Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Корея: кыргыз мигранттын укугун элчилик коргоодо


Ушул жылдын февраль айында 21 жаштагы кыргызстандык мигрант Чыңгыз Түштүк Кореянын Кёнгидо провинциясындагы Ансан шаарында машине куруучу заводдо иштеп жаткан маалда сол колунун бармагын алдыртып алган. “Азаттыкка” курган маегинде Чыңгыз мындан бир жыл мурда Кореяга иш издеп, мыйзамсыз жолдор менен кеткенин ачыктады.

Майыптыкка учураган кыргыз уланынын укугун коргоо боюнча Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги иш алып барып жатканы маалым болду.

Саламаттыгына өндүрүштүк залал келтирген Чыңгыз колуна жасалган соңку операциядан кийин ооруканада жатат. Ал келерки аптада бейтапканадан чыгат.

Чыңгыздын даарыланышына кеткен чыгымдар ал иштеген мекеменин камсыздандыруучу компаниясынын эсебинен төлөнгөн. Ден соолугуна өндүрүштүк залал алган кыргыз мигрантына компенсация төлөтүү боюнча аракеттер элчилик тарабынан көрүлүүдө.

Чыңгыз менен маекти бул жерден угуңуз:

XS
SM
MD
LG