Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:47

7-канал кабарларды өзбекче бере баштайт


7-каналдын имараты, Жалал-Абад шаары.
7-каналдын имараты, Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абаддагы “Д” телекомпаниясы (7-канал) жаңылыктарды өзбек тилинде да чыгарууга камданууда.

Жакынкы күндөрү 7-канал кыргызча жаңылыктарды өзбекчеге которуп, күнүнө он мүнөттөн чыгара баштамакчы.

Телеканалдын деректири Алтынбек Жумаев азыр өзбекче алып баруучулар караштырылып, даярдыктар жасалып жатканын айтат:

- Буга көптөгөн өзбек улутундагы көрүүчүлөрдөн биздеги “Кабар” маалымат программасын өзбекче берсе жакшы болот эле деген кайрылуулар себеп болуп калды. Экинчиден, биздин канал ачылганда бир жактуу деген да сын-пикирлер айтылып жүрдү. “Улутчул” дегенге чейин барышты, мамлекеттик органдар мени тез-тез чакырышып, “Бир гана кыргыз улутун көкөлөтө бересиңер” деген дооматтар да айтылып жүргөн. Кыргызча жаңылыктарды өзбекчеге которуп берүүнүн максаты – элди бөлүү эмес, Кыргызстандагы саясий, социалдык-экономикалык абалды түз жана өз убагында жеткирүү.

Көрсөтүү АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги - ЮСАИДдин колдоосу менен чыгарылып, азырынча төрт айлык долбоор катары каралууда.

Бул саамалыкты Жалал-Абаддагы өзбектер сүйүнүү менен кабыл алууда. Сузактык Тахиржан Хайруллаев булл көрсөтүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандардын бири:

- Өзбекче көрсөтүп турса жакшы болоор эле, эки элдин ортосундагы достукка да өбөлгө болмок. Ким болсо да кабарларды өз эне тилинде угууну жакшы көрөт да.

Дагы бир өзбек тектүү жаран Рано Мамитова 7-каналда өзбекче көрсөтүүлөр кеңейтилсе деп тилейт:

- Өзбек улутундагы жана башка улуттагы элдин салттары боюнча көрсөтүүлөрдү алып барса бул аябай жакшы болот. Элдин тынчтыгы ,биримдиги үчүн кызмат кылат эле.

Ошол эле учурда аймакта телеканалдын бул демилгесин жактырбагандар да бар. Маселен, Абды Сүйөркулов атындагы коомдук уюмдун төрагасы Сарымсак Бекботоев өзбекче көрсөтүүлөргө каршы ушу тушта 7 миң кол топтоого үлгүрүптүр:

- «7- каналда өзбекче берүү чыгат экен» деген маалымат таркагандан бери ага каршы кол топтоолор Жалал-Абад шаарында, Сузактын айланасында жана башка райондордо улантылып жатат. Биз кол топтоолорду он беш миңге жеткирип, анан телеканалдын жетекчисине кайрылуу жазалы деп атабыз, өзбекче берүүлөрдү токтотуу боюнча. 2010-жылкы окуялар көрсөтпөдүбү, өзбекче телеканалдар кандай иштегенин. 7-канал кыргыз тилинде эле боло берсин, мамлекеттик тилибиз жакшы өнүкпөй атса... Менимче, кыргыз менен өзбектин ортосунда тилмечтин кереги жок. Бири-бирибизди абдан сонун түшүнөбүз. Кылымдардан бери кыз беришип, куда-сөөк болуп, жакшынакай эле сүйлөшүп, бири-бирибизди түшүнүп эле келе жатабыз.

Жалалабаддык Таалайбек аттуу жигит болсо кыскача өзбекче берүүлөргө каршы эмес:

- Өзбекче берсе, бир азыраак, беш-он пайыз көрсөтсө болот эми...

Жалал-Абад шаарында көз карандысыз 7-канал аттуу телеканалдын иштеп жатканына быйыл эки жыл болду. Эл ичинде бул каналдын артында оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын төрагасы, азыр камактагы депутат Камчыбек Ташиев турат деген да жоромолдор бар. Аталган канал өлкөнүн азыркы бийлигине дайыма сын айтып келгени менен белгилүү.
XS
SM
MD
LG