Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Кыргызстан жергиликтүү шайлоолорго камынууда


Өлкөдө ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна даярдык көрүлүүдө.

25-ноябрда 25 шаардык жана 416 айылдык кеңешке шайлоо өтөт. 3-октябрда бюллетендерди даярдоо үчүн басмаканалар арасында тендер жарыяланды.

"Бул жолу шайлоо аймактарга атайын ар башкача бюллетендер жасалат" дейт Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Туйгуналы Абдраимов:

- Президенттик шайлоодо бюллетендерди кабы менен, ар бирине номер коюп, бир бөлүгү жыртыла турган кылып жасадык. Бир бюллетень 3 аппараттан өтүп, убакытты абдан көп алды. Ошондуктан азыр биз бюллетендерди ар түрдүү кылып жасаганы жатабыз, 1409 түрдүү бюллетень чыгарылат. Ошондо бюллетендин саны көп болуп кетет.

Ошон үчүн башка башка басмакана үчүн 7 тендер өткөрүлөт.

БШКнын 4-октябрдагы жыйынында жергиликтүү кеңештин депутаттык мандаттары бекитилди. Өлкө боюнча 7585 депутат шайланыш керек. Айылдык аймактардын талапкерлери айылдагы шайлоочулардын санына карата аныкталат.

БШКнын шайлоо уюштуруу боюнча башкармалыгынын башчысы Мырзабек Аргынбаев "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Шайлоочулардын саны 6 миңге чейин болгон жерлерде 11 мандат, шайлоочулардын саны 6 миңден 21 миңге чейин болгон жерлерде 21 мандат, андан жогору болгон айыл аймактарынан 31 мандат шайланат. Алардын санын аймактык шайлоо комиссиясы жана жергиликтүү кеңештер аныктап беришти.

Шаар депутаттары катыштык өлчөм менен саясий партиялардан шайланат. Быйыл шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, шайлоочулардын 7 пайыз добушун алган партиялар өтөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу айта кетти:

- Мисалы, өткөн шайлоодо Токмокто, Ошто 21 мандатты 16 субъект алып калбадыбы. Жергиликтүү кеңешке ар бир партиянын өкүлү өтүп калса, коалиция түзүү кыйынчылыгы пайда болот экен. Ошондуктан 7 пайыз талабы коюлду. Бирок эч бир партия 7 пайыз албай калса, биринчи үч партиянын өкүлдөрү мандат бөлүшүүгө кирет.

Ал эми айылдык кеңештин депутаттары мажоритардык система менен шайланат, бир шайлоочу кааласа бардык талапкерге добуш бере алат. Бир айылдык кеңеш бир нече шайлоо округунан турушу мүмкүн. Ар бир шайлоо округуна мандат берилет. Бирок даярдык иштеринде айкын болгондой, кичи айылдар биригип бир округ болуп калган учурлар бар.

БШКынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков кичинекей айылдардын эли өзүнүн талапкерин шайлаган учурда да эли көп айылдар менен бириккенде андан талапкер өтпөй калышы мүмкүн экендигин билдирди.

- Менин оюмча, округдарды бөлүш керек. Макул шайлоо участкасы бир болуп, бир жерге барып добуш берсин, бирок өзүнчө округдан шайлаш керек. Кичинекей айыл болобу, чоң болобу ар бир айылдын кеңеште өкүлү болуусу маанилүү.

БШКнын мүчөлөрү бул маселени дагы карап, шайлоо округдарын, участкаларын кайра түзүп чыкмай болду. Беш күндүн ичинде бөлүнгөн айылдык округдардын дареги ЖМК аркылуу айтылыш керек.

Шайлоого 40 күн калганда шайлоочулардын тизмеси илинүүгө тийиш. Айылдагы шайлоочулардын тизмеси Улуттук статистика комитетинин 2011-жылдагы чыгарган маалыматы боюнча турат. Мыйзамга ылайык, БШК шайлоочулар тизмесин жаңы жылдыкы менен аныкташ керек. Бул да азырынча суроо жаратууда.

Быйыл шайлоочулар катталган жеринен гана добуш бере алат. Ошондой эле 40 күн калганга чейин шаар кеңеши үчүн саясий партиялар каттоодон өтүп бүтүш керек. Азыр бир да партия каттоодон өтө элек.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 4 жылда бир өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG