Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Четте иштегендер кесиптик кошуун түзөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында Орусияда, Казакстанда иштеп жүргөн мигранттардын кесиптик кошуунун түзүү демилгеси талкууланып жатат.

Демилгечилер Кесиптик кошуун мигранттарга укуктук жактан жардам алууга шарт түзүп, жаңы уюм орусиялык “Новопроф” кесиптик кошууну менен өнөктөш иш алып бара турганын айтып жатышат.

Жалал-Абад облусунун тургуну Нурлан Тургунбаев бир нече жыл Орусияда иштеп келген. Курулушта иштеп жүрүп, бутун кокустатып алган. Бирок тиешелүү деңгээлде эмгек келишими жоктугунан улам тийиштүү жардам же кенемте алган эмес:

Нурлан Тургунбаев.
Нурлан Тургунбаев.

- Мен Орусияда жумушка кирип жатканда жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзгөнмүн. Бирок биз мигранттар келишимдеги көп пункттарга көңүл бурбай эле кол коюп коёт экенбиз. Мисалы, эмгек келишиминде “жатакана берилет” деген менен ал вагонетка сыяктуу деле жатакана болушу мүмкүн. Мен түзгөн келишимде “ооруп калса төлөнүп берилет” деп жазылганы менен, мен жумуш учурунда бутумду сындырып алганда эч нерсе төлөп берген жок. Анткени келишимде ал көрсөтүлгөн эмес экен. Айла жок, өз акчама дарыланууга туура келди. Бутум жакшы болору менен Кыргызстанга келе бердим. Москвада курулушта иштеп жатканда да биздин айлык акыбызды түрдүү шылтоолор менен кесе беришчү. Ага ыза болгонубуз менен кимге кайрылаарыбызды билчү эмеспиз.

Нурлан Тургунбаев эми мигранттардын кесиптик кошууну түзүлсө, чет жактарда иштеп жүргөн кыргызстандыктар өз укуктарын коргоп алуусуна жакшы шарт түзүлөт деген ишенимин да жашырбады.

Мурда мигрант болуп жүргөн Шаирбек Абдуллаевдин балдары жана жакындары Орусияда иштешет, арасында укугун билбегени үчүн депортация болуп кайтып келгендери да бар:

Шаирбек Абдуллаев.
Шаирбек Абдуллаев.

- Мигранттардын кесиптик кошуунун түзүү демилгеси колдоого аларлык. Мындай уюмду мурда эле түзүш керек эле. Анткени биздин балдар укуктарын билбейт, билсе да аны коргоп берүүсүн өтүнүп кимге кайрылууну билбей кыйналып жүрүшөт. Эми кесиптик кошуун түзүлсө, биз кантип укугубузду коргоону билип калат элек.

Мигранттардын кесиптик кошуунун түзүү демилгесин көтөргөн баткендик укук коргоочу Гүлнара Дербишева буларды айтты:

- Мигранттын укугун бир жагынан жумуш берүүчү бузса, экинчи жагынан документ текшерген полиция кызматкерлери, үчүнчү жагынан аларга жасалма документ жасап берип койгон шылуундар бузуп жатат. Башына түйшүк түшкөн мигрант кимге барып арызданарын билбейт. Эми кесиптик кошуун түзүлсө, алар өз укуктарын коргой алышат.

Мигранттардын кесиптик кошуунун түзүү демилгеси Кыргызстандын түштүк аймагында көтөрүлүп жатат. Долбоор Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында мигранттардын катышуусунда талкууланды. Азырынча мигранттардын кесиптик кошуунуна мүчө болгон жарандар айына 50 сомдон мүчөлүк акы төлөшөт.

Гүлнара Дербишеванын айтымында, бул каражат алгач кесиптик кошуундун ишин жылдырууга жумшалса, андан кийинки кадамда мигранттардын эмгек укугун коргоодогу кызыкчылыктарга жумшалат.

Гүлнара Дербишева.
Гүлнара Дербишева.

- Бул уюмга мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү кошула алышат. Биз учурда жогорку класстардын бүтүрүүчүлөрүн да уюмга тартып жатабыз. Себеби аларга чет жакта кантип жүрүү боюнча кеп-кеңеш керек. Азырынча кесиптик кошуунга кошулгандар 50 сомдон мүчөлүк акы төлөшөт. Биздин юристтер кесиптик кошуундун мүчөлөрүнө акысыз юридикалык кеңеш беришет. Ал эми Орусиядагы өнөктөшүбүз “Новопроф” кесиптик кошууну ал жактагы мигранттарга иш берүүчүлөр, мамлекеттик ишканалар менен келишим түзүүдө акысыз кызмат көрсөтөт.

Бул демилгени эмгек мигранттары жапырт колдогон маанай байкала элек. Атүгүл айрым байкоочулар кесиптик кошуундун ишмердигинин, анын ичинде мүчөлүк акыларды чогултуу жана аны коротуунун механизмдери так иштелип чыкпаса пикир келишпестиктер жаралышы ыктымалдыгын белгилеп жатышат.

Расмий маалыматтар боюнча учурда 600 миңден ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде иштеп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарга таянсак алардын саны бул көрсөткүчтөн эселеп көп.

Союз урагандан кийин соода сатык кылып же башка иш издеп, чет өлкөлөргө чыгып кеткен кыргызстандык мигранттардын укугун коргоо, алар тапкан акчаны натыйжалуу пайдалануу боюнча түрдүү демилгелер көтөрүлүп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG