Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Курултай шайлоо алдындагы куралбы?


Буга чейинки президенттер шайлоо алдында улуттук азчылыктардын колдоосун алып келген.
Буга чейинки президенттер шайлоо алдында улуттук азчылыктардын колдоосун алып келген.

Кыргыз бийликтери 17-18-июнь күндөрү Кыргызстан эл ассамблеясынын кезексиз чакырылган курултайына камынууда. Уюштуруучулар бул иш-чараны өлкөдө улут аралык ынтымакты чыңдоонун тажрыйбасы катары карап жатышат.

Кыргызстан эл ассамблеясынын төрага орун басары Баялы Эрке кезексиз 7-курултайдын күн тартибинен маалымат берди:

- Жаңы жетекчини шайлайбыз. Азыркы учурда бизде жетекчинин милдетин аткаруучу гана бар. Мурдагы жетекчи болсо 7-апрелден кийин иштебей кетип калган. Ошондой эле этностор аралык мамилелер боюнча жаңы концепция иштелип чыккан, аны карайбыз.

Өткөн жылдагы улут аралык кагылыштын себептери жана сабактары да курултайда көтөрүлөт.

- Кайгылуу окуяларды да алып чыгып, мындан ары кантип ынтымакка келебиз деп талкуулаганы жатабыз.

Саясий серепчи Табылды Акеров былтыркы окуялардан кийин курултайдын өтүшү Кыргызстандагы улуттардын башын бириктирүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.

- Ош жана Жалал-Абаддагы окуялардан кийин улуттук азчылыктарды чогултулуп, курултай өткөрүлүп жатышы элдин жана мамлекеттин биримдигин даңазалоо иретинде жасалып жатышы мүмкүн.

Жөжөнү күзүндө санайт

Буга чейинки президенттер Акаев менен Бакиев шайлоолор алдында ассамблея аркылуу улуттук азчылыктардын колдоосун алып келгендери маалым.

Ассамблеянын буга чейинки курултайы 2009-жылы Курманбек Бакиев жеңишке жеткен президенттик шайлоонун алдында өткөрүлгөн. Ошондон уламбы бул сапар да курултай күздө болуучу президенттик шайлоону утурлай уюштурулуп жатат дегендер болууда.

Табылды Акеров
Саясий серепчи Табылды Акеров курултай алдыдагы шайлоодо улуттук азчылыктардын көңүлүн алуу аракети экендигин да четке какпайт.

- Шайлоолор алдында улуттук азчылыктарды бир чогултуп, тышкы же болбосо кайсы бир акчалуу талапкердин таасиринде калып кетишине каршы аракет болушу мүмкүн деп ойлойм.

Анткен менен Кыргызстан эл ассамблеясынын жетекчи орун басары Баялы Эрке мындай пикирди четке кагууда.

- Шайлоо күздө болот. Азыр биз жетекчиси жок отуруп жатабыз. Мына мен орун басарымын, Каптагаев болсо милдетин аткаруучу. Бир жылдан бери окуялар бүтсүн деп келдик. Бул президенттик шайлоого байланыштуу эмес.

Кезекте дагы бир курултай

Ал ортодо Кыргызстанда башка да курултай өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө. Маселен, Республикалык Элдик курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топтун төрагасы Кадыр Кошалиев жалпы өлкө үчүн бир гана курултай болсо деген оюн билдирди.

- 9-февралда Филармонияда бүткүл Кыргызстандын аксакалдары чогулуп, бөлүнүп-жарыла бербей, бир гана элдик курултай өткөрөлү деп, батасын берип, үндөө кабыл алышкан. Ошондо президен Роза Отунбаева да чыгып сүйлөгөн. Мындайча айтканда элдин башын айландырбай, колот-колоттон курултай чакырбай, бир курултай өткөрсөк жакшы болмок. Бирок бөлүнүп-жарылууга бийлик тарап жылчык калтырып, өздөрү демилгечи болушууда. Мурдагы эки бийликтин катасын дагы кайталап жатышат.

Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлү жашары айтылып жүрөт. Алардын негизги диаспоралары Эл ассамблеясына бириккен.

Курултайга жер-жерлерден 800 жүздөй делегат чакырылган. 17-июнда делегаттар президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушат. Ал эми 18-июнда Филармонияда курултайдын негизги бөлүгү өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG