Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Калпакты мазактагандарга каршы демилге


Калпак күнү. 5-март, 2019-жыл.
Калпак күнү. 5-март, 2019-жыл.

«Улуттук баш кийим жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте колдоо тапса, ак калпакты мазактагандар 1000 сомдон 5000 сомго чейин айып төлөйт. Мындай мыйзам долбоорунун концепциясын Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети жактырды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков иштеп чыккан «Улуттук баш кийим - Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, илим жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырды.

Демилгечилер долбоордун максатын «кыргыз элинин маданий мурастарынын маанилүү элементи болуп саналган ак калпакты коргоонун укуктук базасын түзүү, ошондой эле ак калпакты кийип жүрүү маданиятын калыптандыруу менен анын кадыр-баркын жогорулатуу» деп негиздешкен.

Бул долбоор колдоо таап калса, анын негизинде Тартип бузуу жөнүндө кодекске да өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык улуттук баш кийимди мазактаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салуу да сунушталып жатат.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Мыйзам долбоорун колдогондордун бири, депутат Мирлан Бакиров калпак эле эмес, бардык улуттук кийимдер тууралуу жалпылаштырган мыйзам кабыл алынышын туура көрөрүн айтты:

- Улуттук баш кийимди мыйзам менен коргоо, анын статусун бекитүү боюнча маселе буга чейин деле көтөрүлүп келаткан. Жалпысынан колдойм. Менимче бул маселени комплекстүү карасак туура болчудай. Улуттук баш кийим менен кошо улуттук кийимдерди да камтып кетүү жагын да карайлы. Бул эми бир күндү - кол өнөрчүлүк, улуттук кийим күнү катары белгилөө. Ушул мыйзамды кенен карасак туура болот.

Республика баатыры Миталип Мамытов ак калпакка улуттун символдорунун бири катары статус берилишин каалайт. Буга чейин ак калпакты итке кийгизгендер болгонун эске салып, улуттук ак калпакты шылдыңдагандарга карата мыйзамдык көзөмөл керек деген пикирин билдирди:

- Ак калпакты оңго-солго, ар кайсы улуттун өкүлдөрүнө туш келди белек кыла берген болбойт да. Алар өз жеринде биздин калпактарды башка максатта колдонуп жатышат. Саунага кийип түшкөндөр да бар. Биз баш кийимибизди эч кандай талкуусуз ыйык сакташабыз керек. Аны мыйзам менен бекитип койгонубуз деле ашык болбойт.

Анткен менен коомчулукта мындай демилге өөн учурап жаткандардын катары аз эмес. Акын, журналист Эркаалы Өсканаалы уулу парламент бүгүн калпак тууралуу мыйзам сунуш кылса, эртең байпак тууралуу мыйзам сунуштайт деп чочуйт.

- Мен ак калпак, улуттук кийимдерди кийүүнү, колдонууну мыйзамдаштырууга каршымын, - деди ал. - Кийим-кече маселеси ар кимдин өзүнүн каалоосу болуш керек. Дегеле ал улуттук кийим болобу, ак калпак болобу же башка кийим болобу - маселе анда эмес. Мындай мыйзамдар жарандардын эркиндигин чектейт.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

«РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир бул мыйзам долбоору сүрмө топ тарабынан колдоого алынып жатканын улуттук деградациянын жеткен чеги катары баалады:

- Элдин эң алдыңкы тобунда деген эл өкүлдөрүнүн ушуга күнү түшүп, андан башка проблеманы көрбөй калса, анда мындай улуттун келечеги өтө күмөн. Бул - улуттук шаблондорду көтөрүп чыгып эле элдин назарына илинүү аракети. Бүгүнкү күндө депутаттар үчүн элдин көңүлүн өзүнө буруу маанилүү болуп калды. Улуттук баалуулук деген шылтоо менен бир нерсени көтөрүп чыгышып, кай бири Манас менен чайкоочулук кылып жүрүшөт. Муну эми улуттук эмблемага жамынган топтордун аракети десек болот. Бул улуттун деградацияга жеткен чеги.

Шакир улуттук баалуулуктар ар бир адамдын көкүрөгүндө аздектелип сакталышы кажет дейт.

Деген менен бул мыйзам долбоору ушул турушунда кабыл алынышы күмөн. Анткени комитеттин талкуусунда өкмөт өз корутундусунда долбоорго каршы болуп, муну «Конституциянын 18-беренесинде көрсөтүлгөн жарандардын укуктарын чектейт» деп негиздеди.

2017-жылы 22-декабрда мода көргөзмөсүндө иттердин бири сахнага ак калпак кийип чыгышы кыргыз коомчулугун нааразы кылган. Нааразылыгын билдиргендер калпакты шылдыңдагандарды жазага тартуу боюнча демилге көтөрүп, бирок ага мыйзамдык база жок экени аныкталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG