Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Кочкор-Атада карылар үйү талашка түштү


Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында мындан жыйырма жыл мурун ачылган карылар үйү талашка түштү.

Карылар үйүн 1989-жылы республиканын кайрымдуулук кору, Ноокен райондук бийлиги жана Кочкор-Атадагы “Кыргызмунайгаз” ишканасы негиздеген. Эки кабаттуу имаратты жер аянты, бак-дарагы менен пансионго мүлк кору аркылуу өткөрүп берген ишкана кийин аны өз буйругу менен бекиткен.

Директор Жусуп Ажибаевдин айтымында, шаар бийлиги да өз менчигине албастан 1999-жылкы акт менен имаратты пансионго берген экен. Ажибаев мекеме-уюмдар ижарага төлөгөн каражатка имаратты оңдоп, аны дурус абалга жеткиргенден кийин шаар бийлиги кайра талашып жатканын билдирди.

Ажибаев пансион шаарда мурда 50-60тай кароосуз калгандарга, ушул учурда 22 кемпир-чалга бир маал тамак берип, көмөкчү бөлмөлөрдө үч карыя жашаарын тастыктады:

- Кочкор-Ата шаар өкмөтү имаратты тартып алганга аракет кылууда. Булардын ушул жерде балдар бакчасын куруу керек деген ойлору бар. Кочкор-Ата шаарында үч жерде иштебей жаткан балдар бакчалары бар, авариялык абалда. Ошолорду оңдоп, ошолордун аянттарын пайдаланганга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Булардын кызыкканы – биздин имараттын жакшы каралганы, сакталганы, жакшы оңдолгону. Биз жумшаган мээнеттердин үзүрүн көргүлөрү келип жатышат.

67 жаштагы Фая Исанованын балдары Орусияда. Ал үйүндө өзү жалгыз калганына кейиди. Байбиче өзүндөй жалгыз-жарым карылар тамактанууга пансионго келгенде кобурашып, убакыт өткөрөөрүн белгиледи:

- Балдарга эне керекпи? Жалгызмын. Күнүгө бир маал ысык тамак беришет, саат 12де ичип атам. Пансионду жаппаш керек. Үй-бүлөсү жок, жесир адамдар өз ара сүйлөшүп отурабыз. Карыган адамдар көп. 2500 сом пенсия алам, ал жетпейт да.

Директор Жусуп Ажибаев жана пансиондо жашаган Павел Жданов
Директор Жусуп Ажибаев жана пансиондо жашаган Павел Жданов
Павел Жданов аттуу аксакал пансиондо үч жылдан бери жашайт. Ал түрмөдөн чыкканча аялы үй-жайын сатып, башка өлкөгө кетип калган экен. Карыя пансиондун кызматын көбүнчө өзү сыңары көп жыл “Кыргызмунайгаз” ишканасында иштеп, пенсияга чыкканда ооруган жана бала-чакасы жок, жалгыз бой, баш калкасыз калган адамдар көрөөрүн билдирди:

- Менден башкалар да жашайт, бул жерге оокат ичкени жыйырма бештей адам келет. Бул жерде төрт адам жашайт. Менден башка дагы экөө, анан батири жок, келип-кетип жүргөн дагы бирөө. Пансионго муктаж болгон, көрүнгөн жерде каралбай калган, ордунан тура албаган адамдар көп. Бардыгы тартып алгысы келет. Пансион жабылса, мен кайда барам, биз кайда жашайбыз?

Шаар мэриясы пансиондун имаратында балдар бакчасын ачууну көздөөдө. Мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Чолпонбай Өсөров имарат мурда карылар үйүнө убактылуу берилгенин, ал жай Ноокен райондук бийлиги менен кеңеши биргелешип, 1996-жылы чыгарган буйруктун жана жерге жайгаштыруу башкармасынан 2008-жылы берилген күбөлүккө ылайык мэрияга караштуу экендигин билдирди:

- Азыркы мезгилде Кочкор-Ата шаарынын калкы менен балдары көбөйгөнүнө байланыштуу мектеп жана балдар бакчалары жетишпей турат. Себеби шаар мэриясындагы “Жомок” балдар бакчасын Н.Исанов атындагы жатак мектептин имаратына жайгаштырсак, ал жараксыз болуп чыкты. Фрунзе көчөсүндөгү карылар үйү биздин карамагыбызда. Имарат карылар үйүнө убактылуу берилген экен. Бирок эки кабаттуу имараттын шаардык архитектура турган жайдан башка бөлмөлөрдү пансиондун деректири Ажибаев уруксатсыз субарендага берип жиберген. 2002-жыл 18-сентябрында биздин карамакка өткөн имарат болуп эсептелет. Үч-төрт карыя анын жанындагы көмөкчү кааналарда жашайт. Карыларды өзүбүз багып алуу колубуздан келет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG