Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Каракол: кеңештеги кызыкчылыктар кагылышы


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Каракол шаарындагы мамлекеттик мекемелердин жооптуу кызматкерлери бир эле учурда шаардык кеңешке депутат болуп отурушу кызыкчылыктарды кагылыштырып, ишке жолтоо болууда. Бул маселе Каракол шаардык кеңешинде көтөрүлүп жатат.

Шайлоо комиссиясы мандаттар мыйзам чегинде берилип жатканын айтууда. Жогорку Кеңештин депутаты мындай жагдайдын түзүлүшүн "Шайлоо жөнүндө" мыйзамдын чийкилиги катары баалады.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Каракол шаардык кеңешиндеги бошогон мандатын былтыр сентябрда алган Фарида Мажиюн Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтери болуп иштейт.

Туратбек Акимканов.
Туратбек Акимканов.

Отчет берүүчү да, талап кылуучу да тарап бир адам болгонун белгилеген шаардык кеңештин депутаты Туратбек Акимканов муну иштин кызыкчылыгына кайчы келген көрүнүш катары баалады:

- Бизде билим берүү комиссиясы бар, анын бухгалтери бизге депутат катары эмес, бухгалтер катары келет. Ошол жерден биз андан отчет сурайбыз. Жылдын жыйынтыгы кандай болуп жатканын, кийинки жылга канча акча бөлүнүшү керек экенин, эмнелер жасала турганын сурайбыз. Алар бизге сунуштарын алып келет, биз карап чыгып, акча бөлүп беребиз, ошону менен отчет суралат. Бул негизи туура эмес.

Депутат, шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтери Фарида Мажиюндун айтымында, эки милдетти бир учурда аткарууга мыйзам жол берет.

Фарида Мажиюн.
Фарида Мажиюн.

- Мисалы, менин ишиме деле тоскоол болбойт, - деди ал. - Шаардык кеңеш кээде эле чогулабыз да. Иш менен депутаттыкты айкалыштырып жатам. Мыйзам жол берет.

Шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтери жана кеңеште "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп турган Ак-Суу районунун РЭСинин жетекчиси Улан Сапаров боюнча БШКга кат жөнөтүп, мыйзамдуулук жагын карап берүүсүн сураган.

- Шаардык кеңешке отчет берүүчү кызматкер болуп жатпайбы, анан жетекчиден кийин эле каржылык кагазга башкы бухгалтер кол коюп жатат, - деп түшүндүрдү төрага. - Кызыкчылыктар кагылышы болуп жатат. Элестет, депутат болуп жатса, кайра эле биз билим берүү бөлүмүнө акча бөлгөндө ошол жактын кызыкчылыгын көбүрөөк колдогондой болуп калабыз. Шаардык билим берүүнүн бухгалтери боюнча кат жазсак, ал жерде "мектеп директорлору жана шаардын аймагындагы мамлекеттик мекеменин жетекчилери болбойт" деп көрсөтүлгөн экен. Улан Сапаровдуку "Караколго тиешеси жок, бирок Ак-Сууда болгон үчүн боло берет" деп жооп келди.

Айбек Сатиев.
Айбек Сатиев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Каракол шаары жана Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча өкүлү Айбек Сатиев мыйзамдагы көрсөтүлгөн жобо боюнча гана иш жүрүп жатканын айтты:

- Мыйзамда көрсөтүлүп турат, мыйзамды аттай албайбыз. Эгер мыйзамда ошондойлорду так көрсөтсө биз колдонмокпуз. Бул боюнча суроолор көтөрүлүп эле келатат, баары такталган.

Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Кенжебек Бокоев депутаттардын бир эле учурда башка мамлекеттик иште отурганы туура эмес деген ойдо. Анын айтымында, мыйзамды кайра иштеп чыгуу зарыл.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Мурун бир убакта мыйзамда "мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер эч жерде депутат боло албайт" деген эреже болгон. Кийин депутаттардын сунушу менен бешинчи чакырылышта өзгөртүү киргизилген. "Эгер ал мамлекеттик кызматта иштесе өзүнүн айылынан башка жактарга депутат боло берсин" деп, мен ага каршы чыккам, бирок өтүп кеткен, бүгүнкү күндө “боло берет” болуп калган. Албетте, таасирлер кала берүүдө. Бул мыйзам өтүп кеткен, себеби "билимдүүлөр, тажрыйбалуулар аз болуп жатпайбы, иштей берсин да" дегендей. Таяктын эки учу болот, бир жагынан жашырайын десең, экинчи жагынан таасир болуп калышы мүмкүн, - деди депутат.

Каракол шаардык кеңеши беш партиядан түзүлгөн. "Табылга", КСДП, "Кыргызстан", "Республика Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс" партияларынан 31 депутат бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG