Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Таластыктар Казакстан менен жер алмашууга каршы


Кыргыз-казак чек арасын тосуу үчүн коюлган мамылар. Таластын Көк-Сай айылы, 22-март, 2013.
Кыргыз-казак чек арасын тосуу үчүн коюлган мамылар. Таластын Көк-Сай айылы, 22-март, 2013.

Таластын Көк-Сай айылынын эли сугат жерлери Казакстандын кайракы жерлерине алмашылып кеткенине нааразы.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо бул маселе элдин макулдугу менен чечилгенин айтууда.

Такталган чек арадагы талаш

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасы 2008-жылы такталып бүтүп, эки тарап тең аны расмий тааныган. Анан эле 2012-жылдын сентябрында Казакстандын Жамбул облусунун Андреев айылы менен Таластын Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын 2600 гектар жерин алмашуу боюнча жергиликтүү деңгээлде келишим түзүлүп калат.

Кийинчерээк муну билген Көк-Сай айылынын эли быйыл 13-мартта нааразылык иретинде жыйын өтөрүп, маселени чечүү үчүн өз алдынча элдик комиссия түзүшөт. Ошол комиссиянын мүчөлөрү алмашылып жаткан жерлерди бизге көрсөтүп жүрдү.

Комиссиянын төрагасы Эмир Парпиев ал жерлер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар”, “Гүлсарат” чыгармаларындагы айтылуу Ак-Сай, Көк-Сай деген жерлер экенин, бул аймак эзелтен кыргызга тиешелүү болуп келгенин айтып, зар какшайт:

- Бул биздин ата-бабабыздын жери. Мына бул биз турган жер Көк-Сай, өзөндүн наркы бети Ак-Сай. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында ушул жер тууралуу сөз болгон. “Эрте келген турналардагы” кош айдап, чөп чапкан жерлер ушулар. Ак-Сайдан биз 1961-жылы түзүлгөн карта менен айрылып жатсак, бүгүнкү күндө Көк-Сайды минтип берип жатышат.

Казакстан менен алмашылып жаткан жер.
Казакстан менен алмашылып жаткан жер.

Парпиев 1926-жылкы картада кыргыз-казак чек арасын өзөн бөлүп турганы так көрсөтүлгөнүн, кийинчирээк коңшу тарап улам бери көздөй жылып кеткенин кошумчалады:

- Эң кызыгы – СССР учурундагы, Калининдин убагындагы токтомдор бар бизде. Ушул кыргыз тарап кайдыгер болушкан да. Чек ара ушул сай менен бөлүнөт деп жазылып турса, кошуналар тигил жактан шынаа кылып кирип кеткен. Анысы аз келгенсип алар каалагандай курчай берип, өзөн казак тарапта калып калган. Эмне деген арча токойлуу жерлерибиз кетип жатат...

Элдик комиссиянын мүчөсү Минур Сейталиев коңшу мамлекетке өтүп кеткен өзөндө өткөн балалыгын муңкана эскерип алды:

- Илгери биз кичинекей кезибизде, мектеп жабылып жаткан май айында ушул өзөнгө келип, ушул суунун жээгинде эс алчубуз...


Айылдын дагы бир тургуну Анарбай Корчубеков үлүшкө тийген жери анын уруксаты жок эле коңшу тарапка өтүп кеткенине кейийт:

- Биз менен бир ооз акылдашпай туруп, мага мамлекет 99 жылга берген үлүш жеримди өткөзүп жиберишиптир.

Минур Сейталиев болсо алмашылат деген жерлерди көрсөтүп жатты.

- Мына мобул зымдын ичи бизге бере турган казактардын жери. Бул жердин баары кумдак, кунарсыз жер, июнь айында эле чөп күйүп саргайып калат. Мал такыр турбайт. А бул биздин жерде болсо өзүңүздөр көргөндөй мал жайылып жүрөт. Ушул жерди тээтиги тоого чейин бергени жатат.


Тосулган зымдын ары жагы Казакстан
Тосулган зымдын ары жагы Казакстан

Кара-Буура райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Бекмамбетов жер алмашуу боюнча эки тарап 27 жолу жолугушуп, анан чечим чыкканын билдирди.

- 2012-жылы 28-сентябрда акыркы колдор коюлуп, чек ара маселеси чечилген. Ага ылайык, 2600 гектар жер биз тарапка өтсө, Казакстандыкы делген шынаа жердин эки четинен биз дагы баардыгы болуп 2600 гектар жерди бергенбиз. Алмашуу болгон.

Жер алмашуунун себеби эмнеде?

Бул маселеден улам кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызы Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровго түшүндүрмө сурап кайрылды:

- Ал жерде чечимди эл өзү кабыл алган. Бир эмес, бир нече жолу чогулуш өткөрүп, бардыгы кол коюп, үч-төрт варианттарын алып келип карап, эки губернатор жолугуп, элдин баарынын катышуусу менен чечилген маселе. Анткени ал жер мурда делимитация болгон экен. Ошол жерде чоң “клин” деп коёт, Казакстандын аймагы Кыргызстанга кирген 4,5 гектер жер бар. Ошол жерден жергиликтүү эл үлүш жерине, мал жайганга өтө албай калган. Түз өтө албай, ал жерди казактар тосуп салышкан. Анан айланып, бир топ жол басып өтүп жүрүп, бизге алмаштырып бергиле деп кайрылышканда, биз өзүңөр чечкиле деп айтканбыз.

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров бул маселе анан жергиликтүү денгээлде, элдин макулдугу менен чечилгенин кошумчалады:

- Протоколго кол койгондордун айрымдары азыр “биздин да колдор жүрөт” деп таң калып атышат. Бирок биз документтердин баарын көрсөткөнбүз. Ал бир эле участок. Казактардын жерин сугара турган каналы биз аркылуу өткөн, менимче, алар ошол сууга байланыштуу эле алмашкан. Ошол жерде жергиликтүү эл, кыргыз-казак айылдары өздөрү сүйлөшкөн. Биз кийлигишкен эмеспиз. Бизде аны тастыктаган бардык документтер бар. Биз ал жерде үлүш жер бар-жогун деле билбейт экенбиз. Казак-кыргыз болуп жолугушканда 13 участокко чейин көтөрүшкөн, бирок биз бул делимитация болгон жерлер деп карабай койгонбуз. Эми ошол алмашкан жерлерди эл өзү кайра көтөрүп чыгып атат.

Бирок мындай алмашууга каршы болгон Көк-Сай айылынын тургундары, элдик комиссиянын мүчөлөрү азыр эми маселени калыбына келтирүү үчүн өлкө жетекчилерине чейин кат менен кайрылып жаткандыктарын кабарлашты.
XS
SM
MD
LG