Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

“Ак-Кемеге” акаевдик схема келдиби?


Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасы.
Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасы.

“Ак-Кеме” мейманканасы менен өкмөттүн ортосунда соттук териштирүү жүрүп жатат.

Өкмөт “Систем мүхендисликтин” арызы менен камакка алынган акцияларды бошотуу үчүн 11.5 млн. доллар которуп берген. Эми Каржы министрлиги ал акчанын ордуна “Ак-Кеме” мейманканасын мамлекетке алууну көздөөдө. Бул арада “Систем мүхендисликтин” жетекчилигинин үстүнөн Кыргызстанда мурда эле кылмыш иши козголуп, 2005-жылы издөө салынганы айтыла баштады.

Каржы министри Ольга Лаврованын билдирүүсүнө караганда, учурда “Ак-Кеме” мейманканасынын айрым мүлктөрү жана автоунаалары камакка алынды. Эми мейманкананы мамлекеттин колуна алып, Мүлк фондуна тапшыруу аракети жасалууда.

Мына ушул маселелердин үстүнөн Бишкектеги райондор аралык сотто териштирүү жүрүп жатканын “Ак-Кеме” мейманканасынын башчысы Руслан Сарымсаков тастыктады:

- Азыр Бишкектеги райондор аралык сот жүрүп жатат. Чечимдер чыга элек.

Каржы министрлигинин маалымат кызматы да “Ак-Кеме” мейманканасынын айланасында түзүлгөн кырдаал коомчулукка жарыялай турган абалда эмес экенин билдирди.

“Ак-Кеме” боюнча “Систем мүхендислик” менен соттошууда “Центеррадагы” акцияларын камакка алдырган өкмөт жана “Кыргызалтын” 11.4 млн. долларды төлөөгө кудуреттүү экенин далилдеп, атайын эсепке которгон. Мына ошондон кийин гана акциялар камактан чыгарылганы кабарланган.

Бул боюнча соттук териштирүүлөр дагы уланууда дейт “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

​- Ал боюнча бүтө элек. Аны биз жокко чыгаруу үчүн арыз беришибиз керек. Акыр-аягына чейин чыгышыбыз керек.

Токон Мамытов “Ак-Кеменин” айланасында нюанстар көп экенин, аны тартип коргоо органдары убагында чечиш керек эле деп кошумчалады.

“Ак-Кеме” боюнча жаңжалдын башатында жана азыркы кездеги чечимдеринде да коррупция жатканын саясатчы Азимбек Бекназаров белгилейт.

Белгилүү болгондой “Ак-Кеме” мейманканасы Кыргызстан эгемендүүлүк жарыялагандан кийин берилген Түркиянын 75 млн. доллар насыясынын бир бөлүгүнө курулган. Тактап айтканда, түрк насыясынан 8 млн. 700 миң доллар мейманкана курууга берилген.

Бул сумма коррупциялык жолдор менен 24 млн. долларга көбөйтүлгөн деген Азимбек Бекназаров буларга токтолду:

- Ошол акчаларга Кыргызстанга берилген жерге Акаевдин балдарына “Медер” деген пансионатты Анталияга курушкан. Ага 2005-жылдан кийин биз атайын тергөө тобун жөнөткөнбүз. Бирок түрктөр киргизбей койгондуктан, тергөө кызматкерлери сыртынан сүрөткө тартып келген. Ошол кылмыш иштин негизинде 24 млн. долларга мамлекеттик комиссия көбөйтүп салганы аныкталган. Мисалы, мен бир эле фактыны келтирейин, түрк мрамору менен курулду, ага бир канча миң чарчы метрге мрамор кетти делген. Бирок “Ак-Кемеде” бир метр чарчы жерде да мрамор жок.

Ошол кезде башкы прокурор болгон Бекназаровдун айтымында, мына ошол себептен Фехим Енижеге кылмыш иши козголгон. Бирок ал Акаевдер менен кошо 2005-жылы Кыргызстандан качып кеткен. “Ак-Кеме” мейманканасы болсо өкмөттүн чечими менен анын акционери Руслан Сарымсаковдун колуна берилген. Ал кезде өкмөттү Феликс Кулов жетектеп турган.

Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча, Фехим Ениженин жакындары 2011-жылдан кийин кандайдыр бир себептер менен активдешип, эл аралык сотто Кыргызстанды ута баштаган. Буга кыргыз өкмөтүнүн ал сотторго барбаганы, Фехим Енижеге карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, издөөдө экени дурустап айтылбаганы себеп болгон.

Эң башкысы “Систем мүхендислик” кыргыз бийлигинде колдоо тапканы үчүн жеңиштерге жетишүүдө дейт Бекназаров:

- Бул деле Кумтөр сыяктуу. Кумтөр, Жерүй, “Ак-Кеме”, Канттагы цемент-шифердик комбинат, ушуга окшогон бир катар объекттер Акаев түзүп кеткен коррупциялык схемалар менен иштеп жатат. Сынган жок. Энергетика тармагындагы коррупция. Бүгүнкү бийлик Бакиевдердин убагындагылардын баарын жокко чыгарып, Акаевдин мезгилиндеги коррупциялык схемаларды кайра жаңыдан жандандырып жатат. Кумтөрдүн схемаларын колдоп жатат. “Ак-Кеменин” ээсимин деп качып жүргөндөрдү колдоп жатат. Бакиевдин убагында качып, издөөдө жүрүшкөн. Бүгүн кайрадан калыбына келтирилип жатат.

Азимбек Бекназаров кыргыз бийлиги Руслан Сарымсаковду колдогусу келбесе, анда кыргызстандык ишкерди, мамлекетти колдоого тийиш эле дейт. Анткени Кыргызстанды уткан “Систем мүхендислик” көрбөй калган пайдам үчүн деп, эми “Ак-Кеме” мейманканасына ээ чыгууга аракет жасайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG