Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Кумтөрдү улутташтыруу утулууга жол ачабы?


"Кумтөр" алтын ишканасын мамлекетке кайтарууну талап кылган митингден. Бишкек, 24-апрель, 2013.
"Кумтөр" алтын ишканасын мамлекетке кайтарууну талап кылган митингден. Бишкек, 24-апрель, 2013.

Президент Алмазбек Атамбаев башкаруучу коалициядагы фракциялардын лидерлери менен жолугушууда саясий туруктуулукту сактоо максатында Кумтөрдү улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн билдирди.

Ошол эле учурда жогорку деңгээлде көбүрөөк айтыла баштаган улутташтыруу термини туура эмес деген пикирлер айтылууда.


Алтымыш жети эмес, жүз пайыз...


Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогуловдун билдирүүсүнө караганда, Алмазбек Атамбаев шейшемби күнү башкаруучу коалицияга кирген фракция лидерлери менен жолугушууда Кумтөр маселесин чечүүдө өкмөттүн позициясын эске алууну сунуштаган. Мамлекет башчысы ошондой эле Кумтөр маселеси ашкере саясатташып кеткенине байланыштуу экономикалык опурталдуулукка карабастан, туруктуулукту сактоо үчүн Кумтөрдү толук мамлекетке кайтаруу мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Кумтөр алтын кени, 23-февраль, 2013.
Кумтөр алтын кени, 23-февраль, 2013.
Өкмөт азыркы кезде “Центерра голд инк” менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Бирок ал сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү өткөн жумада натыйжасыз аяктап, канадалыктар Кыргызстанга 50 пайыздан ашык үлүш берүү мүмкүн эместигин билдирип кетишкен. Кыргыз өкмөтү мындай шартта соттошууга барууга аргасыздыгын билдирген.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, канадалыктар Кыргызстанга 50% эмес, 46% гана берүүдө. Калган 4 пайызды он жылдын ичинде өткөрүп берүүнү пландаштырууда. Демек мындай шартта Кумтөрдө дагы он жыл бою азыркы абал сакталып, андан кийин 50 пайыз болгондон кийин да абалдын өзгөрүүсү күмөн.

Мына ушул себептен Кыргызстандын президенти менен өкмөтүнүн позициясында өзгөрүүлөр пайда болуп, алар кенди мамлекеттин колуна алуу, соттошууга баруу мүмкүнчүлүгүн айта баштагандай. Бийликтин мындай позицияга баруусуна кыргыз коомчулугундагы Кумтөр боюнча маанай да таасир этип жатат.

Президент менен жолугуп чыккан Өмүрбек Текебаевдин айтымында, 50 пайыздан үлүш бөлүштүрүүнү парламент да, коомчулук да кабыл албашын президент түшүнөт:

- Анын кабыл алынбашын, эл да кабыл албашын президент түшүнөт экен. Анан ал эгерде тобокелге бара турган болсок, 67% деп отурбай эле 100% улутташтырып алсак туура болот деген оюн айтты. Бирок ал чечим чыгара элек.

Текебаевдин айтымында, эгерде мамлекет башчысы Кумтөрдү улутташтыруу чечимин кабыл алса, анда ал колдоого алынат.


"Бечара болбошубуз керек"


Белгилүү юрист Марат Кайыпов Кумтөр маселесин чечүүдө Кыргызстан мамлекетке кайтаруу же улутташтыруу өңдүү терминдерден жана аракеттерден алыс болуш керек деп эсептейт. Анткени бул “Центерранын” Кыргызстанды сотто утуп алуусуна жол ачат:

- Улутташтыруу деп коё турган болсок Кыргызстанды сотко бергенге “Центеррага” биз өзүбүз жол ачып беребиз. Улутташтырып алсак утулуп калуу мүмкүнчүлүгү да бар. Андан көрө ошол келишимди жокко чыгарып, андан кийин “Центерра” менен теңата сүйлөшүү керек. Экинчиден, Атамбаев дагы, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да бир ооздон айтып атышат, Кыргызстанда адистер жок, юристтер жок, соттошсок утулуп калабыз деп. Эч убакта андай бечара болбош керек. Адистер бар. Сунуштарды бергенбиз. Ачып карап, окуп коюшкан жок.

Марат Кайыповдун пикиринде, 2009-жылкы келишимди ратификациялоо ошол кездеги жана азыркы Конституцияга каршы келет. Ошондуктан ал мыйзамсыз. Мына ошол мыйзамсыз келишимди Жогорку Кеңеш жокко чыгарууга тийиш.

Жогорку Кеңеш 23-декабрга чейин канадалыктар менен Кумтөр боюнча жаңы макулдашууга жетишүүнү өкмөткө тапшырган. Жаңы макулдашууда Кыргызстандын үлүшү кеминде 67% болууга тийиш. Эгерде ага жетишилбесе, өкмөт Кумтөр боюнча келишимдерден чыгууну баштоосу керек. Бирок акыркы мезгилде жогорку бийлик тарабынан Кумтөрдү улутташтырууга баруу мүмкүнчүлүгү айтыла баштады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG