Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:27

Таукина: Бишкек Астанадан коркту окшойт


Розлана Таукина.

Кыргызстанда биринчи инстанциядагы соттун блогер жана активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берүүгө жол ачкан чечимин коңшу өлкөнүн укук коргоочулары менен активисттери да сынга алышууда.

“Азаттыктын” айрым суроолоруна Казакстандын "Тең укуктуу журналисттер" федерациясынын президенти Розлана Таукина жооп берди. Ал оболу расмий Астана Бишкектен өткөрүп алууга аракеттенип жаткан Муратбек Тунгышбаевдин журналисттик жана блогерлик ишмердигине токтолду.

Таукина: Муратбек Тунгышбаев Казакстандагы жигердүү блогер. Ал бул багыттагы ишмердигин 2011-жылы Жаңы-Өзөндө нааразылыкка чыккан мунайчылар ок жеп, атылган учурда баштаган.

Тунгышбаев Жаңы-Өзөнгө биринчилерден болуп барып, кан төгүүнүн күбөлөрүнүн айткандарын тасмага түшүргөндөрдүн бири болгон. Качып жаткан адамдарды милиция кубалап, ал түгүл жыгылып калгандарын да аткылашканы тартылган таанымал тасманы жергиликтүү тургундардан дал ушул Муратбек Тунгышбаев алып келген. Кийин Интернетте "16/12" деген маалыматтык телеканал ачкан.

Каналдын аталышы 2011-жылдын 16-декабрында Жаңы-Өзөндө мунайчылар атылган күндү эске салып турат. Жаңы-Өзөн окуяларынын күбөлөрүнөн көп сандагы интервьюларды дал ушул Муратбек Тунгышбаев чогулткан.

Блогер катары алты-жети сайт ачып, Кыргызстанда камакка алынганга чейин аларда өз материалдарын жарыялап келген. Сайттары азыр да иштеп жатат. Куугунтук башталган кезде ал өзү Кыргызстанга, ал эми сайттарга жардам берген кесиптеши Киевге качууга аргасыз болушкан.

Бийликке ыңгайсыз болуп калган соң бүгүн Муратбекке "ал “Казакстандын демократиялык тандоосу” деген кыймылдын жактоочусу" деген жалаа жабышууда. Бул уюм Казакстанда экстремисттик деп табылган, бул албетте туура эмес. Андыктан Тунгышбаевди “Казакстандын демократиялык тандоосуна” жабыштыруу деле ойдон чыгарылган нерсе жана Астана аны өткөрүп алышы үчүн гана негиз болуп жатат. Биз болсо анын экстрадицияланышына каршыбыз. Муратбек качкын макамын алып, үчүнчү өлкөгө чыгарылышы керек деп эсептейбиз. Анын экстрадицияланышы бери дегенде эл аралык мыйзамдарга каршы келет.

Казак оппозициясынын Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүдөн кийинки митинги. Алматы, 28-январь, 2011-жыл.
Казак оппозициясынын Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүдөн кийинки митинги. Алматы, 28-январь, 2011-жыл.

​“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү "сот чечимин аткарып жатабыз" деген жүйө менен Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берди дейли. Мындай шартта аны мекенинде эмне күтөт?

Таукина: Аны сот күтөт, алты жылдан он беш жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн. Бул адилетсиз соттоо болот, биз анын тагдырына, үй-бүлөсүнө тынчсызданып жатабыз. Албетте, биздин түрмөлөрдө кыйноо колдонуларын да эске алыш керек. Саясий айыпкерлерге басым-кысым гана жасалбастан, аларга мөөнөтүнөн мурда бошонууга, кандайдыр жеңилдиктерден пайдаланышына эч мүмкүнчүлүк берилбейт.

"Казакстан чек араларды кайрадан жабат, Кыргызстанга каршы мыйзамсыз чараларга барат" деген коркунучтардан улам Бишкек саясий макулдашууга барып жатат.

Бирок биз Муратбек үчүн күрөштү улантуудабыз. "Чек арасыз кабарчылар" уюмуна, Журналисттердин эл аралык федерациясына, Журналисттерди коргоо комитетине кайрылдык. Менимче, эл аралык коомчулук Тунгышбаевдин ишине жакшылап көз салууда жана биз бул Кыргызстандын эң акыркы чечими эмес деп үмүттөнөбүз.

Расмий Бишкек саясий өңүттү кайрадан адам укуктарын коргоонун эл аралык эрежелеринен өйдө коюп жатканына каршыбыз. Анткени, "Казакстан чек араларды кайрадан жабат, Кыргызстанга каршы мыйзамсыз чараларга барат" деген коркунучтардан улам Бишкек саясий макулдашууга барып жатат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Бирок Муратбек Тунгышбаев президент Нурсултан Назарбаевдин бийлигине коркунуч туудурган саясий ишмер деле эмес, туурабы? Же казак бийлиги оппоненттеринин ким экенин, майда-чоңун карабай, алардын баарын жазалоого аракеттенип жатабы?

Таукина: Бийлик Тунгышбаевге коомдук же саясий ишмер деген жарлык тагууга умтулууда. Жасалма иш козгошту. Чын-чынында ал биринчи кезекте блогер, журналист жана активист да. Ал саясий ишмер эмес.

“Азаттык”: Азыр казак өкмөтү “экстремисттик” деп санаган, лидери бозгунда, четте жүргөн “Казакстандын демократиялык тандоосу” деген кыймылдын жактоочуларына каршы куугунтуктун жаңы толкуну байкалып жатпайбы. Муну эмне менен түшүндүрөсүз?

Таукина: Ооба, азыр оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун бардык пикирилештерин куугунтуктаган толкун кетип жатат. Анын өзүн жеке колдогондор гана эмес, “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын жактоочулары да кодуланууда. Алар өз кезегинде турмуштук, туура эле талаптарды көтөрүп жатышат. "Мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы, пенсия жогоруласын, Казакстандын жери чет элдиктерге ижарага берилбесин" деген маселелер. Бул талаптардын баары жөндүү, менимче, Казакстандын коомчулугу үчүн да актуалдуу.

Казакстанда кандайдыр митинг-демонстрацияларга чыгууга иш жүзүндө толук тыюу салынган. “Казакстандын демократиялык тандоосунун” жактоочулары жер-жерлерде ошондой митинг өткөрүүгө аракеттенгенде аларды массалык түрдө камап жатышат. Ал түгүл ошол митинг өткөрүү аракетин чагылдырууга келген журналисттерди да жапырт кармап кетип, түшүнүк кат жаздырып жатышат. Ушундай соңку учур 23-июнда болду.

Муратбек Тунгышбаевдин куугунтукталышы да бийлик альтернативалуу көз-карашты колдогон, ой-пикирдин көп түрдүүлүгүнө жол берген, Казакстандын бийликтери кабыл алган чечимге каршылык көрсөткөн блогерлер менен журналисттердин жана башкалардын оозун жабуудан кайра тартпаганын айдан ачык эле көргөзгөн учурлардын бири.

Тунгышбаев Казакстанга кайтарылышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00
​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG