Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Суу-энергетикалык долбоорлорго Казакстан да кызыгууда


Камбар-Ата-2 ГЭСи
Камбар-Ата-2 ГЭСи

Келерки жумада Кыргызстанга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттик сапар менен келет.

Казак президентинин сапарынын алдында Бишкекте эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү билдирүү жасады.
Алардын айтымында, жолугушууда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, айыл-чарба жана маданий байланыштар боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөкчү. Ал аралыкта Алматы облусунда кулчулукта жүргөн 12 кыргызстандык куткарылганы маалым болду.

Казакстандын кызыгуусу күч

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбековдун айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү жыл сайын жогору карай өсүп келатат:

- 2011-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 701 млн. долларга жетти. Бул беш жыл ичинде эки эсеге көбөйдү дегенди билдирет. Ал эми ушул жылдын январь-май айларында ал 296 млн. долларга жакындады. Бул былтыркы ушул маалга салыштырганда 168 пайызга жогору.

Буга чейин эки өлкө башчылары соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. доллардан ашыруу демилгесин да көтөрүшкөн, бирок бул чекти качан басып өтөрү белгисиз.

Кадырбековдун маалымдашынча, Казакстанда кыргыз-казак ишкерлеринин биргелешкен 250 чамалуу ишканасы бар, ал эми Кыргызстанда алардын саны 334.Тышкы иштер министрлиги эки өлкө эл аралык маанидеги олуттуу маселелер боюнча бир пикирде экенин, КМШ, ШКУ, ЖККУ, ЕврАзЭш сыяктуу бир катар уюмдардын алкагында иш жүргүзүп келатканын кошумчалады.

Муну Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Бейбит Исабаев да Бишкектеги маалымат жыйынында белгилеп, мамлекет башчыларынын жолугушуусунда каралуучу маселелерди атады.

- Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мүмкүнчүлүктөрү каралат. Ошондой эле Казакстан менен Кыргызстан ЖККУ, ЕврАзЭШ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы биргелешкен иштери каралат. Мындан тышкары, аймактык коопсуздук маселелер өзгөчө талкууланат деген оюбуз бар.

Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 22-августта келет жана анда бир катар келишимдерге кол коюлат. Эки тарап тең бул сапарга чоң маани берүүдө.

Казак элчиси Исабаев жолугушууда соода экономикалык, чек ара, суу-энергетикалык маселелер боюнча да сүйлөшүүлөр болорун айтты.

- Соода-экономикалык, суу-энергетикалык, айыл чарба жана маданият тармагындагы байланыштар каралат. Казакстан Кыргызстандын суу-энергетикалык долбоорлоруна кызыгуусун билдирип жатат. Булардын ичинен Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтерине, Нарын жогорку каскады боюнча да кызыгуусу бар.

Кыргыз жарандарын жана ишкерлерин түйшүккө салган маселе кыргыз-казак чек арасынан өтүү экени белгилүү. Казак элчиси аны Казакстан Бажы уюмуна кирип, ага ылайык бажы бекеттери жаңы талаптар менен иштеп жатканы менен түшүндүрдү. Ал ошол эле кезде кыргызстандык ишкерлер Бажы биримдигинин талаптарын кыйгап өтүүгө аракет кылып, адам тыгынын арбытып жатканын айтты.

Кулчулуктан 12 адам куткарылды

Казакстанда болжол менен 300 миң чамалуу кыргыз жараны эмгектенери айтылып келет. Алардын арасында мыйзамсыз барып кулчулукка түшүп калганы, айлык маянасын ала албай жүргөндөрү да жок эмес. Маселен, буга өткөн аптада Алматы облусунан кулчулуктан куткарылган адамдардын тагдыры далил.

Ал адамдар 14-августта Бишкекке жөнөтүлгөнүн Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдуктун өкүлү Айбек Турдубаев маалымдады.

- Биз кечинде саат 8де бардык. Барсак 12 жаран бар экен, бешөөсү жаш балдар болуп чыкты. Бул адамдарды оперативдүү топ менен барып алып чыктык. Аларды бир күн мурда ошол жердеги кожоюндун иниси сабаган экен. Кантип келип калдыңар деп сурадык. Көрсө аларды Соня деген казак келин Токмоктон алып келиптир. Ал “жумасына 5 миң теңгеден берем” деп алып келген экен. Булардын келгенине бир ай гана болуптур.

Бул адамдар Кыргызстандан бир ай мурда Алматы облусундагы Каскелен шаарчасында кирпич заводго иштегени барышкан экен. Адистер биринчи кезекте бул көрүнүшкө мигранттар өздөрү себепчи болуп жатканын белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG