Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Кадырбаев: Эч кимге жүгүнбөйм


Айтмамат Кадырбаевге мэрликке шайлангандан кийин калпак, чепкен кийгизип, куттуктап жатышат. Ош шаардык кеңеши, 15-январь, 2014.
Айтмамат Кадырбаевге мэрликке шайлангандан кийин калпак, чепкен кийгизип, куттуктап жатышат. Ош шаардык кеңеши, 15-январь, 2014.

Ош шаарынын жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Айтмамат мырза, ишти эмнеден баштаганы турасыз? Биринчи кабыл алган чечимиңиз кайсы болушу мүмкүн?

Кадырбаев: Ош шаарына тынчтык керек. Өзүңүздөр билесиздер, 2010-жылкы Ош окуясы - улуттар аралык араздашуунун аягы эмнеге алып келди. Ошондуктан биринчи күч-аракет, болгон кыймыл ар бир шаардыктын, элдин жашоосуна жагымдуу шарттарды түзүп берүү болот.

“Азаттык”: Сиз өзүңүздү саясатчымын деп ойлойсузбу же чарбакер адамсызбы?

Кадырбаев: Эми шаар башчысынын көбүнэсе чарбалык жумуштар менен иштегени жакшы го.

“Азаттык”: Таза иштөө деген коомдун жетекчилерге талабы болуп атат. Өзүңүз кандай ойдосуз, байлыгыңыз жетиштүүбү, токсузбу?

Кадырбаев: Биз ушул маселеде көп кыйналып келатпайбызбы. Жыйырма жылдан бери коррупцияга каршы күрөшөбүз деп аракет кылып келатпайбызбы. Бирок жыйынтыгы баарыбызга белгилүү – жакшы эмес. Ошондуктан коррупцияга жол бербеш керек. Мен өзүм жөнүндө айта турган болсом, өзүмө тапкан маянам жетиштүү. Мен бирөөнүн акчасына же казынага кол салуу дегенден алысмын.

“Азаттык”: Өзүңүз байкагандай кечээги шайлоонун жыйынтыгы, акцияга чыккан элдин маанайы сиздин алдыңызда али ишенимге кирүү милдети турганын айтып атат...

Кадырбаев: Мен эми тияк-бияктан келдим, бөлөк планетадан түштүм деп айта албайм. Мен муну иш менен тастыктоого аракет кылам, болгон күч-аракетимди жумшайм.

“Азаттык”: Сиздин мэрлик кызматка келип калышыңызга байланыштуу коомдо, анын ичинде Оштун өзүндө ар кандай пикирлер айтылып атат. 2010-жылкы апрель окуясынан кийинки акцияларга катышып, анан бир күндүк элдик губернатор да болдуңуз эле. Эми азыркы бийликтин саясатына бүгүнкү көз карашыңыз кандай? Борбор менен кандай кызматташасыз?

Кадырбаев: Борбор менен кандай кызматташуум керек? Адаттагыдай эле. Ал жерден бир чоң саясат кылып, борборго барып, алардын сөзүн угуп, борбордун буйругун жасайт дегенден алыс болушубуз керек. Ар бир жетекчинин өзүнүн укугу бар. Иш боюнча айтсак, так милдеттер бар. Мен ошонун чегинде гана иштегенге аракет кылам. Бирөөгө барып жүгүнгөндөн, бирөөгө кошомат кылгандан мен алысмын. Мен бир адам үчүн иштебейм. Шаардын келечеги үчүн, шаардын жарандары үчүн иш алып барам.

“Азаттык”: Сиздин атаандашыңыз, мурдагы мэр Мелис Мырзакматов менен буга чейинки кызматташтыгыңыз тууралуу бир аз маалымат берип койсоңуз. Ал киши менен мамилеңиз кандай деп сурагым келип атат.

Кадырбаев: Бири-бирибизге эч кандай терс пикирибиз жок. Биз убагында дос болгонбуз. Эми турмуш ушундай экен. Негизи ал кишинин буга чейин жасаган жакшы иштери болсо, албетте уланат. Ал кишиге карата жаман деп айта албайм. Шаар үчүн жасаган көп иштери бар.

“Азаттык”: Шайлоодон кийин жолугуштуңузбу? Ал киши куттуктадыбы сизди?

Кадырбаев: Туурасын айтыш керек, шайлоодон кийин биз жолуккан жокпуз. “Улуттар биримдиги” шайлоо жыйынтыгын алдын-ала уккандан кийин залга кайра кирген жок. Мен көрүшө албай калдым. Көрүшсөм сөзсүз учурашам.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз чакырып, жолукканга аракет кыласызбы? Мисалы, ал киши кечээги митингде жазда дагы чыгабыз, саясий күрөштөр алдыда деп айтпадыбы.

Кадырбаев: Эми мындай аракеттерден биз, баарыбыз алыс болушубуз керек да. Саясий күрөштө, эгер алдыда шайлоолор, башка өнөктүктөр болсо ал жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Азыр эми көрүп атасыздар, “эл оозунда элек жок” дейт, “басып алабыз”, “мэрлерди өзүбүз шайлайбыз”, “Элдик мэр кылабыз” деген өңдүү ар кандай чакырыктар болду. Мен андайларга жол бербегенге аракет кылам.

“Азаттык”: Сизди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кадры деген да сөз тарап кетти. Мамилеңиз болсо керек, Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясында чогуу иштешип калдыңыздар да?

Кадырбаев: Мен ал дирекцияда Жантөрө мырза менен иштеген жокмун. Мен бул жумушка келгенде ал киши президенттин аппаратында жетекчи болуп иштечү. Буга чейин, 2007-жылы чогуу иштегенбиз. Ал киши губернатор, мен биринчи орун басар болгом. Ал киши менен жумуш, кызмат аркылуу эле байланыштамын. Башка жакындыгыбыз жок.

“Азаттык”: Шайлоонун алдында премьер-министр менен жолугушуу болдубу?

Кадырбаев: Премьер-министр менен жолугуша элекмин. Кечээги шайлоо жаңы мыйзам боюнча өттү. Ал жерде саясий партиялар өздөрүнүн талапкерлерин сунуштаган. Мыйзам боюнча премьер-министр да өз талапкерин сунуштоого укугу бар эле. Ал жактан сунуш болгон жок. Эки партиядан (фракциялык коалициялардан - ред.) сунуш түштү.

“Азаттык”: Сиз өз командаңызды топтойсузбу же мурдагы команда менен эле иштешесизби?

Кадырбаев: Биздин бирден-бир кемчилигибиз ушул болуп атат да. Ким жакшы иштесе, ким Кыргызстан үчүн күйсө, ким келечек үчүн күйсө ошол менин командам болот.

Автордон: Айтмамат Кадырбаев 48 жашта. Кесиби -экономист. 15-январдагы Ош шаардык кеңешинин шайлоосунда 26 добуш алып, мэр болуп шайланды. Анын талапкердигин коалициялык көпчүлүк сунуштаган. Мурдагы мэр Мелис Мырзакматов иштен алынгандан кийин кайра куралган коалициялык көпчүлүктүн тутумуна КСДП (11), "Республика" (8), "Адилет Кыргызстан" (2), "Ата Мекен" (1), "Замандаш-Современник" (1) партиялары кирет. Ал эми "Улуттар биримдиги" (21) жана ЭДПК (1) партиялары азчылыкты түзүшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG