Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Интернетиң барбы, элет?


Кыргызстандагы жүздөгөн мектептер интернет эмес, компьютерлер менен толук камсыз болгон эмес.

Мектеп окуучуларынын жетиштүү билим алуусун шартоого багытталган “Жаштардын санарип диалогу” долбоорунун натыйжасында ушул айда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сегиз мектеп жана үч китепкана интернет менен камсыз болушту. АКШнын мамлекеттик департаментинин 200 миң доллардык колдоосу жана Эл аралык изилдөө жана алмашуу өкүлчүлүгүнүн (IREX) аракети менен ишке ашкан долбоордун алкагында бул мектептердеги сабактар интернеттин жардамы менен өткөрүлүп, айрымдарында интернет аркылуу башка өлкөлөр менен видео-конференцияларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Мындан бир жыл мурда Эл аралык изилдөө жана алмашуу өкүлчүлүгү уюштурган “Билим берүүдөгү заманбап технологиялар” программасынын алкагында өлкө аймагында дагы 14 мектеп интернетке туташкан болчу.

Билим берүүдө интернеттин пайдасы көп

Дүйнөлүк желеден маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн алган Талас районуна караштуу Арал орто мектебинин мугалими Роза Молдобекова айыл жергесинде интернеттин жардамы менен кошумча жана жаңы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү келип чыкканын, окуучуларга болсо өз алдынча изденүүгө шарттар түзүлгөнүн баяндады:

- Интернеттин келиши мугалимдер арасында дагы, айыл ичинде дагы, райондогу башка мектептер арасындагы дагы чоң кызыгууну пайда кылды. Бул интернет келгенден баштап окуучуларыбыз мурда кагаз жүзүндө тесттерди окуп келген болсо, азыр интернеттен эле өздөрү отуруп алып эле тесттик иштерди иштегенге жарап калышты.

Мугалимдер билдиришкендей, интернеттин видео, аудио өндүү мүмкүнчүлүктөрүнүн сабак учурунда колдонулушу менен окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу кыйла өскөн. Ошондой эле мектептер ортосундагы маалымат алмашууну кыйла жакшырган. Мектептерди интернет менен камсыз кылуу багытындагы долбоорлорду жүргүзүп келген Эл аралык изилдөө жана алмашуу өкүлчүлүгүнүн (IREX) жетекчиси Чынара Өмүркулова интернет жеткен мектептерде билим берүүнүн жаңыча ыкмалары пайда болгонун белгиледи:

- Өткөн жылы георграфиядан берген мугалимдер интернетте Гугл (Google) сайтынын картасын колдонуу аркылуу сабак өтүшкөн. Интернеттин жардамы менен окуучулар дүйнөнүн кайсы бир аймагынын картасын так көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Натыйжада сабакта интернеттин колдонулушу окуучунун сабакка болгон кызыгуусун кыйла көтөрүп жатат.

Мектептерди интернет менен камсыз кылууга каражат жок

Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстанда кеминде 2000ден ашык мектеп болсо, алардын эки пайызга жакыны гана интернет менен камсыз болгон. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жашындагы жана мектептен сыркаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Раимкул Султанов билдиргендей, интернетке жете алган мектептердин көбү шаарларда жайгашкан. Өлкөнүн аймагындагы айрым мектептер интернет менен эмес, компьютер, телефон менен да толук камсыз болгон эмес.

- Бүгүнкү күндө саналуу гана мектептерде, кээ бир шаардык мектептерде интернет бар. Ар кыл комплекс гиназияларда гана интернет уюштурулган. Бул уюштурулган интернеттер мамлекеттин эсебинен эмес, мектептин өзүнүн эсебинен жана демөөрчүлөрдүн эсебинен уюштурулган. Жалпы Кыргызстан боюнча интернетти уюштуруу чоң сумманы талап кылат. Ошондуктан аймактактардагы мектептерде интернет дээрлик жокко эсе.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында, ошол кездеги президент Аскар Акаев Кыргызстан маалыматтык коомду тандай турганын айтып, өлкөдө компьютерлештирүү, интернетти киргизүү аракеттери башталганын дүйнөгө жар салган. Анткен менен 21-кылымдын экинчи он жылдыгынын босогосунда деле интернет менен камсыз кылуу аракеттеринен майнап көрүнбөй келет. Адистер белгилешкендей, Кыргызстандын көпчүлүк аймагына интернет жеткирүүгө "Кыргызтелекомдун" мүмкүнчүлүгү болгону менен бардык аракет каражат маселесине келип такалууда:

- Эми биринчи учурда мамлекет тарабынан бул тармакка көңүл бурулуп каржылоо болушу керек. Андан тышкары атайын интернет тармагындагы ыкмаларды билген адистерди үйрөтүп чыгуу керек, - мындай пикирин Кыргызстандагы IREXтин заманбап технологиялар боюнча адиси Акжол Жороев билдирди.

Мектептерди интернет менен камсыз кылуу КМШнын бир катар өлкөлөрүндө колго алынган. Алсак Орусия миллиарддаган рубль каражатты бул тармакка жумшап, өлкөдөгү мектептерди интернет менен камсыз кылууга жетишкен. Кыргызстандагы мектептер окуу куралдар менен толук камсыз болбой турган убакта, мектептерге интернет жеткирүү аракеттери алдыңкы жылдарда кыйынга турарын адистер белгилешет.
XS
SM
MD
LG