Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

"Центерра" менен өкмөттүн сырдуу сүйлөшүүсү


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Кенди иштетүүнү 2016-жылга планы, алтындын корун тактоо, геологиялык изилдөө иштери, Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо маселеси көтөрүлгөнү маалым болду.

18-январда Бишкекке келген “Центерра Голд инк.” компаниясынын президенти Фрэнк Херберд жана ишкананын аткаруучу директору Скотт Перрини өкмөт башчы Темир Сариев 19-январда кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз тарап Кумтөр боюнча өзүнүн турумун дагы бир ирет ырастап, 2014-жылдан бери натыйжасыз жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн чыкканын, "Центерранын" кошумча акция чыгаруу чечимине нааразы экенин билдирген.

- Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуу чечими кабыл алынганын билдирди. Бул долбоор алкагында “Центерра Голд инк.” компаниясы берген сунуштар Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын айтты. Муну менен катар Темир Сариев “Центерра Голд инк.” компаниясынын директорлор кеңешинин 4,6 млн даана акция кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечими Кыргызстандын кызыкчыгына дал келбесин жана ал айрым процедураларды бузуу менен жасалганын эскертти, - деп маалымдады өкмөттүн басма сөз катчысы Бакыт Асанов.

Темир Сариев
Темир Сариев

Жолугушуу маалында Кумтөр кенин толук ишке киргизүүнүн 2016-жылга карата планы, алтындын корун тактоо зарылчылыгы, геологиялык изилдөө иштерин жер алдындагы жол менен өткөрүү, Кумтөр долбоорун ишке ашырууда Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо маселеси көтөрүлгөн.

Тараптар Кумтөрдө иш үзгүлтүксүз жүрүшүнө кызыкдар экенин белгилегени менен мындан аркы сүйлөшүүлөр кандай нукта жүрөрү, “Центерра” кандай сунуштар менен келгени тууралуу маалымат дээрлик айтылган жок.

Геология агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, “Центерра” өкүлдөрү маселеге тийиштүү ар бир мекеменин жетекчилери менен жолугууну пландаган:

- Жыл сайын кенди өнүктүрүү планы деген бар. Анда экспертизадан өтүп, үч макулдукту алышы керек. Экологиялык, өндүрүш коопсуздугу жана жер байлыгын сактоо деген. Ошол жер байлыгын сактоо боюнча бизде суроолор бар эле. Биз ал боюнча макулдук бербей, кайра иштеп чыккыла деп “Центеррага” жөнөткөнбүз. Ошол документ боюнча дагы сөз чыгат деп ойлоп жатам. Азыр алар мага качан келерин билбей турам. Ушу эмки жумада жолугат окшойм.

“Центерра Голд инк” корпорациясынын директорлор кеңешинин кыргыз тараптан мүчөсү Кылычбек Шакиров бул күндөрү “Центерранын” өкүлдөрү иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан кеткенин билдирүүдө. Алар директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуп, кендеги абал, жыл жыйынтыгы туурасында маалымат беришкен. Шакиров кыргыз өкмөтү менен кандай өңүттө сүйлөшүүлөр болгону тууралуу кабары жок экенин кошумчалады.

"Кумтөр" ишканасынын аткаруучу директору Скотт Перри
"Кумтөр" ишканасынын аткаруучу директору Скотт Перри

- 2016-жылдын 31-мартына чейин мамлекеттик органдардан иштөөгө уруксат берилген. Кумтөр иштей берет. Андан кийинкиге уруксат берилбесе, иштөөгө мүмкүн болбой калат. Азыр алтындын баасы түшүп жатканы дагы көйгөй жаратууда. Мындан улам биз аларга кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзгүлө деп айттык. “Кумтөр” токтобой иштеп бериши керек. Салыктар төлөнүшү керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов бул жолку “Центерра” өкүлдөрүнүн келишин кыргыз тараптын акыркы сүйлөшүүлөрдөн чыгуу чечиминен кийинки маанайына сереп салып, эмиссияга байланыштуу Кыргызстандын сотко кайрылуу ниети бар-жогун билүү, мындан аркы кадамдары туурасында алдыртан кабар алуу максаты менен байланыштырат. Ал жолугушууда ачык айтылбаганы менен көшөгө артында жаңы келишимдерге баруу туурасында сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн деген пикирде.

- Көшөгө артында сөз болду. Бирок ал тууралуу эч ким билбейт. Аны бир премьер-министр анан “Центерранын” жетекчилери билет. Балким ал жерде жаңы келишимге баралы, Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргогон сунуштарды киргизели деген сөз болду деп үмүттөнүп жатам. Менин тилегим ушундай.

Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева дагы өкмөттү Кумтөр маселесинде олуттуу кадамдарды жасоого чакырды. Ал “Центерра Голд инк.” компаниясынын директорлор кеңешинин 4,6 миллион эмиссия чыгаруу чечимин жокко чыгаруу, керек болсо маселени сот аркылуу чечип, "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшүн сактап калуу зарылдыгын айтты:

- Бул деген өнөктөштөрдүн үлүшүн уялбастан туруп азайтуу үчүн пайдаланылчу эски система. Бул компаниянын чечимин кайра карап чыгып, керек болсо сот аркылуу аны жокко чыгаруу керек.

22-декабрда кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызыкчылыктардан улам Кумтөр долбоору боюнча 2014-жылдын 18-январында кабыл алынган келишимди аткарууга байланыштуу “Центерра Голд инк” компаниясы менен сүйлөшүүдөн чыгарын маалымдап, жаңы долбоор даярдаларын билдирген. Ага удаа эле “Центерра Голд инк” компаниясы Кумтөр долбооруна байланыштуу маселелердин баары эл аралык арбитраждык сотто каралып, чечилиши керек деген жообун берген эле.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG