Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Көкбөрү: Чүй менен Талас күч сынашты


"Чүй ардагерлери" командасынын капитаны Канат Исаев.
"Чүй ардагерлери" командасынын капитаны Канат Исаев.

Бишкектеги Ак-Кула атмайданында көкбөрү боюнча "Чүй-Талас ынтымагы" турнири жыйынтыкталды.

Ак-Кула атмайданына Чүй жана Талас облусунан сегиз команда келди. Андан тышкары эки облустун ардагерлери да 40 жаштан жогоркулардан бирден команда түзүшкөн.

Оюн үч күн уланып, бул саам Таластын улакчылары мыкты даярдыкта келгенин көрсөтө алышты. Чүйдүн атынан чыккан Сокулук, Аламүдүн жана Токмок алгачкы күнү эле Таластын Кара-Буура, Манас жана Талас райондорунун улакчыларына утулуп калды.

Натыйжада Сары-Өзөндүн намысын коргоп, Жайыл районунун улакчылары гана калды. Алар биринчи оюнда Бакай-Атаны ири эсепте утканы менен, жарым финалда Кара-Буурага 8:6 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Ошентсе да үчүнчү орун үчүн оюнда Жайыл району Таластын Манас району менен ойноп, 11:6 эсебинде жеңишке жете алышты. Жайылдын мыкты оюнчусу Рустам Тыналиев:

- Негизги финалга чыга турган команда болчубуз. Кечээ Кара-Буура менен ойноп жатып, биринчи бөлүктө 4:0 эсебинде алдыга кеткенбиз. Бирок үчүнчү таймда аттарыбыз чарчап калды. Ошон үчүн Кара-Буура бизди жеңип алды. Бирок ага деле көп өкүнгөн жокпуз, себеби бул ынтымак оюн.

Рустам Тыналиев.
Рустам Тыналиев.

Финалда Кара-Буура менен Талас райондорунун оюну кызуу талаш менен уланды. Талас районунун көкбөрүчүлөрү коңшу райондун улакчыларын 6:2 эсебинде утуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Талас районунун капитаны Марлис Койгелдиев команда башынан эле турнирге жеңүү максаты менен келген дейт.

- Катуу даярдандык, өз күчүбүздү билгенбиз. Чүйлүктөр өтө күчтүү улакчылар, ошондуктан команданы күчтүү оюнчулар жана аттар менен толуктадык. Эми жыйынтыгы абдан жакшы. Өзгөчө командабызда бүгүн Майрамбек Рыспеков жакшы ойноду. Бул оюнчуга келечекте чоң үмүт артып жатабыз.

"Карт бөрүлөр" көкбөрүгө келишти

Жогоруда учкай айткандай эле турнирдин дагы бир өзгөчөлүгү - Талас жана Чүй облустарынын ардагерлери өз командаларын курап, бири-бири менен күч сынашты. Бул жерде чүйлүктөрдү Көкбөрү федерациясынын мурдагы президенти Канатбек Исаев жетектеп чыкса, таластыктардын капитандык милдетин Көкбөрү федерациясынын мурдагы өкүлү Талас Бегалиев аткарды.

Талас Бегалиев.
Талас Бегалиев.

40 жаштан жогорку ардагерлер улакчылар дагы деле болсо ээр үстүндө бекемдигин далилдеп, Талас ардагерлери 4:1 эсеби менен оюнду жыйынтыктады. Канатбек Исаев ардагерлердин оюнун көбүрөөк өткөрүү керектигин "Азаттыкка" айтты:

- Чындыгында команданы түзүп жатканда тизмеге оюнчулар батпай калды. Көрсө кырктан ашканына карабай көкбөрүнү ойноп жаткандар көп экен. Ошондуктан бүгүнкү оюн чоң мелдештин башталышы болот окшойт. Албетте жаш курак оюндун ылдамдыгын жайлатат экен, ошентсе да ат үтүнөн улакты кандай тың эңип кетип жатканына күбө болдук.

"Чүй-Талас ынтымагы" турниринин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү. Мелдешти жеңген Талас району 200 миң сом, экинчи орунду алган Кара-Буура 150 миң, ал эми Жайыл району 100 миң сомго ээ болду. Мындан башка ардагерлерден түзүлгөн Талас командасы 100 миң, ал эми Чүй ардагери 70 миң сом акчалай сыйлык алышты.

Ошондой эле оюндун жүрүшүндө мыкты оюнчу, мыкты улакчы, мыкты ат тандалып, акчалай сыйлыкка ээ болду.

Ушундай эле турнир мындан бир ай мурун Таласта өткөн жана ал жакта Сокулук жана Жайыл райондору алдыңкы эки орунду алышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG