Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

"Убакытты үнөмдөсөк, каргаша тооруду"


"Айдоочу уктап кетип, кырсыкка кабылдык"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Кырсыктаган бийчилердин үчөө учурда Бишкектеги №4 ооруканада дарыланууда.

Казакстанда жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган бийчилердин төртөө Бишкекке алып келинди. Калган он үч бийчи поезд менен келмей болушту.

18-августта Түркмөнстанда болгон фестивалга катышып келе жаткан кыргызстандык 18 бийчи Казакстандын Маңгыс-Тоо аймагында жол кырсыгына кабылган. Алардын үчөө олуттуу жараат алып, Алматы аэропортуна учак менен, андан ары тез жардам унаасы менен Бишкекке алып келинди. Калгандарынын жаракаты жеңил болгондуктан поезд менен келе жатышат.

Айымбүбү “Дея” тобунун бийчиси. Азыр ал алган жараатынан улам Бишкектеги №4 оорукананын Травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. Амандыгына шүгүр кылган кыз буларды айтып берди:

- Кырсык болгон учурда мен уктап келе жаткам. Башымдан оор жаракат алып, эсимди жоготуп коюптурмун. Эки күндөн кийин гана ооруканада көзүмдү ачтым. Эң башкысы аман калганыма сүйүнүп жатам.

“Айдоочуга дообуз жок”

Казак жеринде бийчилердин кырсыкка учурашы коомдо ар кандай сөздүн чыгышына себеп болду. Каражат тартыштыгынан кичи автобуска түшүп, коопсуздукка маани берилген эмес деген пикирлер да айтылууда. Бирок “Дея” бий тобунун жетекчиси Наргиза Кажиева бул кепти четке какты:

- Негизи биздин жана Казакстандын делегациясы үчүн атайын башка автобустар алдын ала сүйлөшүлгөн. Биз алгач поездге түшүп, анан эрте жетели деген максатта кайра автобус жалдаганбыз. Мен айдоочуну деле күнөөлөбөйм, бул эми кырсык да. Арыз да жазган жокпуз, себеби айдоочу туугандары менен бир топ жардам көрсөтүштү. Менин баш мээм чайкалып, оң бутум сынган, андан тышкары көзүмдүн териси жабыркаган. Дарыгерлер алган жаратым өмүргө коркунуч туудурбасын айтышты.

Кажиеванын айтымында, кырсыкка чейин алар автобус айдоочусуна бир нече жолу жай айдоо керектигин эскертишкен.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 18 адамды ташыган унаанын айдоочусу уктап кеткен. Бул автобустун жолдон чыгып, оодарылып калышына себеп болгон. Натыйжада, бир бийчи кыздын омурткасы, эки кыздын буту сынган. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун айтымында, Казакстандын аймагында болгон жол кырсыгынын себептерин билүү максатында тийиштүү органдарга атайын кат жолдонду:

- Астанадагы кыргыз элчилиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине жол кырсыгы жана анын себеби туурасында нота жиберген. Азыр жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, расмий маалымат келе элек.

Адатта, жол кайгуул кызматкерлери атайын өкүлдөрдү, жаш балдар түшкөн автобустарды коштоп жүрүшөт. Казакстанда кырсыктаган өспүрүмдөрдүн ата-энелери буга байланыштуу "Автоунаа түн ичинде жолго чыккан, аны МАИ кызматкерлери коштоп жүргөн эмес" деген түрдүү дооматтарды айтууда. Бирок Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторовдун айтымында, бул үчүн аталган кызматка алдын ала документтер берилиши керек:

- Жол кайгуул кызматкерлери коштоосу үчүн алдын ала ошол эле Билим берүү же Маданият министрлиги тарабынан кат жибериши керек. Андан кийин гана маршруту такталып, уруксат берилет.

Бийчилерди фестивалга жеткирүү, алып келүү иштерин “Тагдыр, мезгил, жашоо” коомдук фонду уюштурган. Учурда кырсыкка кабылгандардын төртөө Бишкектеги №4 ооруканада. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы канааттандырарлык. Калгандары поезд менен Бишкекти көздөй сапар тарткан. Кырсыктан жабыркагандарды Кыргызстанга жөнөтүүдө Казакстандагы кыргыз элчилиги жана кыргыз диаспорасы биргеликте аракет көрүүдө.

Ошентсе да бул окуя улам бир дубанды кыдырып, жолдо жүргөн чыгармачыл коллективдердин коопсуздугуна көңүл буруу керектиги тууралуу маселени көпчүлүктүн эсине салды.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG