Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Кызыл-Суу: базардын курулушу создукту


Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылындагы муниципалдык базар.
Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылындагы муниципалдык базар.

Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылындагы муниципалдык базардын курулушу эки жылдан бери бүтпөй турат.

Мунун себебин тендерде утуп алып, курулушту колго алган “Зарна сервис” компаниясы түшүндүрө элек. Буюртма берген айыл өкмөтү болсо жайбаракаттык менен базардын курулуш сапатына тынчсыздануусун билдирүүдө.

Кызыл-Суу айылында 2016-жылы башталган жабык типтеги муниципалдык базардын курулушу эки жылдан бери арабөк бойдон турат. Кызыл-Суу айыл өкмөтү жарыялаган тендерде утуп алган “Зарна сервис” курулуш компаниясы баштаган курулушту адегенде Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгы токтоткон. Муну башкармалык "айыл өкмөтү жана ал жалдаган “Зарна сервис” курулуш компаниясы экологиялык жана техникалык коопсуздукту эске албай жана макулдашпай баштаган" деп негиздеген.

Каракол шаары жана Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча аймак аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча улук инспектор Айнура Абдыкадырова буларды айтты:

Айнура Абдыкадырова.
Айнура Абдыкадырова.

- Бизде салынып жаткан чоң объектилердин баары келишим түзөт, "көзөмөлдөп тургула, карап бергиле" деп. Ошол кезде Бектурганов деген айыл өкмөт болчу. Анан ал жердин долбоорун көргөн эмеспиз, бул жер өзүм билемдик менен эле башталыптыр, архитектураныкы бар болчу. Бирок, биздин көзөмөл жок башталган. Булар келишим түзгөн эмес.

Экотехинспекциянын чектөөлөрүнө, административдик чара көргөнүнө карабай уланган сапатсыз курулушту убактылуу токтотуу боюнча экинчи чечим ошол кездеги айыл өкмөттүн башчысы Талант Бектурганов иштен алынгандан кийин чыккан. Буга айыл өкмөттүн жаңы башчысы Кулубек Урдөөлөтовдун 2017-жылы 6-июлда Экотехинспекцияга кат жүзүндө кайрылганы негиз болгон. Айнура Абдыкадырова буларды айтты:

- Булардын өзүнүн катынын негизинде токтогон. Анда келип пайдубалдагы жаракаларды көрүп, ошондо токтотконбуз. "Сейсмология институтунан жыйынтыгын алып келсин, Мамлекеттик курулуштан лабораториясынын жыйынтыгын алып келсин" дедик.

Адистин айтымында, Экотехинспекция талаптар аткарылгандан кийин курулушка уруксат берген, бирок ушу тапта курулуш жүргөн жок.

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Манас Алымовдун маалыматына караганда жабык базардын курулушунун алгачкы баасын курулуш компаниясы 15 миллион сомго баалап, кийинчерээк "долбоору өзгөрүп, иштин көлөмү көбөйдү" деген негиз менен чыгымдардын баасы эки эсе көбөйгөн:

Манас Алымов.
Манас Алымов.

- Бул бир кабаттуу имарат болмок. Тендерге 19 миллион сом менен чыгарылган, жалдануучу 15 миллион сом менен жеңген. Өзүлөрүнүн долбоорундагы пайдубалды пайдалуу жер кылып калтыруу боюнча маселе көтөрүлгөндө долбоор өзгөргөн. Ошон үчүн үстүнө дагы курулуш иштерин бүткөрүш үчүн жалдануучуга долбоор боюнча кайра 15 миллион сом талап кылынат экен. Азыр бул көбүрөөк деген маселе көтөрүлүп жатат, бул боюнча иш жүрүүдө. Жалдануучу башынан аягына чейин 31 миллион сомго чыгарган, муну эми дагы үнөмдөө жагын да карап атабыз.

Ошол эле учурда айыл өкмөтү курулуш создугуп, сапаты күмөн жаратып жатат деп кабатыр. Базарды бүткөрүүгө бир жылдык мөөнөт каралган. Учурда базар курулушунун жертөлөсүнүн пайдубалдары гана бүткөн.

Базарды куруу милдетин алган “Зарна сервис” компаниясы Кызыл-Суудагы базар курулушуна байланышкан мурунку жана азыркы жагдай жөнүндө түшүндүрмө бере элек. Компаниянын жетекчиси Азиза Мамбетказиева кийинчерээк маалымат берээрин айтты.

“Зарна сервис” компаниясы Ысык-Көл облусундагы көптөгөн объектилерди, анын ичинде Ысык-Көл өнүктүрүү фонду каржылаган курулуштарды курганы менен белгилүү.

Каракол шаары жана Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча аймак аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын адиси Айнура Абдыкадырованын айтымында, “Зарна сервис” компаниясына каршы арыз-даттануулар маал-маалы менен түшүп турат. Аларды Экотехинспекция текшерип чыгып, ишин токтотууга негиз боло турган далилдерди тапкан эмес жана ишин улантууга уруксат берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG