Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

КСДПнын үгүт ыкмасын айгинелеген тасмалар


Кыргызстан социал-демократтар партиясынын үгүт жарнагы
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын үгүт жарнагы

Үгүт маалында бийликтеги Социал-демократтар партиясы административдик ресурс колдонуп жатат деген дооматтар көп айтылууда.

Партия муну четке какканы менен, жер-жерлерде мамлекеттик кызматкерлерди мажбурлап, КСДПнын жыйындарына алып барганы, ал тургай элди жыйынга даярдап жаткан тасмалар интернетке чыгып кетти. "Азаттык" радиосу шайлоодогу мыйзам бузууларды чагылдыруу максатында Whatsapp атайын номерин ачкан. “Азаттык” эл жиберген видеолордун чоо-жайына сереп салды.

Төраганы күтүп жаткандардын тасмасы

Үч мүнөткө жетпеген видеодо залга чогулган отуздан ашык адам кудум майрамдык иш-чарага даярданып жаткандай. Зал толтура киши парламент төрагасы, социал-демократтардан талапкер Асылбек Жээнбековду салтанаттуу тосууга кызуу даярданып жатканын тасманын башында көрүүгө болот.

Төраганы тосуу сценарийинин режиссеру болуп жаткан аял өтчү жыйынды болжолдуу сүрөттөп, өзү спикер Жээнбековдун ролуна кирип, ал келатканда залда отургандар шатырата кол чаап турушу керектигин түшүндүрүп жатат. Видеону көрүп отуруп, аргасыздан советтик доор көз алдыга элестейт.

Мамлекеттик кызматкерлерди мажбурлап жыйынга катыштырган көрүнүштү социалдык тармактарда кызуу талкуулап жатышат.

Шайлоонун шаңдуу видеосун интернетке “Азаттык” партиясынын талапкери, журналист Дайырбек Орунбеков жүктөгөн. Журналисттин ырасташынча, видеодогу көрүнүш 29-сентябрда Кара-Кулжа райондук акимчилигинде болгон. Орунбеков жергиликтүү бийлик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди КСДПны колдобосоңор жумуштан айдаласыңар деп коркутуп жатканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине аралашпашы керек эле. Ал эми бул жакта болсо ушундай болуп жыйындарга даярданышууда. Төрага өзүнүн кызмат абалынан жакшы эле пайдаланып жатат.

Орунбеков бул тасманы райондук акимчиликтин кызматкери таратканын айтып, “коопсуздук максатында” деп анын аты-жөнүн атаган жок. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунда туулуп өскөн.

Видеонун чын-төгүнүн билүү үчүн Кара-Кулжа районунун бийлигине байланышып, так жооп ала алуу аракетибиз алгач оңунан чыккан эмес. Район акими Каныбек Алиязов видеодогудай даярдык тууралуу кабары жоктугун айтып, "Мен азыр келдим, ал видеону көрө элекмин" - деп телефонун басып койгон эле.

Бирок макала жарыялангандан кийин аким Каныбек Алиязов өзү байланышка чыгып, Кара-Кулжа райондук администрациясынын атайын залындагы үгүт учурунда тартылган тасма боюнча түшүндүрмө берди жана ал иштерге жергиликтүү бийликтин тиешеси жок деген оюн айтты:

- Райондо бардык партиялардын үгүт кампанияларына бирдей шарт түзүлгөн. Партиялар жолугушуу өткөрүү үчүн сураган жерлерге уруксат берип атабыз. КСДП партиясы деле бизден уруксат сурап, акимиаттын жыйындар залында даярдык иш-чарасын өткөрүшкөн. Жолугушууга келгендердин арасында мамлекеттик кызматкерлер жок, алардын баары КСДП партиясынын мүчөлөрү болгон. Ал жыйынга мен катышкан эмесмин. Мен мындан башка да партиянын жыйындарына барган жокмун. Ал видеону чагым уюштургусу келген адам таркаткан болушу мүмкүн, - деди Алиязов “Азаттыкка”.

Ал эми тасмадагы Жогорку Кеңештин төрагасы, КСДП партиясынын өкүлү Асылбек Жээнбековду салтанаттуу тосууга жарандарды машыктырып жаткан Жээнбү Кебекчиева болсо, акимияттын кызматкери экенин мойнуна алды. Бирок жумуштан сырткары убакта өз эрки менен партияга иштеп жатканын билдирди.

- Мен учурда эмгек өргүүсүндө жүргөн адаммын. Азыр мамлекеттик жумуштан сырткары жүргөндүктөн, Кыргызстандын эркин жараны катары кайсы бир партияга иштөөгө укугум бар. Мен КСДП партиясынын саясатын колдогон киши катары алардын иш-чарасын уюштурууга жардам берип жаткам. Ал эми “Ура, ура! Жашасын КСДП партиясы!” деген ураандар бул нормалдуу эле көрүнүш. Ар бир партиянын мүчөлөрү каалагандай даярдык менен шоу уюштуруп, өздөрү каалагандай жол менен жетекчилерин тосуп алышы мүмкүн. Башка партиялар лидерлерин ат мингизип, колуна куш карматып тосуп алып атышат, а биз аларга караганда жөнөкөй кылып эле тосуп алып атабыз. Видеодо көрсөтүлгөн адамдар алар болгону партиянын мүчөлөрү. Мунун баарын мен КСДП партиясына карата "кара пиар" деп эсептейм, - деди Кебекчиева.

"Элдин баары жолугушууда"

Ал ортодо “Азаттык" радиосунун шайлоого байланышкан окуяларды Whatsapp аркылуу кабыл алган номерине ошол эле Кара-Кулжа районунан Эркин Асанов деген тургун КСДП партиясы 29-сентябрда стадиондо жыйын өткөрүп, анын айынан бир дагы мамлекеттик мекеме иштебей турат деген видеосун жиберди.

Автор райондогу бир нече мамлекеттик мекемелерди кыдырып, баарында кара кулпу илинип, кээ биринде ырымга бир кызматкер калганын тартып алган.

Иш ордунда эч ким жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Кара-Кулжадан Жумгал кем бекен?..

“Азаттыкка” дагы бир видео Нарындын Жумгал районунан келген. Тасмада КСДПдан талапкер Автандил Кулбараков каржылаган төрөткананын ачылышында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы бийликтеги партиянын үгүтчүлөрү менен кошо жүргөнү көрүнөт. Видеонун автору кошумчалагандай, Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Кыдыралиев КСДП партиясына ачык эле үгүт жүргүзүп, мугалимдерди, мектеп директорлорду жыйындарга күч менен алып келүүдө.

“Азаттык” Кыдыралиев менен байланышканда ал бийликтеги партиянын чогулушунда жүргөнүн мындайча түшүндүрдү:

- Мен айылдын патриот адамы катары эле бардым. Мугалимдерди алып барганым жок.

Жумгал райондук оорукана башчысынын буйругу
Жумгал райондук оорукана башчысынын буйругу

Жумгалдык ишкер Автандил Кулбараковдун кичи мекениндеги төрөт үйүнүн курулушун каржылаганын колдогондор менен катар анын ачылышын үгүт айына туштаганын сындагандар дагы арбын.

Ал эми райондук оорукана башчысы чыгарган буйрукта Кулбараковдун аты-жөнү жазылып, ишкерди колдоого кыйыр чакырык ташталат.

Акаев: КСДП административдик колдоого муктаж эмес

Бийликтеги партиянын дарегине айтылган сын-пикирлерге түшүндүрмө алуу үчүн Социал-демократтар партиясынын маалымат кызматы менен байланыша албадык. Партиянын кеңсеси убакыт жоктугун айтып, эртең жооп беребиз дешти.

Шайлоого байкоо салган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы дагы башкаруучу партия административдик ресурс колдонуп жатканын ырастоодо. Укук коргоочу, активист Рита Карасартова президенттин партиясы административдик ресурсту болуп көрбөгөндөй колдонуп жатат деп эсептейт:

- Мугалимдерди, дарыгерлерди укмуш эле колдонуп жатат. Тизмелериңерди бул жакка каттагыла деп жыйналыштарга сабактарды токтотуп коюп барып жатышат. Ал эми президент да аймактарды кыдырып жүрөт шайлоодо. Андан көрө БУУнун жыйынына катышпайбы.

Президент демекчи, ушул тапта Атамбаев өлкөнүн аймактарын кыдырып, жыйындарды өткөрүүдө. Коомчулукта мамлекет башчынын бул жүрүшүнө президент шайлоо өнөктүгүнө кыйыр түрдө катышып, өзү түптөгөн партиянын таламын талашууда деген баа берилүүдө. Бул президенттин Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы сапарында байкалды. 28-сентябрда Атамбаев Бишкек шаарынын активи менен жолугушту. Айтылган сөздөргө караганда, ал жерде да шайлоо маселеси көңүл борборунда болгон. 16-сентябрда Лейлекте, 30-сентябрь күнү Нарында президент катышкан жыйындарга журналисттер киргизилген эмес.

КСДПдан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев бийликтеги партия административдик ресурс колдонуп жатат деген пикирлерге мындайча жооп берет:

- КСДП административдик ресурска муктаж эмес. Бирок партияга жагынуу максатында айрым жергиликтүү бийликтегилер ушундай көрүнүш кылып жатышы мүмкүн.

Шайлоодо бардык көзөмөлдү мойнуна алган Борбордук шайлоо комиссиясы дагы бийликтеги партияга келгенде жумшара түшкөндөй. 28-сентябрда “Азаттык” партиясынын жетекчиси Исмаил Исаков Социал-демократтар партиясынын үгүт жарнамалары боюнча чара көрүүнү суранып, БШКга арыз жолдогон. Анда социал-демократтардын “Өлкөнү ойлойлу, президентти колдойлу!” деген чакырыгы Баш мыйзамды бузат деп белгиленет. БШК бул арызды карап, бийликтеги партия мыйзам бузган жок деген тыянак чыгарды.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG