Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Алматыда өспүрүм кыз кулчулуктан куткарылды


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана макаладагы каармандарга тиешеси жок.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана макаладагы каармандарга тиешеси жок.

Кыргызстандык кыздарды Казакстанга сексуалдык кулчулукка саткан кылмыштуу жол ашкереленүүдө.

Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу ушундай жол менен алынып кеткен эки кыз куткарылганын кабарларды. Алардын бири - 15 жаштагы өспүрүм кыз.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, кулчулукка кабылган кыргызстандыктардын саны көбөйүп жатат.

Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна кулчулукка кабылган кыздардын биринин энеси 31-октябрда кайрылган экен. Консулдуктун кызматкери Айбек Турдубаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, кыздарды бала багып иштейсиңер деп алдап, Бишкектен 20-октябрда алып келишкен:

- Гуля деген Кыргызстандын жараны кызыбызды Алматы шаарына кулчулукка сатып жиберди деп арыз түшкөн. Арыздын негизинде биз ошол эле күнү мейманкананы текшергени чыктык. Ал жактан эки кызды таптык. Аларды сексуалдык кулчулукка мажбурлап жатышыптыр. Ал кыздарды Зарина деген кыргызстандык кыз кабыл алып иштетип жаткан. Бул иш боюнча кылмыш иш козголду. Териштирүү жүрүп жатат.

Турдубаев ушундай жол менен буга чейин да кыздар алынып келинген деген маалымат текшерилип жатканын кошумчалады.

Учурда кыздар Алматы шаарындагы кризистик борборлордун бирине жайгаштырылды. Энелери жакынкы убакта ал жакка жөнөгөнү жатат. Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Алматыга энелери менен кошо бир кызматкери да жөнөтүлөрүн “Азаттыкка” маалымдады.

Биз 15 жаштагы кызы кулчулукка кабылып калган эненин өзү менен байланыштык. Ал атын атабоону суранып, кызы Алматыга иштейм деп кеткенин айтып берди:

- Мен кызымды өзүм жөнөткөн эмесмин. Алматыда иштейм, ошол жактан жумуш таптым деп үйгө эки кыз менен келип кеткен болчу.

"Азаттык": Кызыңыз мектепте окучу беле?

- Бир себептер менен мектепте окубай калган. Менин колумда эмес, тайэнесинин колунда болчу. Берки кыздын да апасы келген. Экөөбүз тергөөчүдө отурабыз. Казакстандан бүгүн жетишпейсиңер, биринчи күнү келгиле деп чалып атышат.

"Айланайын, сак бол!"

Адистердин айтымында, соңку учурда кулчулукка кабылган кыргызстандыктардын саны көбөйүп жатат. Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы эксперти Жанна Салиеванын айтымында, мунун бир нече себептери бар:

- Адам кандай болсо да жакшы жашагысы келет. Четке чыгып, көбүрөөк акча тапкысы келет. Баары эле “мен кулчулукка кабылбайм” деп ойлойт. Бирок тилекке каршы кабылып калат. Өзүнүн укугун билбегендиги, четке мыйзамсыз жол менен чыкканы да кулчулукка кабылганга себеп болот. Иш берүүчү менен келишимге кол койбойт. Анан мунун баары ушундай окуялар менен аяктайт.

Былтыр 260тан ашуун адамга жардам бергенбиз. Быйыл жыл башынан бери 200дөй кишиге көмөктөштүк. Алардын көбү эмгек кулчулугуна кабылгандар. Мындайлар негизинен Орусияда, Казакстанда көп катталат. Сексуалдык кулчулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгү Түркияда жана Араб Эмиратында болот.


Эл аралык миграция уюмунун маалыматында жылына 5 миңден ашык адам эмгек жана сексуалдык кулчулуктун туткунуна айланат. Тартип коргоо органдардын эсебинде башка өлкөгө кетип жаткан ар бир алтынчы кыз-келин кулчулукка кабылат.

ТИМдин Тышкы миграция департаментинин маалыматында 2009-жылы адам сатуу боюнча 25 иш ачылса, 2010-жылы 13 жана өткөн жылы 9 гана факт катталган. Былтыр Орусияга, Казакстанга, Эмираттарга жана Түркияга мыйзамсыз жөнөтүлгөн 62 кыргызстандык мекенине кайтарылган.

XS
SM
MD
LG