Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Саясатчылар шайлоого камына баштады


Кыргызстандын саясий чөйрөсү шайлоо мыйзамдарын оңдоп-түзөөгө киришип, 2015-жылкы парламенттик шайлоого камынууда.

Президенттин алдындагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш 14-майдагы отурумунда Шайлоо системасын өркүндөтүү максатында президент Алмазбек Атамбаев түзгөн эксперттик топтун курамын талкуулап, бекитери айтылууда. Бул аралыкта “Шайлоо жөнүндөгү” конституциялык жаңы мыйзам долбоорун депутат Феликс Кулов башында турган топ талкууга чыгарды.

Шайлоо системасы өзгөрүүлөргө муктажбы, анын артыкчылыгы, майнабы эмнеде деген өңдүү суроолорго “Азаттык” жооп издеп көрдү. Түз ободогу талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, “Шайлоо жөнүндөгү” конституциялык жаңы мыйзам долбоорун даярдап жаткан топтун өкүлү Ишенбай Кадырбеков катышты.

“Азаттык”: Ошентип, жаңы түзүлүп жаткан жумушчу топ шайлоо системасын иретке келтирип, өркүндөтүү ишине 14-майдан баштап толук кандуу киришчүдөй. Өмүрбек мырза, сиз өткөн парламентте партиялык тизме аркылуу кирген депутатсыз. Көптөгөн эксперттер Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдары кыйла өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы дешет. Бүгүн бул системаны жакшыртуу зарылбы?

Өмүрбек Абдырахманов: Ооба. Шайлоо системасынын мыйзамдары дайыма реформаланып турушу керек. Мында талаш жок. Бирок азыркы проблемалар эмнеде? Азыркы проблема – бир эле маселеде. Биз кантип таза шайлоо өткөрөбүз? Кантип административдик кийлигишүүну жок кылабыз? Кантип шайлоо комиссиясында иштегендердин коррупциясын жок кылабыз?

Ал эми азыркы өзгөрүүлөрдө аны чече турган эч бир маселе жок. Жөн гана бул партияларга кантип ылайыктуу болот? Кантип ушу шайлоодон бизге ылайыктуу кылып, жеңип чыгабыз деген кээ бир, жашырбай эле айтып коёлу, Текебаев, Куловго окшогондордун гана ою. Ошону түртүп, кээ бир адамдар аткарып атышат.

Ишенбай Кадырбеков: Шайлоо системасын өзгөртүү зарылчылыгы бар деп Өмүрбек да айтып калды. Элибиз да зарылчылыгы барын айтып атат. Президент да аракет кылып, жумушчу топ түзүп атат, өкүлү да айтпадыбы. Келечекте шайлоого чыгайын деген саясатчы ошол шайлоо калыс болсо, таза өтсө деген ой менен мыйзамдагы кемчиликтерди оңдогонго сунуш жасайт.

Мисалы, Феликс Куловдун, Бектур Асановдун ("Эгемен Кыргызстан") сунуштары бар экен, ошолорду чогуу жазып көрбөйлүбү деп демилге көтөрүп, төрт ай болуп калды, конституциялык жанагы мыйзам долбоорун жазып чыктык. Ал азыр элдин талкуусуна берилип атат. Демилгечи эл болот. Он миң добуш чогултуу оюбуз бар. Андан кийин Жогорку Кеңеш макулбу же жокпу, өзү чечим кабыл алат. Мүмкүн жумушчу топ өз долбоорун чыгарат. Балким үчүнчү, альтернативдүү долбоорду Өмүрбек же башка депутаттар алып чыгаар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG