Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Айдаркенде араздашуу от алып кете жаздады


Айдаркен шаарчасы, 30-январь, 2012.
Айдаркен шаарчасы, 30-январь, 2012.

Баткен облусунун Айдаркен шаарчасында өткөн аптанын аягында улут аралык жаңжал чыгып кете жаздады.

Ага шаарчадагы бир банкта кассир болуп иштеген келиндин банкты тономокчу болуп кирген адамдын колунан ажал табышы себеп болгон. Натыйжада бул кылмышка шектүү деп кармалган тажик тектүү жарандын жакындары шаарчадан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.


Эки элдин ортосуна бүлүк салган кылмыш


26-январда РСК банктын Айдаркендеги бөлүмүнө кол салынып, анда кассир болуп иштеген Камила Абдыкаарова аттуу келин банкты тоногону кирген адамдын колунан мерт болгон. Анын эртеси күнү эле бул кылмышка шектүү делген адам кармалганы кабарланып, ал жергиликтүү тажик тектүү жаран – Жонибек Махмадов экени белгилүү болот. Ошентип өлтүрүлгөн келиндин кыргыз, кылмышка шектүү деп кармалган адамдын улуту тажик болушу бу шаарчадагы эки элдин ортосуна жарака салгандай болду.

Маркум Камиланы жерге берүү зыйнаты бүткөн соң анын жакындарынан турган 200 чакты адам топтолуп, шаарчадагы тажик тектүү жарандар жашаган конушка бет алат. Алар Камиланын өлүмүнө шектүү деп кармалган адамдын туугандарын - төрт үй-бүлөнү шаарчадан чыгып кетсин деген талап коюшат. Бактыга жараша убагында жетип барган милиция абалды курчутпай жөнгөрүп калганга жетишет.

Бирок ага карабай жанагы төрт үй-бүлө Айдаркенден чыгып кетет. Кай жакка орун которгону, биротолобу, же убактынча кеттиби, азырынча белгисиз.

Канткен менен чогулган кыргыз жаштары тажик тектүү жердештерин улут аралык касчылыкты курчутууда, мыкаачылык менен киши өмүрүн кыйды деп айыпташат. Жергиликтүү тургундардын бири Толгонай болсо бул окуя үчүн тажик жердештеринин баарын күнөөлөө туура эмес дегени менен жаштардын койгон талабында жөн бар деп эсептейт:

- Эми баарын чыгып кетсин дегени туура эмес. Антип айткан деле эч ким жок. Бирок мыйзамга баш ийбей, милицияны көзгө илбей, жанагындай мыкаачылыкка барып атса тартипке чакырып коёлу деп жатышат да...


Кооптонуу дале сакталууда


Кыргыз жердештеринин минтип чогулуусунан соң мурда чыгып кеткен төрт үй-бүлөдөн сырткары дагы чочулаган бирин-экин тажик тектүү жарандар да Айдаркенден чыгып кеткени айтылууда. Бирок азырынча канча киши экенин так айтуу кыйын.

Азыр аймакта милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, кошумча күчтөр да тартылган. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Раззаков учурда абал көзөмөлдө экенин, эки тарапка тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтат.

Аймакта кырдаал тынч делгени менен абал мурдагыдай эместей. Калк арасында дагы чоң жанжал чыгып кетпесе экен деп кооптонгондор да жок эмес.

Жергиликтүү тажик улутунун өкүлү Мирзобек Сайитжанов да азыркы абалга бир аз кооптонуп турганын жашырган жок:

- Кылмышка шектүү киши кармалды. Ага эч ким тоскоол болгон жок. Эми ал айыбы далилденсе мыйзам негизинде жоопко тартылат да. Ага эч ким каршылык көрсөткөн жок. Биз баарыбыз ушул жерде жашайбыз. Баарыбызга бирдей жоопкерчилик бар. Минтип бир улутту күнөөлөгөн туура эмес деп ойлойм. Мыйзам менен тартип орнобосо абал кооптуу боло берет.

Айдаркен шаарчасында 10 миңдей калк жашайт. Анын 45 пайызын тажик тектүү жарандар түзөт. Шаарчада эки элдин ортосунда буга чейин деле майда-барат чырлашуулар, жаштар арасында мушташтар боло келген. Бирок бул жолу абал кыйла оорлошуп кеткендей...

XS
SM
MD
LG