Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:59

Үч өлкөнү бириктирген маком


Оштогу концертке катышкан жаш ырчылар.

Ошто өзбек жана тажик элинин ырчылык өнөрүндөгү эң татаал жанр - макомду даңктаган концерт болду.

Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өнөрпоздору катышкан бул иш-чара - Бабур атындагы өзбек академиялык музыкалык театрынын тарыхындагы соңку жылдары өткөн эң ири концерт.

29-октябрда Ошко үч өлкөнүн ырчылары жана маданият ишмерлери чогулду. “Маком гүлбагы” деп аталган үч сааттык концертти көргөнү келгендердин көбү орто жана улгайган курактагы кишилер.

Маком - өзбек жана тажик элинин ырчылык өнөрүндө эң татаал багыт.

Өзбекстандын улуттук консерваториясынын улук окутуучусу Азизжан Закиров аны мындайча түшүндүрдү:

Азизжан Закиров.
Азизжан Закиров.

-“Маком” деген сөздүн мааниси “төр” дегенди билдирет. Музыканын төрү – үндүн эң бийик диапозону. Маком күүсүнө салынган ырлардын ар бир сабы терең философиялык мазмунга ээ.

Оштогу театр артисттеринен куралган “Шашмаком” ансамбли Өзбекстандан Ташкент Мамлекеттик үлгүлүү маком ансамблинин, Фергана өрөөнүнүн маком академиясынын, Тажикстандын Хожент мамлекеттик маком академиясынын артисттерин тосуп алды.

Бабур театрынын жетекчиси Азам Рахим Абдуразаков Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өткөн иш-чараны тарыхый мүнөздөгү концерт катары баалады.

Оштогу Бабур театрынын артисттери.
Оштогу Бабур театрынын артисттери.

Баса, Оштогу “Шашмаком” ансамбли акча тартыштыгынан улам 2012-жылы ишмердигин токтоткон эле. 2017-жылы кайра жанданып, ырдай башташты.

Улуттук музыканын бул түрү жоголуу коркунучуна кептелип калганын маданий ишмер Ахмаджан Абдурахимов айтып берди:

- Кыргызстандагы өзбек ырчы-чоорчулар гана эмес, өзбекстандык артисттер да буга көңүл бурбай баштаган. Бирок 2017-жылы ноябрда президент Шавкат Мирзиёев буйрук чыгарып, музыканын бул түрүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга чакырды.

Күйөрмандар.
Күйөрмандар.

Тажикстандын эмгек сиңирген артисти Насиба Узакова Оштогу ырчылардын маком ырдоо чеберчилиги мактоого татыктуу экенин белгиледи. Улуттук музыка майрамында жеткинчектер да сахнага чыгып, устаттар колдоп-кубаттап турушту.

Адистер макомду “оор ыр” деп сыпатташат. Өзбек жана тажик коомчулугу бул жанрды опера менен тең коюшат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG