Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Шаар башчыларын шайлоо аяктады


Каракол шаары
Каракол шаары

27-августта 17 шаардын мэрлерин шайлоо өтүп, 4 шаарда мэр шайланбай калды. Талас мэрин шайлоо нааразылыктар менен коштолду.

27-августта Кыргызстандын 17 шаарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары шаар башчыларын шайлашты. Анын жыйынтыгында 13 шаарда жаңы мэр тандалды.

Төрт шаардын мэри шайланган жок

Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата жана Кочкор-Ата шаарларында мэр аныкталган жок. Анын себеби боюнча, Боршайкомдун басма сөз кызматкери Толгонай Стамалиева буларга токтолду:

- Бизге аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн маалыматтар боюнча, Чолпон-Ата жана Кочкор-Ата шаарларында талапкерлер тийиштүү добуш топтой албагандыктан мэр шайланбай калды. Андан тышкары Балыкчы шаарында добуш берүүгө 25 депутаттан 11и эле келген. Ал эми Токмок шаарында талапкер Садырбек Идирисов катталбай калды. Себеби, ал талапкердин иш тажрыйбасы мыйзам талап кылган “мамлекеттик же муниципиалдык кызматта беш жыл иштеш керек” деген нормага жооп бербейт экен.

Таласта нааразылык чыкты

Ал ортодо шаар башчысын шайлоо Таласта наааразылык менен коштолду. Дубандагы кабарчыбыздын билдиришинче, Талас шаардык мэриясынын имараты алдында буга чейин мэрдин милдетин аткарып келип, шайлоодо талапкерлиги көрсөтүлбөй калган Серен Шейшеновдун тарапташтары митингке чыгышты.

Чогулгандар 7-апрелден кийин мэрлик кызматка олтурган Шейшеновдун талапкерлиги бул шайлоодо жылдырылбай калгандыгына нааразы болушту. Митингге чыккан адамдар саны 150 чакты экендиги кабарланды. Талапкерлиги көрсөтүлбөй калган Серен Шейшенов өз талабын мындайча ортого салды:

- Азыркы учурда былтыркы революциянын деми менен келген жетекчилерге эч ким кол тийгизүүгө укугу жок. Аларды жаманбы, жакшыбы эл шайлады. Элден өткөн бийлик барбы? Мынакей, эл бул бийлик, эл бул мамлекет!

Жаңы мыйзамга ылайык, шаар башчылыгына талапкер көрсөтүү укугу өкмөт башчы менен жергиликтүү кеңештерге берилген. Бул жолу премьер-министр Алмазбек Атамбаев эч бир адамдын талапкерлигин көрсөткөн эмес. Натыйжада Таластан башка Балыкчы, Каракол, Кочкор-Ата өңдүү бир нече шаардын буга чейин иштеп келген мэрлеринин талапкерлиги сунушталбай калган. БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков мэрлерди шайлоодо ар кыл оюндар болоорун айтып, талапкерлиги көрсөтүлбөй калган шаар мэрлери шайлоону үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деген кооптонуусун буга чейин билдирген.

Көпчүлүк шаарларда шайлоо тынч өттү

Таластан башка шаарларда шайлоо тынч өттү, дешти аймактык шайлоо комиссиялары. Алардын бири Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бекбосун Садыков:

- Караколдо эч кандай нааразы болуп, көчөдө жүрүш жасагандар болгон жок. Ичте да, сыртта да тыптынч болду. Биз өзүбүз дагы тынч өткөрүп алганыбызга сүйүнүп жатабыз.

27-августтагы шайлоонун жыйынтыгында Сүлүктүдө Шадыбек Бакыбеков, Кызыл-Кыяда Хабийбулла Халмурзаев, Баткенде Сайдахмат Эрматов, Каракол шаарында Рыскул Калыгулов, Таласта Анарбек Кушубеков, Кара-Көлдө Ильяз Еркеев, Майлуу-Сууда Рахатбек Бакалаев, Таш-Көмүрдө Мамидалы Кулдышев, Жалал-Абадда Бакыт Адылов, Исфанада Хамза Салямов, Кара-Сууда Ахмаджан Рахимов, Ноокатта Махамадзахид Тешебаев жана Көк-Жаңгак шаарында Казимжан Сарибаев шаар башчысы болуп шайланды.

Жаркын Бапанова
Маалыматка ылайык, жаңы шайланган мэрлер жергиликтүү кеңештин регламентине жарашы жакын арада ишке киришет. Ал эми шаар башчылары аныкталбай калган төрт шаардын тагдырын премьер-министр чечип, айрым кеңештер таркатылышы мүмкүн дейт, БШК мүчөсү Жаркын Бапанова:

- Эми премьер-министр шайлоо боюнча протоколду алгандан кийин бирөөнү мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындашы мүмкүн. Анан жергиликтүү шаардык кеңеш таркатылышы ыктымал.

Жаңы шайланган мэрлердин арасында бир дагы аял жок. Мындан тышкары шайланган шаар башчыларынын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзөт. Жаңы мыйзамга ылайык, шайлоодо утуп чыккан мэрлер шаардык кеңештин мөөнөтү бүткөнгө чейин иштешет. Кеңештердин мөөнөтү 2012-жылдын октябрь айында аяктайт.

XS
SM
MD
LG