Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Матанова: Боз үйдү 25 миң долларга сатабыз


Улуу ойчул Куйручуктун 145 жылдык мааракесине арналган иш-чарада боз үй боюнча сынакта баш байгеге коюлган жаңы үлгүдөгү унааны Ысык-Көл районунун Кожояр айылынан келген ууз апа Оңол Матанова утуп алды.

“Азаттык”: Кайсы жылдардан бери боз үй жасап келе атасыз?

Оңол Матанова: 60-жылдан бери үй жасайм. Акаев, Бакиев, Назарбаевге, саммитке жасадым. “Манастын миң жылдыгында” биринчиликти алдым.

Бүгүн байгеге ээ болгон боз үй саны боюнча элүүнчү. Балдарым да боз үй жасайт.

Тогуз кызым бар, үч уулум, келинимдерим өнөрүмдү үйрөнүп, баары тең менин кесибиме көчүштү.

Окугандары деле, мугалимдик, эсепчилик кесиптерин таштап, баары эле менин кесибиме өтүп кетишти.

“Азаттык”: Биринчиликти алган боз үйүңүз канча баштуу?

Оңол Матанова: Бул жүз баштуу боз үй. Ушул айдын башында эле жаңы бүткөн боз үй болчу.

Соң-Көлгө алып келип, кароо-сынакка катышып, боз үйдү тигип, жеңил машиненин ээси болуп отурам.
“Азаттык”: Бул боз үйдү жасоого канча убакыт кетти?

Оңол Матанова: Былтыркы жылдан бери кызым-келиним болуп жасадык. Туура бир жылдан ашып барып бүттүк.

“Азаттык”: Кийиздерин сиз жасасаңыз, жыгачтарынчы?

Оңол Матанова: Жыгачтарын балдарым жасайт. Өзүмдүн неберелерим да чоңойду.

9 күйөө балам бар, ошолордун баары боз үй жасайт. Азыркыча айтканда бизнес кылабыз. Илгертеден ата-бабадан калган боз үй жасоону баш көз болуп баарын үйрөтүп атам.

Боз үйдү 20 - 25 миң доллардан сатышат. Бул жаман кесип эмес экен. Эмгекчил болгон жакшы болот.

Мен жаштарга айтат элем, эмгекчил болгула. Эмгек кылбай эле “биз эч нерсеге жетишпей атабыз” деп айткан туура эмес. Эмгекчил болсоң баары болот.

“Азаттык”: Кытайдан жеңил-желпи боз үйлөр чыгып атпайбы, сиздердин боз үйгө суроо-талап азайган жокпу?

Оңол Матанова: Кээ бирлер акчасы аз болуп, айылдагы өлүм-житимге ошол боз үйлөрдү алып атышат. Биздин боз үй кымбат болуп атпайбы. Бирок кетип атат, кандай жасасак алып кетишет.
XS
SM
MD
LG