Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

"Ынтымактын" жетекчилик орду талашка түштүбү?


Оштогу жаңы түзүлгөн “Ынтымак” телерадиокомпаниясынын башчысын шайлоонун мыйзамдуулугу боюнча маселе чыгууда.

Оштогу аймактык “Ынтымак” телерадиокомпаниясынын Байкоочу кеңеши өткөн айдын этегинде ТРК жетекчилигине шайлоо өткөрүп, Данияр Садиевдин талапкерлигин колдогон. Бирок бул шайлоодон туура он күн өткөндөн кийин ага катышкан талапкерлердин бири Айгүл Батырова добуш берүүнүн мыйзамсыздыгы боюнча маселени көтөрүп чыкты.

Ал телерадио компаниянын жетекчилигин шайлоо кайрадан өтүүгө тийиш деп эсептейт:

- Шайлоого төрт талапкер катышканы менен Байкоочу кеңеш эки гана адамдын талапкерлигин карады. Калган эки адамдын талапкерлиги добушка да койулган жок. Эмнеге ушундай болгондугун Байкоочу кеңеш бизге ачык түшүндүрүп бере алган жок. Бул жетекчини тандоо боюнча жобону өтө одоно бузуу катары каралыш керек.

Анткен менен мындай кечиккен билдирүүнүн артында башка бир максат катылган болушу мүмкүн, өкмөттөгүлөр "Ынтымактын" жетекчилигине өзүнө ылайыктуу адам келишин каалап жатышы ыктымал деген да божомолдор бар.

Бирок өкмөттүн маалымат стратегиялары секторунун башчысы Эрнест Мамырканов жетекчини шайлоодо жобону бузууга негиз болгон жагдайлар болгонун айтат:

- Мен ошол шайлоо протоколдорун сурап алып, бардыгын кылдат иликтеп чыктым. Чынында эле арызда көрсөтүлгөндөй мыйзам бузуулар бар экен. Биз мына ошолордун бардыгын салыштырып, өзүбүздүн бүтүмүбүздү чыгарганбыз. Бирок эми акыркы чечимди Байкоочу кеңеш чыгарат. Биринчиден, талапкерлерди каттоодон өткөрүү боюнча протокол жок. Экинчиден, мына ушунча талапкер шайлоонун экинчи айлампасына кирүүгө укук алды деген протокол жок. Үчүнчүдөн, шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколдо Байкоочу кеңештин төрагасы менен катчысынын эле колу бар экен.

Бул арада шайланган талапкерге жаңы кызматтан өз ыктыяры менен баш тартууга мажбурлоо аракети болушу мүмкүндүгү тууралуу да сөздөр чыгууда.

Бирок өкмөттүн өкүлү Эрнест Мамырканов мындай сөздөрдү дароо четке какты:

- Бизде талапкерлигин алсын деген позиция жок, антип айтканга укугубуз дагы жок. Биз калыстык болсун деп атабыз.

"Ынтымактын" Байкоочу кеңешинин бир мүчөсү Вячeслав Гончаров болсо эгер мындай маселе чыкса, Байкоочу кеңеш өз тандоосун коргоп калууга мажбур болоорун айтат:

- Эгерде биз тандаган Данияр Садиев кызматтан чегинүүгө бара турганын айтып, арызга кол коё турган болсо, эгерде аны буга мажбурлап жатышканы боюнча расмий билдирүү чыкса, анда буга байланыштуу Байкоочу кеңештин кезексиз жыйыны чакырылат. Эгерде чындыгында эле ошондой боло турган болсо, анда буга карата Байкоочу кеңештин жообу катуу болуш керек деп эсептейм. Анткени биздин өлкөдө андайга жол берилбеши керек.

«Ынтымактын» башкы директорлугуна жалпысынан беш адам: Каарманбек Кулуев, Нурлан Адаев, Айгүл Батырова, Дилмурод Умаров жана Данияр Садиев талапкерлигин көрсөткөнү айтылууда. Буга чейин телекомпаниянын башкы директорунун милдетин аткарып келген Каарманбек Кулуевдин талапкерлигин Байкоочу кеңеш 27-июлдагы шайлоодо колдобой койгон.

Бул шайлоодо талапкерлиги Байкоочу кеңештин бардык - 7 мүчөсүнүн колдоосун тапкан 37 жаштагы Данияр Садиев буга чейин Баткендеги журналисттерди колдоо боюнча ресурстук борбордун жетекчиси, КТРК Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон. "Ынтымак" ТРКсы уюшулгандан бери анын техникалык директору.

“Ынтымак” телерадиокмопаниясы “Internews-Кыргызстан” уюму менен Кыргызстандын өкмөтүнүн биргелешкен долбоорунун алкагында өткөн жылы ноябрь айында түптөлгөн. Коомдук макамдагы аймактык телерадиокомпания этностор аралык ынтымакты чыңдоого багытталган. Телекомпаниянын жетекчисин байкоочу кеңеш тандап, өкмөт бекитиши керек экен. ТРКнын байкоочу кеңеши жети мүчөдөн туруп, Ош шаарындагы журналистика, маданият чөйрөсүндөгү таасирдүү адамдардан куралган.

Учурда аталган Байкоочу кеңеш шайлоо эрежелеринин мыйзамдуулугуна укуктук баа берүү үчүн Кыргызстандын Медиа өкүлчүлүгүнө кайрылды. Медиа өкүл маселенин укуктук жагын карап туруп, бир жуманын ичинде жооп берүүгө тийиш.

“Ынтымак” аймактык телерадиосунун жобосу боюнча ага коомдук макам ыйгарылган. Өкмөт менен Internews эл аралык уюму мында өнөктөш болгону менен алар компаниянын ички ишине же башкарууга аралашууга акысы жок.

Internews network уюмунун программалык директору Аделя Лаишева бул боюнча мындай пикирде:

- Коомдук телеберүү деген, ага көзөмөлдүк кыла турган Байкоочу кеңеш деген түшүнүк бар. Анан биз кантип анын ишине кийлигише алмак элек. Бардык маселени мына ошол кеңеш жөнгө салууга тийиш. Адатта бизде директордун милдетин аткарып келген адам жетекчи болуп бекип калат эмес беле. Менимче, Байкоочу кеңеш башка адамды жетекчи катары тандап алгандыктан улам, мына ушундай кызыкчылыктардын кагылышы чыгышы мүмкүн деп ойлоп жатам.

Талдоочулар эгерде телерадиокомпаниянын жетекчилигинин айланасындагы чыр-чатак өз учурунда жөнгө салынбаса, анда аталган долбоордун мындан аркы келечеги боюнча маселе келип чыгаарын белгилешүүдө. Мына ошондуктан шайлоонун өтүшүнүн мыйзамдуулугу боюнча маселеге үчүнчү тараптын калыс кийлигишүүсү зарылдыгы сунушталууда.


"Азаттык+" телетобу өткөн айда Ошко жасаган сапары учурунда "Ынтымак" ТРКсына да баш бага келген эле.

"Азаттык+" айылчылап келди (3-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:38 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG