Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Уюшкан кылмыштуулуктун ураанын укуруктоо


Уюшкан кылмыштуулуктун салтын, идеологиясын жайылткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш карап баштады.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев сунуш кылды.

Укуктун укуругу жетеби?

Текебаев уюшкан кылмыштуу күчтөр өздөрүнүн кылмыштуу салттарын жана идеологиясын эл ичине ээн-эркин жайылтып тереңдеп баратышканын, зөөкүрлүк менен уурулукту туураган көрүнүштөр мектепке чейин жайылып кеткенин белгилеп, кылмыш жасалышын күтүп отура бербей кылмыштуу топторду алар уюшуп, элге кас идеология жүргүзө баштаган учурдан тартып укуктун укуругуна алууга чакырды.

- Кылмыш кылып колго түшкөнгө чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн бүгүн кармай албайт. Мына уюшкан кылмыштуу топтун төбөлдөрү дегендер ачык эле жүрөт, камайын десең ага иш козголбоптур деп УКМКсы, өкмөт башчысы да айтып атат. Бирок алардын кылмыштуу дүйнөнүн лидерлери экенин, алардын кылмыштуу уюму бар экенин баарыбыз билебиз. Биз киргизип жаткан мыйзамда кылмыш кыла электе эле элге кас зыяндуу идеологияны түзгөндүгү үчүн адамдар кылмыш жообуна тартылат деп турат. Анын белгилери бар. Уюшкан кылмыштуулуктун ритуалдары, иерархиясы, тепкичтери, ким башчы, кимдин кандай функциялары бар деп ошону түзүп койгондугу үчүн жоопко тартылышы керек, - деди Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" айткан сөзүндө.

Аталган мыйзам долбоорунда уюшкан кылмыштуу топ түзүп, анын идеологиясын жайылткандар үчүн айыптуу адамдарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралууда. Анткен менен бул демилге парламентте талаш-тартышты жаратты, кээ бир депутаттар идея же ниет үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу туура болобу деп каршы да болуп жатышат.

Өмүрбек Текебаев өз кезегинде элге каршы адат-салт кылмыш деп жарыяланган прецендент эл аралык укукта бар экенин жүйөө тартууда, мисалы фашизмдин идеясын жайылтуу көп өлкөлөрдө кылмыш болуп саналат, "Хизб-ут Тахрир" партиясынын ураанын чакыргандар Кыргызстанда жана Өзбекстанда жоопко тартылат.

Уюшкан кылмыштуулуктун адат-салттары мектепке чейин жетти

Уюшкан кылмыштуулуктун адат-салттары, жүрүш-туруш нормалары мектеп окуучуларына чейин жугуп жайылып жатканы соңку жылдарда коомчулукту кооптондурган көйгөйгө айланды. Кылмыштуулуктун тили, жаргондору, моделдери мектепте кадыресе көрүнүш экенин “Азаттыкка” окуучулардын өздөрү да айтып беришкен эле.

Мисалы Каракол шаарындагы окуучу Дастан ал окуган мектепте уюшкан кылмыштуу чөйрөнүн салты боюнча окуучулардын ичинен "отвечала", "смотрящий" шайланарын, жогорку класстар төмөнкү класстарга салык саларын, буга мектеп администрациялары көбүнчө көз жумду мамиле кыларын билдирген.

Мектептеги рэкетчликтин кесепети башына түшкөн адамдардын бири Бишкек шаарынын тургуну Жамиля Нуркулова. Ал мектепте окуган баласы салык салып акча табууга кыныккан ээнбаш окуучулардан таяк жеп, кордук көргөнүн, рэкетчилик кылган окуучуларды укук коргоо органдары жоопко тартпай жатканын айтып, “Азаттыкка” көп жолу кайрылды:

- Сабактан качып жүргөндөр баары ушундай рэкетчилик кылган балдар экен. Алар мектепке барбай, психикасы бузулуп, жалган сүйлөп калышат. Биз бул проблеманы токтотпосок балдардын тарбиясы эмне болот. Мектептеги рэкетчиликти тыюуга ата-энелер бүт баарыбыз чар көрөлү.

Кыргызстандын бийликтери жаңы жылдан тарта уюшкан кылмыштуукка каршы күрөш бардык деңгээлде күчөтүлгөнүн жарыялаган. Уюшкан кылмыштуу күчтөр бийлик структураларын чырмап, киреше булактарын көзөмөлдөп, мамлекеттин өзүнө чоң коркунуч жана зыян алып келген опурталдуу чекке жеткенин президент Роза Отунбаева баштаган мамлекеттик жетекчилер байма-бай айтып жатышат. Укук коргоо органдары соңку эки айда эле уюшкан кылмыштуу топтордун элүү чакты мүчөсү кармалганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG