Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Өкмөт Кумтөр маселесине ушул айда чекит коебу?


Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча маселе татаал жагдайга кептелди деп, ага өкмөттү да, парламентти да күнөөлөдү.
Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча маселе татаал жагдайга кептелди деп, ага өкмөттү да, парламентти да күнөөлөдү.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана ушул айда түзүлөт деп убада кылууда.

3-декабрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Канада тарап менен сүйлөшүүлөр дээрлик соңуна чыгып калганын билдирди.

Анын алдында президент Алмазбек Атамбаев Кумтөрдү улутташтыруудан башка чара калбай калганын эскертип, буга байланыштуу өкмөттү да, парламентти да кескин сынга алган эле.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламентте “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн айрым жагдайларын ачыкка чыгарды:

- Декабрь айынын аягына чейин келишимди түзүп үлгүрөбүз деген ниет менен иштеп жатабыз. Канада тарап кечээ келди. Кечээ түштөн баштап сүйлөшүү башталды. Ушул жуманын соңуна чейин акыркы сүйлөшүүлөр уланат. Эгер биз кийинки жылдын январь-февралында келишим түзсөк да, 2014-жылдын кирешесин тең бөлөбүз деп чечтик.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков өкмөттү Кумтөр боюнча чабал иштеди деп сынга алды. Бул маселени чече албаса, парламент өз колуна алат деп эскертти:

- Биз бул маселени жазда, май айында карашыбыз керек эле. Майда өзүңүздөр өкмөт алмашып кетти, ошон үчүн июнь айында алып келели дедиңиздер. Анан сентябрда карап, декабрга калтырдык. Силерге мөөнөт бердик. Бул маселе кийинки аптада комитетте каралат. Келип туруп айтчуңарды айткыла. Муну же нары, же бери кылуубуз керек. Өкмөт чече албаса, анда “биз чече албай жатабыз, Жогорку Кеңеш чечкиле” деп ачыгын айтуу зарыл. Анда биз чечебиз, же нары же бери кылабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде Кумтөр боюнча маселе татаал жагдайга кептелди деп айтты. Буга байланыштуу өкмөттү да, парламентти да күнөөлөгөн президент Кумтөрдү улутташтыруудан башка Кыргызстандын аргасы калбай баратканын кыйыткан:

- Өкмөт чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Негизи бул өкмөт менен парламенттин иши да. Өткөн жылы эле бул маселени чечип, орток бир ишкана түзгөндө, Канадада биздин акциялар камакка алынмак эмес. Быйыл жыл башында бир ирет биздин акциялар камакка алынды. Биз ал акцияларды камактан чыгарсак, эми минтип экинчи ирет кайра камакка алынып отурат. Мындан ары да бул адат болуп калаарына көзүм жетип жатат. Биз өзүбүздүн 33 пайыз акциябызды колдонуу укугубуздан ажыраганы турабыз. Өткөн жылы популизм менен азыраак алектенип, парламент Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн колдоп койгондо, бул маселе чечилип калмак жана орток бир ишкана түзүлмөк. Азыр болсо ушундай мүмкүнчүлүктөн да ажыраганы турабыз.

Быйыл жыл башында Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Ошондой эле өкмөткө күзгө чейин кошумча дагы ондон ашык келишим түзүүнү тапшырган болчу.

Муну менен катар эле Кумтөрдү улутташтыруу да маселеси көтөрүлгөн. Бул демилге сентябрь айында Канада соту Кыргызстандын 60 пайыз акциясын камакка алгандан кийин күчөгөн. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы ишкананы улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун жазып, аны Жогорку Кеңеш менен өкмөткө жөнөткөн. “Кыргызалтын” Кумтөрдү мамлекетке кайтаруудан Кыргызстан 3,5 милларддай доллар чыгым тартаарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG