Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Кара-Балтада депутаттар чырдашты


Ички иштер министрлиги Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарынын жаңжалы тууралуу маалыматты тастыктады. Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин жыйыны учурунда төрага экинчи депутатты сабап салган.

Чүй облустук милициясынын маалымдашынча, Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарынын ортосундагы чыр ушул жылдын 1-ноябрында катталган. Анда шаардык кеңештин төрагасы Таалайбек Сүйүнбаев менен депутат Калыбек Нуркожоевдин ортосунда чатак чыгып, мушташка айланган. Бул окуя тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Айбек Арзыматов төмөнкүлөрдү билдирди:

- Аталган чыр 1-ноябрда Кара-Балта шаардык кеңешинин жыйыны учурунда орун алды. Анда депутаттардын бири экинчи депутатты өз иш бөлмөсүнө алып кирип, мушташкан. Натыйжада окуя болгон жерге шаардык милициянын кызматкерлери чакырылып, окуя боюнча материалдар топтолгон. Учурда бул иш тергелип жатат.

Милициядан маалымдашкандай, тиешелүү материалдар топтолгон соң бул иш боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Анткен менен жаңжалдашты деген эки депутат мындай окуянын болуп өткөнүн четке кагышууда.

Шаардык кеңештин төрагасы Таалайбек Сүйүнбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай маалыматтар саясий каршылаштар тарабынан атайын таратылып жатышы мүмкүн:

- Бул - интрига. Мени жана Нуркожоевди бул окуя боюнча милицияга чакырганда эч кандай уруш-талаш болгон жок деп түшүнүк жазып бердик. Кантип эле биз менин иш бөлмөмдө урушалы? Бул жер базар эмес да.

Ал эми мушташка катышты делген экинчи депутат Калыбек Нуркожоев бул окуя боюнча “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты. Ошентип эки депутаттын эмнеден улам жаңжалдашканы белгисиз бойдон калууда. Бирок Кара-Балта шаарындагы жергиликтүү активисттер депутаттар ортосундагы мындай окуянын орун алышына тынчсызданышууда.

Маселен, активисттердин бири Ирина Плахотная депутаттар шаардагы көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна жаңжал чыгарышын бийликтин кадыр-баркына доо кетирчү аракет деп баалайт:

- Эл өкүлдөрү башкаларга үлгү болушу керек эле. Анын ордуна бири-бири менен мушташып, чуу салып жатса, жөнөкөй тургандар жөнүндө эмне деп айтууга болот. Шаарда болсо көйгөй толтура. Жол, жарыкка такыр эле көңүл бурулбай калды. Биздин шаар болсо аябай криминалдашкан шаар болуп эсептелет. Көчөлөрдө жарык болбосо, анан кылмыш көбөйөт да. Ал эми буга көңүл бурган эч ким жок.

Кара-Балтада шаардык кеңештин депутаттары ортосундагы мушташ жергиликтүү бийлик органдарына кылмыштуу топтор аралашканбы деген суроого кайрадан жем таштады. Буга чейин Ички иштер министрлиги жергиликтүү кеңештерге уюшкан кылмыштуу топтор таасирин артырып, мындай топ мүчөлөрү депутаттыкка шайланып жатканын кабарлаган.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгын башчысы Рафик Мамбеталиев кылмыштуу топтун мүчөсү делген 12 адам жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланганын билдирген:

- Жергиликтүү кеңештин 12 депутаты кылмыштуу топтун мүчөсү деп биздин каттоодо турат. Маселен, алардын бири Каракөл шаардык кеңешинин депутаты, “Жин” деген каймана аттуу Алтынбек Арзымбаев. Ал эки жолу кылмыш кылды. Биринчи жолу адамга кол салганы үчүн кармалып, бирок сот эркиндикке коё берген. Ал эми “көз боёмочулук” беренеси боюнча камакка алынган.

Бул окуядан “Ата Мекен” партиясы Арзымбаевдин партия мүчөлүгүнөн чыгарылып, мандаты кайтарылып алынаарын билдирген болчу. Андан соң Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоо учурунда КСДП жана “Өнүгүү” партияларынын өкүлдөрү ортосунда чыр чыгып, ок атылган эле. Анда эки адам жараат алган болчу.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасындагы криминалдын таасиринин күчөшүн эксперт Шерадил Бактыгулов шайлоо мыйзамындагы кемтиктерден чыгып жатат деп эсептейт. Анын айтымында, көпчүлүк кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бийликке аралашып, өзүн актоо аракетин көрүп жатат:

- Жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлик коюп жатканда эч ким анын мурда соттолуп, соттолбогону тууралуу справка сурабайт. Мыйзамдарда ушундай көрсөтүлгөн. Ошондуктан мен депутат болом деген адам талапкерлигин коюп, ар кыл жол менен шайлоодон жеңип чыгып жатат. Экинчиден, мындай кырдаалдан жаралышына электорат да күнөөлүү. Алар криминалдык топтордун мүчөлөрү экенин билип туруп да, аларга добуш беришет. Ошондуктан биз шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизип, жергиликтүү кеңешке талапкерлерди да иргегенге шарт түзүшүбүз керек.

Буга чейин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев криминалдык топтордун мүчөлөрү ачыктан-ачык эле бийлик органдарына таасирин көрсөтө баштаганын билдирип, бул багыттагы күрөштүү күчөтүү үчүн укук коргоо органдарына эки айлык мөөнөт чектеген. Ал мөөнөт ноябрь айынын соңунда бүтөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG