Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө


Добуш берүү үчүн бармакка белги коюу.
Добуш берүү үчүн бармакка белги коюу.

Кыргызстанда бүгүн 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке шайлоо өтүүдө.

Бул аймактардын баарында эртең мененки сегизден тарта добушканалар ачылды. Бул жолу мурдагы шайлоолордон айырмаланып, Бишкек шаар кеңеши үчүн шайлоого жалаң партиялар катышууда. Ордо калаанын парламенти үчүн 23 партия ат салышууда. Калган жергиликтүү кеңештерге шайлоого партиялардан сырткары шайлоочулар тобу жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер да катышууда.

Жалпысынан бул шайлоого 23 437 талапкер ат салышууда. Добуш берүүгө жергиликтүү байкоочулардан сырткары 17 эл аралык байкоочу көз салып жатат.

XS
SM
MD
LG