Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

КСДП ураанына президентти кошууда


КСДП партиясынын шайлоо баннери
КСДП партиясынын шайлоо баннери

Бийликтеги КСДП партиясы үгүт өнөктүгүндө президентти кеңири пайдаланууга өттү. Добуш берүүгө аз калганда жаңыланган партиянын көрнөк-жарнактарында президентке байланыштуу ураандар көтөрүлдү. Бийлик оппоненттери КСДП муну менен шайлоо мыйзамдарын бузууда деп сынга алууда.

Добуш берүүгө саналуу күндөр калганда КСДП үгүт жарнактарын алмаштырып, анда “Өлкөнү ойлойлу, президентти колдойлу!” деген ураанды кеңири колдоно баштады.

КСДПнын президентти үгүт өнөктүгүндө ургалдуу колдоно башташын эки-үч фактор менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиден, шайлоого катышканы үчүн кимге милдеттүү экенин КСДПнын талапкерлерине эскертүү катары баалоого болот.

Экинчиден, КСДПнын үгүт өнөктүгү ийгиликтүү болбой, алар президентти пайдаланууга аргасыз болушкандай. Үчүнчүдөн, президент аркылуу арбын добуш топтоп, парламентти толук көзөмөлгө алуу максатын да четке кагууга болбойт.

Президент өзү да шайлоо өнөктүгүнө кыйыр түрдө катышып, элди “туура добуш берүүгө” үндөп жатат. Бул президенттин Баткен, Ысык-Көл облустарына сапарында байкалды. Андан сырткары 28-сентябрда Бишкек шаарынын активи менен жолугушту. Жолугушууда айтылган сөздөргө караганда, ал жерде да шайлоо маселеси көңүл борборунда болгон. Бул шаар үчүн бөлүнүп жаткан каражаттар, оңдоло турган мектептер жана башка социалдык жыргалчылыктар жөнүндө сөз болушунан тастыкталат.

Бийлик оппоненттери КСДП президентти пайдалануу менен Конституциянын талаптарын бузууда деп айыпташты. "Азаттык" демократиялык партиясы бул боюнча атайын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдоп, анда президенттин кыйыр түрдө үгүт өнөктүгүнө катышуусу Конституциянын 63-беренесинин 3-пунктун бузары көрсөтүлгөн. Бул пунктта президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде саясий партияга мүчөлүгүн токтотуп турат жана партиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эч кандай иштерге катышпайт деп жазылган. Мындай шартта партия өз кайрылуусунда КСДПнын шайлоодон четтетилишин талап кылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров "Азаттык" демократиялык партиясынын арызы БШКга келе электигин, ошондуктан анын качан каралышы белгисиз экендигин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстандагы жарандык активисттер да кайрылып, КСДПны шайлоодон четтетүүнү талап кылды. Алардын кайрылуусунда да КСДП шайлоо өнөктүгүндө президентти пайдаланып, Конституциянын талаптарын одоно түрдө бузууда дейт.

БШКга кайрылууга кол койгон жарандык активисттердин бири Бурул Усманалиева:

- Анткени алар өздөрүнүн ураандарында президенттин кызматтык абалын колдонуп атышат. Президент биз менен, демек президентти колдогула дегендин өзү юридикалык жактан туура эмес. КСДП ачык түрдө да, кыйыр түрдө да ошону далилдеп жатат. Кыйыр түрдө жарнактарында КСДП менен сүрөткө түшкөнүн көрсөтүп атат, телеканалардарда да көрсөтүлүүдө. Экинчиден, кечээтен баштап ачык түрдө эле пайда болду, баннерлерде “Өлкөнү ойлогула, президентти колдогула” деп турат.

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев президенттин КСДП менен байланышы жөнүндө жазуу түрүндө далил жок болгондуктан, партияны шайлоодон четтетүү кыйын дейт:

- Президент - бул мамлекеттин башчысы. Биз баарыбыз “Кыргызстанды колдойлу, элди колдойлу” деп атабыз го, ошондой терминдин бирөө деп эсептейм. Эгерде президенттин партияга түздөн-түз тиешеси бар экенин далилденген болсо, анда башка маселе. Бирок Алмазбек Атамбаев президентке шайлангандан кийин партиядан чыгууга милдеттүү болчу, ал чыгып кеткен. Эми бул жерде БШКнын каалоосу керек. Алар аны президентке байлап туруп алып салса болот. Анткени алар эч кандай мааниси жок эле Ташиевди алып коюшту го...

Президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоо өнөктүгү алдында “КСДП президенттин партиясы” деп атаганы бар.

Белгилүү юристтердин бири Мукар Чолпонбаев президентти шайлоо өнөктүгүндө пайдалануу маселесине карата мындай пикирин билдирди:

- Президент эч бир партияга тиешелүү эмес. Партиялардан сыртта туруп, баарына калыс болуш керек эле. Ал калыс болуунун ордуна бир партиянын кызыкчылыгын коргоп берип атат. Ошондуктан биз административдик ресурстар толук колдонулуп жатат деп айтып атабыз.

Жергиликтүү эксперттер Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталышында мыйзам чегинде, бир калыпта жүрүп, марага келерде калпыстыктарга жол бериле баштаганын белгилешүүдө. Мындай катачылыктар бийлик убада кылган таза жана адилет шайлоо өткөрүү идеясына доо кетирери айтылууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG