Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Жер төлөдөгү китепкана


2008-жылы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Данияр Үсөновдун буйругу менен Бишкектеги борборлоштурулган китепкана тармагынын имаратынын жарымын Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп берген.

Учурда китепкананын алты бөлүмү жер төлөдө ыңгайсыз шартта иштеп, кыргыз тилиндеги китептер жетишпейт.

Турусбеков менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бишкектеги борборлоштурулган китепкананын видео залы, окурмандарды тейлөө бөлүмү, гезит-журнал окуучу жай, чет элдик тилдеги бөлүм жайгашкан жер төлөгө (подвал) кирип баратканда нымдуу абанын жагымсыз жыты келип, көңүл айный түшөт экен. Астындагы цементтин үстүнө линолеум капталганы менен тамандан сыз өтүп турат.

Видео зал, гезит-журнал окуган бөлмөлөр абдан эле тар. Мурда биринчи кабаттагы бөлмөлөрдүн бардыгы китепканага таандык болсо, азыр анын жарымына Бишкек шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы ээлик кылат.

Мунун себебин китепкананын жетекчиси Гүлсара Дандыбаевадан сураганымда, ал 2008-жылы мурдагы мэр Данияр Үсөновдун токтому менен имараттын жарымына Муниципалдык менчик башкармалыгы көчүрүлгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, мурдагы мэр Данияр Үсөнов Муниципалдык менчик башкармалыгы мурда жайгашкан Москва менен Правда көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратты "кыйрап калуу коркунучу бар" деген шылтоо менен китепкананын имаратына жайгаштыра салып, алардын имаратын башкаларга берип салган.

Ошентип окурмандарды баалуу маалыматтар, адабий чыгармалар менен тейлеген, миллиондон ашуун китептер сакталган китепкананын бөлүмдөрү жер төлөдөгү тар бөлмөлөргө көчүрүлүп, өтө ыңгайсыз шартта иштөөгө мажбур болушкан.

Кызыгуу жанданды

Учурда өлкө аймагындагы китепканаларга окурмандар, айрыкча жаштар барбай калышканы айтылууда. Бирок Бишкектеги борборлоштурулган китепкана заманбап технологиялар менен иш алып барып, кийинки мезгилде китепканага окурмандарды тартуу иштери кыйла жанданып калганын, күнүгө отуздан жүзгө чейин окурмандарды камсыз кылышарын китепканачылар белгилешти.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен болгон жолугушуу
Алардын айтымында, китепканага жакын мектептерден окуучулар келип, видео залдан Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмаларды, кыргыз тилиндеги кинолорду жана мультфильмдерди көрүп, ачык саат өткөрүп турушат. Жаңыдан киргизилген электрондук каталог боюнча кыргыз китептери менен кеңири тааныша алат. Бирок шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызмат окуучулар менен жер төлөдө иш-чара өткөрүүгө тыйуу салган.

Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов шаардын мурдагы жетекчилиги китепкананын жарымын башка мекемеге туура эмес берип салганын белгилеп, Бишкектин башка райондорундагы китепканаларды сактап калышканын, алардын бардыгын оңдоп-түзөтүп, материалдык-техникалык базасына көңүл бурганын айтты.

- Азыр Бишкектеги китепканалардын техникалык-базасы оңдолуп келатат. Мындан ары дагы оңдойбуз. Китепканаларга кыргыз тилиндеги китептер жетишпейт. Китеп сатып алууга башкармалыкта акча каражаты бар. Бирок кыргызча китептер аз чыгарылып жатпайбы. Азыр балдар үчүн сүрөттүү адабий китептер жок, бала бакчадагы балдар үчүн китептер жок. Жомок китептер жок. Ушул маселени өкмөт колго алып чечет деген үмүттөмүн.

Бишкек шаардык “Кыргыз руху” тобу өнөрүн көрсөтүүдө.
Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын карамагында 29 китепкана бар. Алардын негизги ордосу болгон борборлоштурулган китепкана тармагы белгилүү акын, жазуучулар менен мектеп окуучулардын, студенттердин жолугушууларын байма-бай уюштуруп, маданий иш-чараларды өткөрүп турушат.

15-мартта Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен болгон жолугушууда акындын өмүр таржымалы тууралуу кенен маалымат берилип, чыгармалары окулуп, обондуу ырларын Бишкек шаардык “Кыргыз руху” тобунун өнөрпоздору аткарышты.
XS
SM
MD
LG