Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Өмүралиев: Кыйынчылыктарга карабастан алга жылалы


Алматы шаары
Алматы шаары

Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү Эрмек Өмүралиев казак-кыргыз инвестициялык форумунун алдында “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Сиз бул форумда ишкерлик чөйрөсүндөгү өнөктөштүк тууралуу баяндама жасайт экенсиз. Эки өлкөнүн бизнес тармагындагы алака-катыштын деңгээлине кандай баа бересиз?

Эрмек Өмүралиев: Өзүңүздөр билгендей, Казакстан бизге эң жакын коңшу мамлекет. Соода-сатык, жалпы саясий-маданий байланыш жактан тыгыз мамилеси бар өлкө.

Ишкерлик жагын карасак, биздин өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун расмий сапарларынан соң эки мамлекеттин ортосунда кыргыз-казак инвестициялык фонд түзүү жанданып жатат. Бүгүнкү форум бул фонд кандай иштеши керек, кайсы багытта, кандай негизде иштеши керек деген темаларга арналат.
Чек ара маселеси дегенде кыргыз тарап улуттук долбоорлорду сунуштаса, кыргызстандык ишкерлердин каражаты, тажрыйбасы жетпей жатканда казак ишкерлери менен биргелешип бир долбоорду ишке ашырса деген ой бар.

Жаш ишкерлер ассоциациясы коомчулуктун оюн, кеңешин, күтүүсүн айтуу максатында ушул форумга катышып жатабыз.

“Азаттык”: Казакстан Кыргызстандын кайсы тармактарына инвестиция салууга кызыкдар деп ойлойсуз?

Эрмек Өмүралиев: Мындай маселелер ушул сыяктуу форумдарда чечиле турган нерселер. Биз концепциялык жагын тактап алышыбыз керек. Кыргыз-казак фондун түзгөнгө казак тараптан "Самрук-Казына" деген мамлекеттик ишкана катышып жатат. Бул ишкана Казакстан мамлекетинин жеке сектордогу иштерин караган мамлекеттик ишкана. Биз жактан болсо бизнес коомчулук жана фонд, мына ушул факторлорго көңүл буралы деп жатабыз.

"Самрук-Казынада" 538 компания бар экен. Темир жолунан баштап вагон куруу, авиация жактан компаниялар бар. Ошондуктан бул капитал жана тажрыйба жактан кыйын уюм деп ойлойбуз. Жөнөкөй эле мисал келтирсем, "Самрук-Казына" Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэрди экономикалык маселелер боюнча жооптуу кеңешчи катары алыптыр. Менимче бул жакшы жышаан.

“Азаттык”: Өзүңүз билгендей, эки өлкөнүн ортосунда чек арага байланыштуу проблемалар бар. Кыргызстандык дыйкандар өндүргөн продукциясын мурдагыдай казактарга сата албай кыйналышууда. Ушундай маселелердин фонунда инвестиция салуу иштери кантип чечилиши мүмкүн? Бажы биримдигине кирмейинче деп токтоп калбайбы?
"Самрук-Казына" Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэрди экономикалык маселелер боюнча жооптуу кеңешчи катары алыптыр. Менимче бул жакшы жышаан.

Эрмек Өмүралиев: Турмуш болгон соң, мындай кыйынчылыктар болбой койбойт. Бирок биз ал кыйынчылыктар бар деп токтобошубуз керек. Чек ара маселеси дегенде кыргыз тарап улуттук долбоорлорду сунуштаса, кыргызстандык ишкерлердин каражаты, тажрыйбасы жетпей жатканда казак ишкерлери менен биргелешип бир долбоорду ишке ашырса деген ой бар.

Чек арада балким атайын эркин соода зонасын түзүү деген идея болушу мүмкүн. Анткени ошол эле казактардын Кытай менен чек арасында эркин соода зонасы бар, дал чек арада жайгашкан. Эки өлкөнүн өкмөттөрү шарттарды түзүп берген. Чакан бизнесмендер ошол жерде соодасын жүргүзө берет.

Бул маселелердин үстүндө иштебесе көйгөйлөр кала берет. Мындай маселелерди түбүнөн чечиш керек.

Биз чыгарган продукциябызды Түркияга, Орусияга сатканда чыгашабыздын жарымы эле унаага кетип калууда. Бул жагынан алып караганда Стамбул-Алматы темир жолу деген долбоор бар. Ушуну да жылдырса болот.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG