Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

М. Сариев: Беларус өрнөгү Кыргызстанда өнүгө албайт


19-декабрда Беларустагы президенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчы А.Лукашенко 79.67% добуш алганын БШК билдирди. Беларустагы президенттик шайлоо тууралуу талдоочу Марс Сариев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Шайлоо процессине көз салсаңыз керек, кандай деп баалап жатасыз?

М. Сариев: Биз билебиз, Беларуста мурунку Советтер Союзуна мүчө мамлекеттерден айырмаланып совет системасы ошол бойдон калган. Ошон үчүн ал жакта демократиялык процесстердин болбошу далилденип, билинип турат. Ушундан улам эркин, демократиялык шайлоо болбойт.

“Азаттык”: Беларуста оппозициялык күчтөр шайлоого чейин, шайлоо маалында нааразылык билдирип, айрым мүчөлөрү камалганы кабарланууда. Ал жакта оппозициянын даремети канчалык?

М. Сариев: Беларус оппозициясынын күчү анча деле чоң эмес. Мындай жалпысынан карап көрсөк, Беларуста совет системасы өзгөрбөй, завод-фабрикалар талкаланбай калды. Башка мамлекеттерге караганда эл арасында чоң жакырчылык жок. Ошон үчүн Александр Лукашенко авторитардык лидер болгону менен эл аны колдойт.

“Азаттык”: Сиз белгилегендей, Беларусту адатта Батышта авторитаризмдин акыркы тиреги, А. Лукашенкону "Европадагы акыркы диктотор" деп сындалып жүрөт. Бирок эл турмушу салыштырмалуу жакшы деп жатасыз. Ушундан улам Беларуста авторитаризм өзүн өзү актап жаткан жокпу?

М. Сариев: Ал жакта авторитардык режим ошол бойдон эле калат деп ойлойм. Беларус эли мына Орусиядагы демократияны байкап атат, ошон үчүн авторитардык режим ошол бойдон калат. Булар башка, мисалы Кытай, Куба сыяктуу мамлекеттердин жолу менен келатышат.

“Азаттык”: Кыргызстанда айрыкча азыркыдай кыйчалыш шартта, кризистен чыгаруу үчүн катуу кол керек деп, диктатор башкаруучуну эңсегендер да жок эмес. Ушундан улам Кыргызстанга Беларустукундай ыкма киргизүүгө кандай карайсыз?

М. Сариев: Кыргызстанга Беларустукундай модель жарашпайт го. Алардын менталитети, тарыхы башка. Кыргызстанда азыркы система башка. Биз башка жол менен баратабыз.

“Азаттык”: Беларуста азыр качып барган Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев отурат. Эми шайлоодон соң анын андан аркы тагдыры кандай болушу мүмкүн?

М. Сариев: Азыр А. Лукашенко деле кичине демократиялык принциптерди жылдырбаса болбосун түшүнүп жатат. Анан Орусия менен деле мамилеси жылып баратат. К. Бакиевдин аяктагы жашоосу татаал болуп, башка жакка кетиши мүмкүн. А. Лукашенко К. Бакиевди Кыргызстанга бербейт го, бирок башка жакка жашыруун кетириши мүмкүн.

“Азаттык”: Президенттик шайлоодон соң кыргыз-беларус алакалары кандай өнүгүшү ыктымал?

М. Сариев: Саясатка карабай, прагматикалык жол менен Беларус менен экономикалык мамиле түзүп иштесек болот. Беларус товарлары деле Кыргызстанда көп эле.

"Азаттык": Рахмат.

XS
SM
MD
LG