Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Таштемир акенин гүлкашаасы


Өзгөн районунун Большевик айылындагы шаккашааны бул аймакта билбеген адам жок. Ал эмес кашаанын атагы чет элдиктерге чейин жетип, сырттан атайын көргөнү келгендер да бар.

Жол бою кыдырата эгилип, кооздолуп кыркылган бул шаккашааны өзгөндүктөр “Таштемир акенин гүлкашаасы” деп коюшат.

Кыргыздын боз үйү, оймо-чиймеси жана гүлдөрдүн элеси түшүрүлгөн Большевик айылындагы кашааны кесипкөй сүрөтчү, же багбан эмес жөнөкөй эле бир дыйкан киши багат.

“Бул да болсо кудайдын берген бир таланты го” деп калат Таштемир Дыйканбаев:

- Жолдон өткөндөр бул жерде сүрөтчү, же агроном багбан жашайт го дешет.

Мен сүрөтчү эмесмин, кол жазмам да жакшы эмес. Бирок кудайдын берген бир таланты менен ушул кашаага сүрөтчү болуп калыпмын.

Өзүм деле билбейм, алгач шаккашааны отургузуп, анча-мынча кыркып коюп жүрүп эле ушундай болуп калды. Оймо-чиймелерди, гүлдөрдү көрүп эл гүлкашаа деп коюшат, боз үйдү көрүп үйкашаа деп коюшат.


Деген менен бул гүлкашаа 20 жылдан берки эмгектин үзүрү.

Жылда төрт жолу кыркылып турбаса, анын да көркү кетип, керексиз жакка өсө баштайт. Короосундагы кашааны эле Таштемир бир аптада кыркып бүтөт.

“Кыркууга да өзүнчө чеберчилик керек” дейт ал:

- Бул чынында кыбыр иш. Короонун ичи-сырты болуп бир аптада кыркып бүтөм. Башка иштериңдин баарын таштап, убагы келгенде токтоосуз тегиздеш керек.

Жылына төрт жолу тегизделет. Ошондо аралыгы 40-45 күн болуп калат. Болбосо сакал өскөн чалга окшоп жүдөп калат.




Таштемир аке үйдөгү малдарын да кашаага сүйкөнбөй турган кылып үйрөтүп койгон:

- Малдарды үйрөтүп койгом. Уйлар кашынып калса, катуу чаап коем, ошол боюнча жөлөнбөй калат. Кой-эчкини кууп киргизип, кууп чыгарам. Жолдон өткөндөр таң калышат экен, “бул кишинин малы барбы, жокпу” деп. Малды да тарбияласа болот экен…

Большевик айылынан Кара-Шорого эс алууга баргандар, жайлоого чыккандар өтөт. Алардын көпчүлүгү ушул жерден токтоп сүрөткө түшүп, анын ээсинен ар нерсени сурап кетишет. Айрымдары сатып алабыз дешет экен:

- Бир киши келип, “ушул кашааңды менин үйүмө жылдырсаң сага акча берем. Каалаган нерсеңди берейин, каалашыңча акча берейин” дейт. Өзүң эгип аласың да деп коюшат. Мен болбой койдум. Буза албайм дедим.

“Гүлкашаага” кызыгып, атайын чет элден да келгендер бар. Алар айрыкча ээсинен мында жасалган боз үйдүн элесин көп сурашат.

Айылдан чыкса башка айылдагылар, райондон чыкса башка райондогулар анын кашаасы жөнүндө айтып калса Таштемирдин кубанычы койнуна батпай калат. “Болгону ушул жергиликтүү бийликтегилер эмгегимди баалай албай коюшту” дейт ал:

- Ош шаарына же Жалал-Абадга барып калсаң “Өзгөндө ушундай сонун бир кашаа бар” деп калышат, Бишкекке барып калсаң “ушундай кашаасы бар үй бар экен” деп калышат.

Чет өлкөгө чыксам “Кыргызстанда ушундай бир сонун гүлкашаа бар экен” деп айтышат.

Арыздангандай болбоюн, бирок биздин айыл башчылар, же район жетекчилери бир жолу келип ыраазылык билдирип коюшпады. Көңүл үчүн деп деле, бир кичинекей белек-бечкек беришпеди…


Бирок ага карабай Таштемир кашаасын түрлөнткөнү түрлөнткөн. Жакын коңшуларына да кашаа өстүрүп берип, аларга да каралашып турат.

Кызыгы айылдагылар анын кандай жүргөнүн кашаасынан билип калышкан.

Эгер кашасы кыркылбай турса “Таштемир аке ооруп калдыбы?” деп сурап киришет, тептегиз болуп кыркылып, жайнап турганын көрүшсө “Таштемир аке күүлүү-күчтүү экен” деп жайдары өтүп кетишет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG