Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кулматовду сындаган, Ташиевди тандаган басылмалар


Кыргыз гезиттери. Архивдик сүрөт.
Кыргыз гезиттери. Архивдик сүрөт.

Бүгүн “Багыт” , Жаңы ордо” жана “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Багыт” гезити жаңы санын Баратбай Аракеевдин “Кубанычбек Кулматов майкеби же турсийби?” деген баш тема менен ачты. Автор бу Кулматов дегенди Алмазбек Атамбаев алты жыл бою эмчектеги баладай эркелетип келгенин, бирок анын бир кылы кыйшайбаган кызмат жолуна Роза Отунбаева “старт” бергенин, Кулматов 2010-жылдын июнь айында Бажы кызматынын төрагасы болуп шайланганын, анткен менен ага чейин эле Акаев менен Бакиевдин тушунда да ушул тармакта жетекчи кызматтарда жүргөнүн элдин эсине салып, кирдеген майке-турсийди кирдеп калса жууп-тазалап турарын, бирок адам деген майке же турсий эместигин, бир булганып алса канчалык жууп-тазалаган менен кири кетпей каларын, ал эми биздин өлкөдө бир ишти кыйратып жөндөй албаган адамдарга деле кайра-кайра тигил же бул кызматты бере бермей, элдин кыжырына тийе бермей күнүмдүк окуя болуп калганын кейиш менен кеп кылды.

“Багыт” гезитинен сиздер айыптоочулар Канат Исаевди 20 жылга кесүүнү суранышканын, өкмөт курамында аялдар көбөйөрүн, Назарбаев президент Жээнбековду жалаң орун басарларына тостурганын, Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы сапары жемиштүү болгонун, Ички иштер министрлигинде 850 миң сомдун изи жок болуп турганын, Түркияда эс алып жүргөн кыздар акчасы түгөнгөндө сойкулук кылып акча таап, кайрадан эс алуусун улантып жүргөн жеринен полициянын колуна түшкөнүн маалымдады.

Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абыловдун маеги “Эмгек сиңирген артист кезимде мектепте окугандар менден мурда эл артисти болушту” деп аталды.

Боршайкомдун мүчөсү Алмаз Асаналиев “Президенттик шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл” деп маек курду.

Баратбай Аракеевдин “Боромбайдын көрдүйнө” повестин жарыялоо уланууда.

Айтылуу ырчы кызыбыз Элмира Кайып кызынын өмүрлүк жары Бейшенбек Ишеновдун “Элмира жаркылдаган мүнөзүн даңазалап кете берди” деген эскерүүсү да “Багыттын” бүгүнкү санында.

“Жаңы ордо” гезити бул санын саясатчы Камчыбек Ташиев тууралуу “Айкөлдүгү, жоомарттыгы Манастай, бирок алабармандыгы да бар” деген мактал макала менен ачты.

“Майдан" гезити басылманын 7 жашка чыгышына байланыштуу баш теманын алдында каалоо-тилектерин билдирген адамдардын ойлоруна орун берди.

Коомдук ишмер Сабыр Муканбетовдун маегин басылма “Эскиден тажагандар, жаңыдан үмүт арткандар көп” деген ат менен жарыялады.

Коомдук ишмер Турсунбек Акундун маеги “Мени Батукаевдин чыгып кетишине күнөөкөр кылып, садага чабышкан, эми кайра чакырышса да ал кызматка барбайм” деп аталат.

“Вечерний Бишкек” гезити Вячеслав Аникиндин “Жел сүт көбөйүүдө” деген макаласын басты, анда саан уйлардын эле эмес, айыл чарба азык-түлүктөрүнүн чечилбей келаткан маселелери тууралуу баяндалды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG