыңар, мындан кийин да сактап, кийинки урпактарга көпүрө болуп бергиле” деп айткан элдин ыраазычылыгын, батасын алуунун өзү бизге жетишерлик нерсе.

Кенжегүл Карабай кызы: Ооба, элдин батасын алуудан артык бир байлык болбосо керек. Ар бир адамдын кайсы бир нерсеге карата көз карашы ар кандай болот эмеспи. Сиздин төкмө акындыкка карата көз карашыңыз кандай?

Аалы Туткучев: Төкмө акындык деген Кудай таалам насип кылган улуу өнөр. Мисалы, ошол эле 1,5 миллиард эли бар Кытайдан, далай төбөлдөр чыккан орустардан, же технологиясы өнүккөн башка элдерден эмес, төкмө акындар бир гана кыргыз менен казактан чыккан.

Бул - улуу өнөр. Беш миллион кыргыздын арасынан баарына эле насип болбой, Кудай таалам бизге насип кылып бергендиктен акыретте бул үчүн да жооп берерибиз бар. Ошондуктан Кудай берген өнөрдү биз Кудай жолунда, элге, мамлекетке кызмат кылып, пайдаланышыбыз керек.

Кенжегүл Карабай кызы: "Акындык бектин жыргалына, хандын тагына алмаштыргыс өнөр" деп айтылат экен. Ушундай ыйык милдетти артынам деп жаткан темене канат төкмө акындарга айтаар кандай кеп-кеңешиңиз бар.

Аалы Туткучев: Акындын ички жан дүйнөсү, адамдык сапаты кандай болсо, анын оозунан чыккан ырлары дал ошондой болот. Акын деген коомду агартуучу, элдин, коомдун мугалими. Ар бир кыргыздын жүрөгү ырды сүйөт, ар бир кыргыздын жүрөгүнө ыр бат сиңет. Ошон үчүн акын болчу жигиттер да, кыздар да биринчи кезекте жакшы адам болуш керек. Эстебес атабыздын “Акын боло албайсың, адамгерчилик болмоюнча” деп айтканы да бар.

XS
SM
MD
LG