Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Сотко жардамчы китеп чыкты


Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу "Соттун кол китеби" жана "Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагы" жарык көрдү.

Китептердин мазмуну жана анын зарылдыгы тууралуу Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

- “Соттун кол китеби” негизинен көрсөтмө болуп эсептелет экен. Маанилүү эмнелерди камтыйт?

- “Соттун кол китеби” процессуалдык жана материалдык ченемдерди бирдиктүү колдонууга, соттук тажрыйбаны бекемдөөгө багытталган. Эки китеп тең эки бөлүктөн турат. Биринчиси - жарандык, административдик жана экономикалык маселелер, ал эми экинчиси - жаза иштери боюнча.

Китеп биринчи инстанциядагы судьяларга соттук иштерде пайда болчу маселелерди чечүүгө жардам берет. Бир эле судьялар эмес, башка юристтерге да пайдалуу.

- Экинчи китеп, “Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагы” кимдер үчүн?

- Соттук актылар негиздүү, мазмуну процессуалдык мыйзамга ылайык болуш керек. Азыр соттук актыларды түзүү учурунда кемчиликтер кетип жатат. Ошолорду болтурбоо үчүн актылардын үлгүлөрүн иштеп чыктык. Бул өлкөдө биринчи тажрыйбалык жардам болуп саналат.

- Сот жараяны, соттук иштердеги тажрыйбалардан сунуштар берилиптир. Буга чейин мындай көрсөтмө китеп жок беле?

- "Соттун кол китеби" Союз учурунда бар болчу. Эми алар эскирди, мыйзамдар алмашты. Жаңы форматта алгачкы чыгып жаткан китеп десек болот.

Басылмаларды чыгарууга АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги көмөктөштү. Бирок 450 эле нускада чыкты. Башкалар да окуп, балким пикирлерин, сындарын айтышат. Ошондуктан анын электрондук түрү да бар, аны сайтка жайгаштырабыз. Катардагы жарандар деле колдонсо болот.

- Сот тармагында болсун, юридикалык билим берүүдө болсун адабияттар, айрыкча мамлекеттик тилдеги китептер канчалык жетиштүү?

- Чындыгында кыргыз тилиндеги китептер тартыш. Көпчүлүгү Орусиядан келет, анткени ал жакта атайын ушул китептерди баскан институттар бар. Бизде болсо эл аралык уюмдардын жардамы менен китептер чыгып жатат. Азыркы чыккан китептер да кыргызчага которулат.

- Өз тажрыйбасын топтоп, адвокаттык, укуктук маселелерди чогултуп, жөнөкөй тил менен жазган юристтер барбы?

- Кыргызстанда андайлар көп эле. Кесиптик китептерди филолог, лингвисттер гана эмес, сөзсүз юристтер да которот. Андыктан андай адамдар бизде бар.


"Судьянын колдонмо китеби" чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00
XS
SM
MD
LG