Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

"Аравандан көрсөтөбүз"


"Араван" телекомпаниясынын жаңылыктар берүүсү.
"Араван" телекомпаниясынын жаңылыктар берүүсү.

Оштун Араван районунда көз карандысыз телеканал иштей баштаганына бир жылдан ашты. "Араван" телерадиокомпаниясы деген аталышта иш жүргүзүп келе жаткан бул медиа мекеме азырынча Кыргызстандын райондорунда өз жыштыгына ээ алгачкы телеканал.

Телеканал күн сайын эртең менен саат сегизде ободогу ишин баштайт. Бир микрофон, бир видеокамера жана бир монтаж столу менен бул жерде иштеген алты адам райондо болуп жаткан маалыматтарды жашоочуларга жеткирип турат. Телеканал 2012-жылдын февраль айынан тарта обого чыга баштаган.

Самара Токтакунова бул каналдагы жападан жалгыз журналист. Жаш кезинен журналистикага кызыгып жүргөн айым бул телеканал ачылгандан соң мугалимдик кесибин таштап, кабарчы болууга аттанган:

- Азырынча өтө кыйынчылык деле болгон жок. Бири-бирибизди түшүнүп эле иштеп жатабыз. Келечекте жаңылыктардан сырткары, жакшы көрсөтүүлөрдү тартсак деген планыбыз бар.

"Кыргызтелекомдун" имаратынан эки эски бөлмөнү ижарага алган телеканал Аравандагы сегиз айыл округдун жетөөнө толук көрсөтөт. Керме-Тоо айыл округунун тегерегинде тоолор көп болгондуктан, ал жердеги жашоочулардын 20 пайызы гана көрө алат. Андан сырткары Өзбекстандын Анжиян, Наманган облустарындагы айрым аймактардан да көрүүгө болот. Берүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде обого чыгат.

Медиамекеменин ички жасалгасы да жупуну: үч даана эски стол жана жыгач отургучтар. Эки компьютер, эки телевизор жана бир үн жазгыч микрофон менен иштешет. Кире бериштеги кичинекей бөлмөнү студия кылуу үчүн ремонттоп жаткандыктан, азыр баары бир бөлмөдө отурушат. Ортодогу жыгач шкаф репортаждар жазылган дисктерди жана видеокамераны сактоочу каражат катары пайдаланылат экен.

Мекеменин коммерциялык директору Зафар Маматохуновдун айтымында, күн сайын 15 мүнөттүк жаңылыктар обого чыгат. Ошол эле берүү жазуу иретинде күн бою төрт жолу кайталанат:

- Райондун элинин жашоосунан алынган жаңылыктарды даярдайбыз. Ошондой эле райондук администрацияда болуп жаткан иш-чараларды көрсөтөбүз. Районго келген коноктор жөнүндө айтабыз. Бардык жаңылыкты бергенге колдон келишинче аракет кылабыз.

Кээде борбордук телеканалдар жаңылык таппай, кыйналып калган учурларын эсепке ала турган болсок, элеттеги бул канал үчүн күнүгө жаңылык издеп табуу түйшүк болсо керек? - деген сурообузга Зафар мырза мындайча жооп берди:

- Айыл жергесинде деле сөзсүз бир окуя болуп турат. Күн сайын үч сюжетти эптеп табабыз.

Араван телеканалы жеке ишкер Бегалы Такабаевге таандык. Күнүгө 41-ДМВ каналы аркылуу 16 саат обого чыгып, анын негизги бөлүгү көркөм тасма жана клиптер менен толтурулат. Обого чыгуу үчүн ортомчусуз эле каналдын жеке менчик телемунарасынан берүүлөрдү трансляция кылышат. Ошондуктан көп чыгымга деле дуушар болушпайт экен. Коммерциялык багыттагы куттуктоо берүүлөрү жана жарнамадан түшкөн каражат азырынча иштеп жаткан алты адамдын айлык маянасына жетип турганын айтышты.

Аравандык активдүү жаштардын бири Икбол Исаковдун айтымында, райондук телеканал башка медиа-мекемелерден айырмаланып, кай бир топ же кай бир кишинин кызыкчылыгын көздөгөн берүүлөрдү даярдабайт. Буга чейин негизинен Өзбекстандын телеканалдарын көрүп келген жергиликтүү калктын көбү азыр райондук каналга ыктай баштаганы байкалат:

- Эсептеп көрсөм, бизде Өзбекстандын 11 телеканалы көрсөтөт экен. Кыргызстандын КТР жана ЭлТР каналдарын эле көрөбүз. Интернеттен маалымат алуу Аравандын аймагында өнүгө элек. Ошондуктан бул телеканалдын иштей баштаганы аябай жакшы болду. Адамдар өзүнүн аймагында болуп жаткан окуяларды кызыгып көрөт экен…

Икбол Исаков белгилегендей, Араван телеканалында даярдалган баяндар журналистиканын талаптарына толук жооп берет деп айтуу кыйын, бирок алгачкы чыккан кезге караганда азыр өсүү байкалат.

Учурда "Араван" телеканалы санариптик берүүгө өтүүгө камданып жатыптыр. Мекеме телерадиоканал болуп түзүлгөндүктөн, келерки жылдан тарта радиосун да обого алып чыгууга даярдыктар жүрүүдө.
XS
SM
MD
LG