Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Бакиев Беларус жарандыгын алдыбы?


Курманбек Бакиев маалымат жыйынында. Минск, 2010-жылдын 14-июну.
Курманбек Бакиев маалымат жыйынында. Минск, 2010-жылдын 14-июну.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин Беларус жарандыгын алганын айрым маалымат агенттиктери жазып чыкты.

Маалыматта 2010-жылдан бери Беларустун борбору Минскте баш пааналап жүргөн Бакиев жарандык менен кошо турак жай сатып алганы айтылат. Бирок мындай маалыматты расмий булактар четке кагууда.

Беларустагы TUT.BY аттуу маалымат порталынын жазышынча, Бакиев Беларус паспортун Минсктин райондук паспорт берүү бөлүмдөрүнүн биринен алган. Муну менен катар порталда мурдагы президенттин акыркы күндөрү Минсктин чекебелинен мүлккө ээ болгону да жазылган.

Бирок Кыргызстандын расмий органдары Курманбек Бакиевдин Беларус жарандыгын алганы боюнча маалыматы жоктугун билдирүүдө. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, бул тууралуу расмий маалымат түшкөн эмес:

- Расмий, дипломатиялык жолдор менен Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин Беларус жарандыгын алганы боюнча бизде маалыматтар жок. Анын мүлкү боюнча да маалымат жок. Ал эми Бакиевди Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча Башкы прокуратура иштеп жатат.

Беларустун Кыргызстандагы элчилиги да Бакиевдин жарандык алуусуна байланыштуу маалыматты төгүндөдү. Элчинин кеңешчиси Виктор Зданчуктун “Азаттыкка” билдиришинче, Беларус мыйзамдарына ылайык жарандык алууну каалаган адамдар алгач өз өлкөсүндөгү элчиликке кайрылышы зарыл. Бирок Курманбек Бакиев жарандык алуу боюнча элчиликке кайрылган эмес:

- Бизде мындай маалымат жок. Анын үстүнө Беларустун мыйзамдарына ылайык адегенде Кыргызстандын жарандыгынан чыгуусу керек. Муну менен катар Беларуста төрт жылдан кем эмес убакыт жашашы абзел. Бул шарттар аткарылбаган учурда убактылуу гана жашап турууга уруксат ала алат.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, башка өлкөнүн жарандыгын алууну каалаган жаран Кыргызстандын жарандыгынан чыгарууну суранып, президентке арыз жолдошу зарыл. Бирок бул ошол өлкөнүн жарандыгын алган соң гана аткарылат. Мындан улам президенттин аппаратынын алдындагы жарандык маселелер боюнча комиссиянын катчысы Рахатбек Мамаевдин айтымында, Бакиев Беларустун жарандыгын алышы толук мүмкүн.

- Бакиевдердин үй-бүлөсүнөн жарандык ажыратуу боюнча арыз түшкөн жок. Бирок ал жактан саясий туткун катары жарандык алышы толук мүмкүн. Ал бизге маалымат бербей эле Беларустун мыйзамдарына ылайык алышы мүмкүн. Мунун негизинде жарандыкты ала беришет. Мисалы, ушундай жол менен Орусиянын жарандыгын алган жүз миңдеген кыргыздар жүрбөйбү.

2010-жылдын 7-апрелдеги элге каршы ок атты деп айыпталган экс-президент Курманбек Бакиевди Беларустан Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатканын Башкы прокуратура ырастап келет.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов дал ушундай оор күнөөлөр менен айыпталган адамга жарандык берүүдө Беларус бийлиги абдан кылдат мамиле кылат деп эсептейт:

- Менимче, Беларустун жетекчилиги деле тартип коргоо органдарынын, элдин кайтарып алуу талабы болгон Бакиевге жарандык берүү кадамына барбайт болушу керек. Менин билишимче, анын үстүнө саясий туткун катары деле жарандык берүүгө Беларустун консервативдүү мыйзамдары жол бербесе керек. Жарандык алуу үчүн ал жарандын үстүнөн эч кандай мыйзам бузуулар боюнча даттануу болбошу керек.

Жалал-Абад жана Чүй облустарын жетектеп, андан соң премьер-министр катары эмгектенип келген Курманбек Бакиев 2005-жылы 24-мартындагы бийликтин алмашуусунан соң президенттик тактыга отурган эле. Бирок көп өтпөй оппозиция аны мамлекетти башкарууга үй-бүлө мүчөлөрү аралаштырганына, коррупциялык иштерге, бир катар саясий буйрутма өлүмдөргө жол бергени үчүн айыптап чыккан.

2010-жылы 7-апрелдеги ыңкылапта кулатылган Курманбек Бакиев кичи мекени - Жалал-Абаддын Тейит айылына барып, кызматтан кетпесин айтып, Убактылуу өкмөткө каршы митингдерди уюштурган эле. Бирок элдин нааразылыгына тушуккан соң 2010-жылдын 15-апрелдин кечинде Жалал-Абаддан атайын учак менен Казакстанга, андан соң Беларуска өткөн. Бул иш Казакстан, Орусия президенттеринин кийлигишүүсү менен жүзөгө ашканы айтылып келет.

Курманбек Бакиевге 7-апрель окуясы боюнча "тынч жыйынга чыккан элге ок атууга буйрук берген", "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG