Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:09

Кыязов: «ОшТВ» ашкере саясатташпайт


«ОшТВ» телекомпаниясына жаңы жетекчи болуп дайындалган Эрнис Кыязов каналга карата коомчулук арасында калыптанып калган «мэриячыл» деген мөнөздөмөнө жоёорун айтты.

2010-жылдагы июнь окуясына чейин негизинен өзбекче обого чыгып жөргөн бул канал калабадан соң толугу менен кыргызчаланган болчу. Бир жыл мурун каналда жаңылыктар берүүсү кайрадан өзбек тилинде да чыга баштайт, деп айтылганы менен ал ишке ашкан жок. Коомчулукта «ОшТВ» соңку учурларда Мырзакматовду ашкере мактап жатат”, - деп сындала баштаган. Жаңы жетекчи бул кемчиликти кантип жоёт? Жаңылыктарды өзбекче да обого чыгаруу планы эми ишке ашабы?

Телекомпаниянын жаңы жетекчиси Эрнис Кыязов ушул жана башка суроолорго жооп берди.

«Азаттык»: Эрнис мырза, «ОшТВ» шаар мэри Мелис Мырзакматовдун менчиги экени айтылып жүрөт. Демек, жаңы кызматка сунуш ошол киши тарабынан түшсө керек?

Кыязов: Ооба, мага бул кызматты Оштун азыркы мэри сунуштады. Каршы болгон жокмун, сунушту кабыл алдым. Азыр мекеменин чыгармачыл тобу, техникалык мүмкүнчүлүктөр менен таанышып жатам.

«Азаттык»: «ОшТВ» акыркы учурларда негизинен Ош мэри жасап жаткан жумуштарды көбүрөөк көрсөтүп, ал кишини мактаган берүүлөр басымдуулук кыла баштады эле. Мындан улам каналга карата сын-пикирлер да көбөйгөн. Мындан аркы «ОшТВ» кандай болот?

Кыязов: Мен буга чейин негизинен Бишкекте жашап, иштегендиктен «ОшТВ» телеканалын көп көргөн эмесмин. Бирок сиз айткандай мандемдер бар экенин угуп жүргөм. Буйруса, алдыда бул кемчиликтерди жоём деп максат коюп жатам. Жетекчи болуп келди деп эле, креслого жабышып отуруп калбайм же кол астымдагыларга буйрук берүү менен гана чектелбейм. Мен чыгармачылыктын дыйканымын. Жөн отура албайм. Журналисттерим менен кошо сюжет даярдайм, монтаж кылам. Ошол жол менен кемчиликтерди жоёбуз.

Бирок бир нерсени айтыш керек, «ОшТВ» азыр кесипкөй журналисттерге аябай муктаж экен. Баса, кесипкөй журналисттерди жумушка тартуу үчүн, алардын мыкты эмгегин элге тартуулоо үчүн телеканалдын кожоюндары тарабынан жакшы шарт жаралышы абзел. Шарт болмоюн, биз максаттарга жете албайбыз. Учурда ушул жаатта изилдеп, кантип бул маселени чечүү жолдорун үйрөнүп жатам.

Ал эми “мэриянын жумушу менен мэрди гана көрсөтө берет”, деген сындар боюнча айта турган болсом, “ОшТВ” шаардык канал деген форматта калат. Анткени, бизде азырынча башка аймактарга барып телесюжет даярдап келүүгө мүмкүнчүлүк азыраак. Ошондуктан, негизинен шаардагы жаңылыктарды көрсөтөбүз. Мэриянын жумуштарын гана эмес, бардык тармактарда жүрүп жаткан жумуштарды, ийгиликтерди, кемчиликтерди айтабыз. Мэриядагы жаңылыктарды да берип турабыз.

«Азаттык»: Кыргызстанда телеканалдарга үч түрдүү мүнөздөмө берилет: бийликчил, оппозициячыл жана коомдук. ОшТВны кай бирине кошобуз?

Кыязов: Мен буга чейин журналист катары негизинен саясий өңүттөгү берүүлөрдү даярдап жүрчүмүн. Бирок “ОшТВ” ашкере саясатташкан канал болбойт. Экономикалык-маданий берүүлөргө басым жасайбыз. Саясий кай бир окуя аябай актуалдуу болуп турган учурда гана ошол темага кайрылабыз. Мен билгенден, “ОшТВ” буга чейин деле саясатка аралашкан эмес.

“Азаттык”: Бир жыл мурда “ОшТВнын” жаңылыктар берүүсү өзбек тилинде да обого чыгаары айтылды эле. Бул демилгеден кабарыңыз барбы, сизде бул жаатта кандай пландар бар? Кантсе да Ошто өзбек тилдүү мекендештерибиз көп эмеспи...

Кыязов: Бул демилгеден менин кабарым жок. Бирок биздин каналдын негизги өзөгүн ынтымак темасы түзөт деп пландап жатам. Берүүлөрүбүз ушул жерде жашап жаткан бардык этностун өкүлдөрүнө арналат.

“Азаттык”: Ошто Өзбекстандын телеканалдары популярдуу. “ОшТВ” кайсыл ыкмалар менен кошуна өлкөнүн каналдарына атаандаш болушу мүмкүн?

Кыязов: Бул боюнча азыр менде конкреттүү тактика же стратегия жок. Бирок келечекте тегине карабай, баарын кызыктырган көрсөтүүлөрдү даярдайбыз деген ой бар. Аймактык телеканалда ийгилик жаратуу жаатында үйрөнө турган нерселер көп. Аны ошол эле кошуна өлкөлөрдөн, Орусиянын, Европанын телекөрсөтүүлөрүнөн үйрөнсөк болот. Өзүбүздүн эле борбордук каналдардан үйрөнө турган сабактарыбыз да бар.

P.S.: Эрнис Кыязов 19-июлда ОшТВга жетекчи болуп келди. Буга чейин аталган каналда Сюита Соурбаева директор болчу. Анын жумуштан кетүү себептери азырынча белгисиз. Эрнис Кыязов буга чейин Коомдук биринчи каналда жана ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясында эмгектенген.

«ОшТВ» телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиамекемелердин бири. Түптөөчүсү - жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, толугу менен кыргызчаланган. Телеканалдын ошол кездеги ээсине медиа аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга салым кошкон деп көнөө коюлган. Худайбердиев июнь калабасынан соң Кыргызстандан чыгып кеткен.

Коомчулукта Оштун азыркы мэри Мелис Мырзакматов мекемени мурдагы ээсинен сатып алган деп айтылат. Бирок Мелис Мырзакматов "Азаттыктагы" буга чейинки маегинде "ОшТВга" эч кандай тиешеси жоктугун билдирген.

Канал Ош шаарына жана Фергана өрөөнүнүн айрым чөлкөмдөрүнө көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG