Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Операторлор тирешинен бирдик кымбаттады


Иллюстрация
Иллюстрация

О уюлдук операторунун бирдик толтуруу үчүн төлөмдү кымбаттатканы нааразылык жаратты.

1-январдан баштап аталган мобилдик операторунун абоненттерине бирдик жүктөөдөгү комиссия 5 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн. Мындай эки эсе кымбаттоо О уюлдук компаниясы төлөм системасынын операторлорунун демилгеси экенин билдирип чыкты. Ал эми Төлөм системасындагы операторлор ассоциациясы башка жүйөнү келтирүүдө.

Кымбаттоого нааразы болгон О уюлдук операторунун абоненттери социалдык тармактарда уюлдук компаниянын кызматынан баш тартууга чакырган акциясын жүргүзүүдө. Алар “Калк чөнтөгүн какканды токтоткула” деген жазуулар менен нааразычылыктарын билдиришүүдө:

Алсак, Замир Ажыкулов аттуу жаран Баягы "алло" дегенде 60 тыйын ыргыган заман кайталанчудай болуп калды өңдөнөт десе,

Майрам Мукановна аттуу колдонуучу О компаниясынын 10 сом алганы өтө көп. Сураныч, сөзсүз эле бунт кылыштын кереги жок го дейм. Өзүңөрдүн чөнтөгүңөрдү гана эмес, элди да ойлогула, - деп жазган

Кардар капчыгын каккан операторлор

Кардар капчыгын каккан операторлор

Кыргызстандагы уюлдук операторлорго соңку кезде ашыкча акча алып коюп жатат деп нааразы болгондор көбөйдү.

Анткен менен бирдик жүктөөдөгү комиссиянын кескин кымбатташына О мобилдик оператору тиешеси жоктугун ырастайт. 1-январдан тарта баланс толуктоодогу комиссиянын кымбатташы төлөм системасындагы операторлордун демилгеси болгонун айтты аталган мобилдик операторуна ээлик кылган “Нуртелеком” компаниясынын адиси Айжан Мусалиева:

- Биздин абоненттерибиздин мындай кырдаалга кабылганы О мобилдик операторун өкүндүрөт. 2017-жылдын 1-январынан баштап бирдик толуктоодогу комиссиянын өзгөрүшү төлөм системасынын операторлорунун өз алдынча демилгеси. Бул кыймылдарга эч кандай финансылык негиздер жок. О мобилдик оператору тарабынан, төлөм системасынын операторлоруна карата, агенттик акы төлөмүнө өзгөрүү киргизилген жок. Комиссиянын эки эсе негизсиз жогорулашын туура эмес деп эсептейбиз жана бул суроону чечүү үчүн активдүү иш жүргүзүп жатабыз.

“Нуртелеком” компаниясы айтып жаткан төлөм системасындагы операторлор ассоциациясынын жетекчиси Руслан Алишев бирдик толтуруу эмнеге кымбаттаганын мындайча түшүндүрдү:

- Төлөм системасындагы операторлорго О мобилдик компаниясы акча төлөп берүүнүн тарифин азайтуу сунушун киргизген. Мындай учурда төлөм системасындагы операторлорго киреше түшпөй калмак. Азыр кайрадан сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ал ортодо өкмөткө караштуу Монополияны жөнгө салуу агенттиги төлөм системасындагы операторлор жана мобилдик компаниялар менен жолугушуу өткөрүп, бул маселе чечилерин маалымдады:

- “Нуртелеком” компаниясы төлөм системасындагы операторлоруна жаңы шарт коюптур. Ал шарттарга берки компаниялар каршы чыгып, ортодогу пикир келишпестиктен улам ушундай маселе жаралыптыр. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин маселе оң жагына чечилди.

Монополияны жөнгө салуу агенттиги 6-январда өткөргөн жыйында бирдик жүктөөдөгү төлөм акынын көтөрүлүшүнө байланыштуу абал талкууланып, жыйынтыгында эки тарап баланс толтуруу акысын мурдагы өлчөмдө калтырууга макул болушкан.

Акчаны ким кайтарат?

Айтор, компаниялардын пикир келишпестиги беш күндөн бери жөнөкөй кардардын капчыгын жакшы эле эңшерди. Аталган уюлдук оператордун абоненти Нуразиз Шайырбек бул жагдайга нааразы болууда:

- 1-январдан баштап терминал, күркөлөрдөн болобу, кызмат акысына он сом ала баштады. Бул оператордун кардарлары негизинен жаштар. Анан алар бат-баттан салып турушат. Ар бир салганда эле 10 сомдон ала бергени ашыкча чыгым. Кымбаттоонун себебин эч ким түшүндүргөн жок. Эми кайра калыбына келет деген кабар чыкты. Эки фирма тил табыша албаса бизге күч келеби? Беш күндөн берки ашыкча акчаны кайрып берет бекен? Балким алар сүйлөшүп алып эле ушундай кылып жатышкандыр?

Өлкөдө бирдик салуучу ортомчу фирмалар менен уюлдук операторлордун келишим шарттары өзгөргөн учурда кардар үчүн кызмат акы кымбаттаган алгачкы окуя эмес. Бул жааттагы эксперттер уюлдук операторлор арасында күчтүү атаандаштыктын жоктугунан улам ушундай көрүнүштөр орун алаарын айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG