Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Создуккан сот реформасы


Кыргызстандын мурдагы Конституциялык сотунун курамы, 2010-жыл
Кыргызстандын мурдагы Конституциялык сотунун курамы, 2010-жыл

Өлкө президенти башында турган Сот реформасы боюнча кеңеш буга чейин аткарылган иштин жыйынтыгын талдоого алды.

4-марттагы бул жыйында президент Алмазбек Атамбаев сот реформасы жүрүп жатканы менен анын жыйынтыгы сезилбей, бийликтин бул бутагына элдин ишеними төмөн бойдон калып жатканын сынга алды.

Эл ишениминен кеткен бийлик бутагы

Кыргызстанда 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы ыңкылаптарга сот системасындагы коррупция, адилетсиздик негизги себептердин бири болгонун эске салган Алмазбек Атамбаев бийликтин бул бутагына эл ишенимин кайтаруу үчүн алгач соттордун катарын тазалап, кадрдык потенциалды күчөтүүнү талап кылды:

- Албетте, сот системасындагы кадрдык саясатты жакшыртып, бул тармактагы коррупциянын тамырын кыркуу бүгүнкү күндөгү эң негизги милдетибиз болуп турат. Чынын айтсам, бүгүнкү күндө соттордун деңгээли төмөн болуп турат. Маселен, жогорку баскычтагы соттук орунга талапкерлер менен аңгемелеше келсең, элементардуу нерселерди билишпейт. Мунун башаты университеттеги коррупцияда жатпайбы. Себеби университетке пара берип өтүп, пара менен бүткөрсө, анын билимине таасирин кантип тийгизбей койбосун? Бизде соттордун билими тайыздыгы үчүн уяласың. Ошондуктан бул багытта биз бир катар иштерди аткарышыбыз керек болуп турат.

Президенттин айтымында, өлкөдө сот адилеттиги жоктугунан чет элдик инвесторлор Кыргызстанга иш ачуудан чочулап жатышат.

Мындан улам Атамбаев сот реформасын тездетип, анын алкагында мыйзамдарды жакшыртып, соттордун ишиндеги ачык-айкындыкты камсыздоо үчүн сот реформасы боюнча кеңешке бир катар милдеттерди белгиледи:

- Биз сот чечим кабыл алууда, ага чейинки жараяндарда кандайдыр бир зордук-зомбулук колдонгону тууралуу кымындай да күмөн калбагандай кылышыбыз керек. Мындай болбошу керек. Мен чет өлкөлүк сапарларга чыкканда өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдүн башчыларынан ушуга байланыштуу ачуу сөздөрдү угуп жатам.

Президенттин алдындагы Сот реформасы боюнча кеңеш өлкөдөгү сот реформасын ишке ашырууда мамлекеттик мекемелердин карым-катнашын жакшыртып, реформаны тездетүү максатында өткөн жылы 8-июнда түзүлгөн. Ага премьер-министр, Жогорку Кеңеш төрагасы, Жогорку Соттун төрайымы, башкы прокурор баштаган 23 бийлик өкүлү, министрлер жана депутаттар мүчө болушкан.

Кеңеш алдында эксперттик топ түзүлүп, аларга 2012-жылдын аягына чейин Кылмыш, Кылмыш-жаза, Жаза аткаруу жана Жарандык процессуалдык кодекстин жаңы долбоорлорун даярдоо тапшырмасы берилген. Бирок бүгүнкү жыйында бул мөөнөттү быйылкы жылдын аягына чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Арабөк абал

Мына ушул эксперттик топтун мүчөсү, “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун юристи Абдыкерим Ашыровдун айтымында, реформа жүрүп жатат делген менен анын аксаган жагы арбын:

-Тилекке каршы, сот реформасы аябай кечеңдеди. Анын айынан учурда Конституциялык палата алигиче ишке кире элек. Мындан улам канчалаган маселе талаштуу бойдон калууда. Бул жараяндын созулушунан соттордун маанайы түшүп, кайта көз карандылыкка моюн сунуп калгандай. Муну өтө ыкчам жүргүзүү керек болчу.

Ал эми Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева өлкө башчысынын сот адилеттүүлүгү жана реформага байланыштуу айткан сыны жөндүү экенин моюнга алат. Бирок бул багытта иштер аткарылганын белгилеген Жамашева анын жыйынтыгы өз жемишин берээрине ишенет:

- Реформа деген бир эле күндө бүтө калчу, анан жыйынтыгы бат эле сезилчү нерсе эмес экен. Ага бир топ убакыт керек. Азыркы мезгилге чейин Жогорку Соттун, бир катар облустук соттордун курамы жаңы тартиптин негизинде тандалып иштей баштады. Адилеттүү чечим кабыл алуу үчүн мыйзамдар иштелип чыгып жатат. Мунун жыйынтыгы болоруна ишенебиз.

Кыргызстанда соттор коррупциялашкан, аткаруу бийлигине көз каранды деген айыптар көптөн бери эле коюлуп келет. Сот реформасы Апрель ыңкылабынын башкы талаптарынын бири болгон. Ыңкылаптан кийинки бийлик сот реформасын жасоого ынтызар экендигин билдирип жатканы менен ал дале арабөк абалда турат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG