Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Караколдун төрөт үйүнө доомат коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Караколдун төрөт үйүндө ымыркайлар остеомиелит илдетине чалдыкканына байланыштуу кылмыш иши козголду. Наристелердин ата-энелери бул үчүн дарыгерлерди айыптап жатышат. Ал эми дарыгерлер дооматтарды четке кагышууда.

Жети-Өгүз районунун Конкино айылынын тургуну Гүлжигит кызы Айчүрөк былтыр көз жарган. Айчүрөктүн баласы - остеомиелит дартына чалдыккан ымыркайлардын бири:

- Мен былтыр 8-мартта Каракол шаарындагы облустук төрөт үйүндө экинчи баламды төрөгөм. Ошол кезде жукканбы же кайсы жерден жукканын билбейм. Ал оору организмге кирип, ошол жер ириңдеп кетет экен, анан сөөккө өткөндөн кийин кызыма "остеомиелит" деген диагноз коюлду.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айчүрөк "Каракол төрөтканасындагы дарыгерлер оору жукканын билип туруп, жашырып коюшкан" деген күмөн санайт. Ал кызы өз убагында дарыланганда сакайып кетмек деп көз жашын тыя албай отурат:

- Диагнозду Бишкектен койду. Бизде Караколдон "ошондой оору бар" деген шек саноо болуптур, бирок мага айткан эмес. Өздөрүнчө дарылап, ийне сайып, тамчылатма (капельница) алган, бирок ал кезде кеч болуп кеткен. Ошол кезде эле Бишкекке жиберсе мындай болмок эмес, оорусу өнөкөт болуп кетмек эмес. Азыр кызым басып, бир жаштан өттү. Эми бир жыл дегенде жылыш бар, кудайга шүгүр.

Айчүрөктүн бир жаштан ашкан кызы маал-маалы менен дарыланып турат. Бул илдет аныкталгандан кийин Айчүрөк жана дагы үч ата-эне дарыгерлердин шалаакалыгынын айынан балдары остеомиелит оорусуна кабылганын айтып, Ысык-Көл облустук прокуратурасына быйыл мартта кайрылышкан.

Облустук прокуратура ишти текшерип чыгып, кечээ жыйынтыгын чыгарды. Башкы прокуратура “текшерүүдө аныкталгандай, төрт арыздануучу ошол төрөт үйүндө көз жарган. Кийинчерээк ошол төрт балада остеомиелит оорусу аныкталган. Бул ооруну төрөт үйү да, облустук оорукана да өз убагында аныктаган эмес” деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов буларды билдирди:

- Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Козголгон кылмыш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган. Корутундулары чыга элек, тергөө амалдары жүрүп жатат, тыянагы чыкса юридикалык баа берилет.

Ата-энелердин дооматтарына дарыгерлер макул эмес. Төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Назгүл Карабаева балдар өз убагында текшерилип, тийиштүү жардам көрсөтүлгөнүн айтат:

- Бул төрт баланын остеомиелит оорусу тууралуу аныктамасы бизде коюлган эмес. Диагнозу андай эмес. Мисалы, үчөө тең төрөт үйүнөн чыгып кеткенден кийин эки жарым жумадан кийин келгенде мен көрүп, Бишкекке жибергенбиз. Анан ошол жактан "остеомиелит" деп диагноз коюлуп, ошол жактан дарыланып келишти. Бизде жатканда андай диагноз коюлган эмес. Бизде "инфекция" деп коюлган.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жетекчиси, башкы дарыгер Токтобай Маанаев да кызматкерлерин күнөөлүү деп эсептебейт жана алар ак дилинен иштеп келатышканын айтат. Башкы дарыгер остеомиелит оорусу дүйнөлүк статистикада акыркы 10 жылда көбөйүп келатканын, бул оору ар кандай жолдор менен жугуп жатканын кошумчалады:

- Бул оору акыркы он жылдан бери 20-30% көбөйдү. Анын себептери ар кандай. Көрүп атасыңар, жетилбеген балдар эненин да ичинде ооруларына байланыштуу, туубаса да жугуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бул жерден да такташ абдан кыйын. Муну органдар өзү караштырып көрөт болуш керек.

Ооруга кабылган ымыркайлардын үчөө 2017-жылдын март-апрель айларында Каракол шаарындагы облустук ооруканада төрөлгөн. Дагы бир бала 2016-жылы төрөлгөн.

Остеомиелит - сөөктү жабыркатуучу дарт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG